Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

Президент Жапаров Кыргызстан тышкы саясатта тең салмактуулукту карманарын билдирди


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Октябрь, 2022-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Октябрь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров дүйнөдө коопсуздукка жаңы коркунучтар, чакырыктар пайда болгонун, эл аралык институттардын жана эл аралык укуктун ролунун алсызданганы байкалганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын бүгүн, 24-октябрда дипломатия тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаган билдирүүсүндө айтылат.

Анда Жапаров азыркы татаал геосаясий кырдаал эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарга олуттуу таасирин тийгизип жаткан учурда Кыргызстан дайымкыдай көз карандысыз, ырааттуу жана тең салмактуу тышкы саясатты карманарын билдирди.

Президент дүйнөлүк аренада улуттук кызыкчылыктарды коргоого күч-аракетин багыттуу жумшоосундагы негизги роль - дипломатиялык кызмат органдарына жүктөлгөнүн белгиледи.

"Дипломаттардын аракети менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга жагымдуу шарттар түзүлүп жатат. Улуттук кызыкчылыктарды татыктуу жактап, өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого зор салым кошуп, Кыргызстандын эл аралык демилгелерин илгерилетип, чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин укуктары менен кызыкчылыктары үчүн талыкпай эмгектенип келесиздер", - деди Садыр Жапаров.

24-октябрь Кыргызстанда дипломатия кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG