Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Борис Жонсон премьер-министрликке ат салышпай турганын билдирди


Борис Жонсон
Борис Жонсон

Британиянын мурунку премьер-министри Борис Жонсон өкмөт башчылыкка кайрадан ат салышпай турганын билдирди. Бул тууралуу ал жекшембиде кечинде маалымдагандай, "100 добуш чогултуп, атаандаштыкта жеңип чыгарына көзү жетсе да, бирок Консерваторлор партиясындагы өзүн колдогон жана каршы турган мүчөлөрүн бириктире албасын түшүнгөн соң, ат салышпоону чечкен".

Айрым байкоочулар эми британ өкмөтүнүн башына бир гана талапкер - мурдагы каржы министри Риши Сунак болушу ыктымал экенин айтышууда. Жекшембиде ал өзүнүн талапкерлигин расмий жарыялады.

Мыйзам боюнча депутаттардын 100дөн көбү колдогон талапкер шайлоого катыша алат. Жалпы палатада 357 депутат бар. Би-Би-Си маалымдагандай, жекшембинин кечинде Сунак 140 депутаттын макулдугун алганы белгилүү болгон. Басылма Жонсон болсо 57 добуш алганын жазды.

Буга чейин премьер-министрликке ат салышарын расмий билдирген Жамааттар палатасынын лидери Пенни Мордонт 23 депутаттын добушуна ээ болгон.

Борис Жонсон быйыл жайда өз партиясындагы кесиптештеринин көпчүлүк бөлүгүнүн колдоосун жоготуп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийинки жарышта Риши Сунак менен Лиз Трасс эң негизги атаандаш болуп, Трасс утуп чыккан.

20-октябрда Лиз Трасс Улуу Британиянын премьер-министри кызматынан кеткенин жарыялады. Аны бул кызматка 6-сентябрда ошол учурдагы британ ханышасы Елизавета II дайындаган. Өкмөт башчылыктан 45 күндөн кийин бошогон Трасс өлкө тарыхында эң аз иштеген премьер болуп калды.

XS
SM
MD
LG