Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

HRW: Каракалпакстандагы калабада күч колдонулган


Өзбекстандын күч түзүмдөрү жолду кайтарууда. Нукус, Каракалпакстан, 6 июль 2022 жыл.
Өзбекстандын күч түзүмдөрү жолду кайтарууда. Нукус, Каракалпакстан, 6 июль 2022 жыл.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму расмий Ташкентти быйыл жайында Каракалпакстандагы демонстрацияларды таратууда "өлтүрүүчү каражаттарды негизсиз жана ашыкча колдонгону" үчүн айыптады.

Уюм 7-ноябрда жарыялаган баяндамада Өзбекстандын күч түзүмдөрү быйыл 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында митингчилерди таратууда өлүмгө дуушар кылган куралдарды жана башка ашыкча чараларды негизсиз колдонгону айтылат.

Белгилей кетсек, Каракалпакстанда демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышканда 21 адам, анын ичинде төрт тартип коргоо кызматкери каза болгон. 270тен ашуун адам жараат алган.

"Өзбекстан бул окуялар боюнча, анын ичинде коопсуздук күчтөрүнүн аракеттерине байланыштуу көз карандысыз иликтөө жүргүзүшү керек", - деп айтылат эл аралык уюмдун баяндамасында.

Докладдын авторлору расмий Ташкент демонстранттарга каршы гранаталардын колдонулушу тез арада тыкыр иликтениши керектигин баса белгилешет.

"Июльда Каракалпакстанда көптөгөн адамдар өлдү, жүздөгөн адамдар жарадар болду, алардын абалы учурда өтө оор", - деди Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Human Rights Watch уюмунун баяндамачылары атайын комиссиянын курамына кирген 14 адамдын арасында аткаминерлер, депутаттар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана эксперттер бар экенин, деген менен бул комиссия өз корутундусун али жарыялай электигин эскертишет.

Уюм 1-июлдан 1-августка чейин социалдык тармактарга жарыяланган 55 видео жана 30 сүрөттү талдап чыккан.

"Көз карандысыз медициналык анализдин негизинде жарылуучу заттан улам оор жараат алган, балким өлтүрүлгөн жети учур аныкталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Нукус шаарынан 65 чакырым алыстыкта жайгашкан Канлыкөл шаарында жана Нукустун борборундагы каракалпак акыны Бердактын айкелинин жанында дагы эки окуя болгону тастыкталды. Бул окуялар учурунда коопсуздук күчтөрү демонстранттарды таратуу үчүн үн чыгаруучу гранаталарды одоно колдонушканы айтылат.

Эл аралык уюмдун баяндамасына расмий Ташкент комментарий бере элек.

Эске салсак, буга чейин Өзбекстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү күч органдары Каракалпакстанда демонстранттарга каршы негизсиз күч жана аскердик курал колдонгону тууралуу маалыматты четке кагышкан.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев күч түзүмдөрүнүн аракеттерин иликтеп, демонстранттарга каршы мыйзамсыз аракеттерди жасагандарды жазалоого убада берген.

"Күч түзүмдөрүнүн аракеттери кылдат иликтениши керек. Эгерде алар мыйзамсыз күч колдонсо, мыйзамдарга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылышы зарыл", — деп билдирет Мирзиёевдин басма сөз кызматы.

Бирок, ушул күнгө чейин Каракалпакстанда жоопко тартылган бир дагы күч кызматкери катталган эмес.

1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн.

Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду. Бийлик нааразылык акцияларын күч менен басып, кошумча аскерлер киргизилген.

Көп өтпөй өзбек бийлиги Нукустагы демонстранттарга каршы курал-жарак колдонулганы тууралуу маалыматты четке каккан.

Ал арада Өзбекстандын АКШдагы элчиси Жавлон Вахабов Нукустагы нааразылык акциясы алгач “тынчтык митинги” катары башталганын моюнга алып, АКШ Конгрессине атайын баяндама берилерин билдирген.

Орусия жана Кытай Каракалпакстандагы окуя боюнча өзбек өкмөтүнүн расмий позициясын колдойт. Ал эми АКШ Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдорун билдирген.

Макаланы өзбек тилинде бул жерден окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG