Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:18

“Каракалпакстан окуясы Мирзиёевдин аброюна так салат”


Франциско Олмос
Франциско Олмос

1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукустагы тополоңдо 18 адам мерт кеткени, 243 киши жараат алганы кабарланды. Башаламандыкка байланыштуу 516 киши кармалды.

Каракалпакстандыктарды нааразы кылган жаңы конституциялык өзгөртүүлөр, Өзбекстандагы саясий кырдаал боюнча Борбор Азия боюнча эксперт, Лондондогу Тышкы саясат борборунун изилдөөчүсү Франциско Олмос бөлүштү.

- Каракалпакстандагы нааразылык эксперттер үчүн канчалык күтүлгөн же күтүүсүз окуя болду?

- Каракалпакстанда мындай чоң нааразылык акциялары мурда-кийин болуп көргөн эмес деп ойлойм. Көпчүлүк үчүн бул күтүлбөгөн окуя болду. Анын үстүнө тез өнүгүп кетти. Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилери, жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу сөздөр алынып салары маалым болору менен чыңалуу күчөп отуруп, өткөн жума күнү, 1-июлда жумурияттын борбору Нукуста болжолу менен миңдеген кишинин көчөлөргө чыкканына күбө болдук. Ошондо кырдаал канчалык олуттуу экенине көзүбүз жетти. Билишимче, буга чейин каракалпактар өздөрүнүн нарк-насилин баса белгилеп, кандайдыр бир улутчул маанайдагы акцияларга чыккан эмес. Андай маанайдын бар-жогун, канчалык күчтүү экенин аңдап-түшүнүү да мүмкүн эмес, себеби эч кандай сурамжылоолор же башка изилдөөлөр жөнүндө билбейбиз. Андыктан, ооба, азыркы окуялар күтүлбөгөн эле көрүнүш болду.

- Демек, Ташкент сөз болгон конституциялык алымча-кошумчаларды сунуш кыларда Каракалпакстандагы маанайдан беймаалым болчу деп айтууга негиз барбы?

- Бир жагынан өзбек бийлиги ал жактагы кырдаалга баа берүүдө олуттуу каталарды кетирген деп ойлойм. Ошол толуктоо-түзөтүүлөрдү иш жүзүндө ким сунуш кылган деген суроо ачык бойдон калууда. Президент Шавкат Мирзиёев өткөн дем алышта Каракалпакстанга барганда мыйзам чыгаруучуларга кайрылып, эмне себептен эл андай өзгөртүүнү каалабайт деп алдын ала эскерткен жоксуңар деп айтпадыбы. Ошол демилгени көтөргөндөр анын арты ушундай реакция жаратарын чындап эле сезген эмеспи? Экинчиден, Каракалпакстанга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизбесе деле болот эле, менимче, анын зарылчылыгы жок болчу. Эмнеге дегенде кагаз жүзүндө Каракалпакстан - суверендүү, Өзбекстандан бөлүнүп кетүүгө укугу бар жумурият. Бирок иш жүзүндө Ташкент андайга эч качан жол бербейт болчу. Баш мыйзамдагы беренелерди өзгөртүүнүн эч кандай пайдасы жок болчу, бирок аны сунуш кылуу менен бүгүнкүдөй абалдын түзүлүшүнө алып келишти.

- Өзбекстандын парламенти Каракалпакстандын статусуна тиешелүү беренелер өзгөртүүсүз калат деп добуш берди. Эми толкундоолор токтоп, эл тынчыйт деп айтса болобу? Же элдин нааразылыгын билдирип чыгышынын башка да себептери барбы?

- Нааразылык акцияларынын тутанышына Конституцияга сунуш кылынган түзөтүүлөр түрткү бергени айдан ачык. Бирок Каракалпакстан экономикалык жактан алганда Өзбекстандын башка жерлерине караганда каралбай калгандай. Жумушсуздук жогору, жергиликтүү тургундар иш издеп, өлкөнүн башка райондоруна, чет жактарга кетип жатат. Азыркы нааразылыктын толкуну менен көбүрөөк социалдык-экономикалык талаптар күчөшү мүмкүн. Биз чыныгы кырдаалды так билбейбиз, спекуляциядай угулушу мүмкүн. Азыр абал жөнгө салынгандай көрүнөт. Бирок менин пикиримде, жаңы толкундоолордун ыктымалдыгы кала берүүдө.

- Айрым байкоочулар Каракалпакстанды "Мирзиёевдин Анжияны" деп аташууда. Башкалары Каримовдон айрымаланып, президент дароо жерине барганын, Башкы прокуратуранын курмандыктардын санын чыгарганын белгилешет. Сиз кандай ойдосуз?

- Менимче, Каракалпакстанды "Мирзиёевдин Анжияны" деп атоо бир аз аша чапкандык болот. Албетте, президенттин аброюна, өзгөчө чет өлкөлөрдөгү беделине так калтырчу окуя болуп калды. Бирок кризисти чечүү үчүн өзүңүз айткандай Нукуска барып кетти. 18 кишинин каза тапканы тууралуу маалымат жарык көрдү. Иш жүзүндө эмне болгонун биз так билбейбиз, бул жагынан этият болушубуз керек деп кайталайм. Балким, расмий сандар жогорулайт. Кандай болгон күндө да кан төгүүнүн масштабы Анжияндагы трагедиядай эмес. Мындай параллелдүү талдоо жүргүзүү туура эмес деп ойлойм. Президент дароо реакция кылып, кырдаалды жөнгө салуу үмүтүндө өзгөртүүлөрдөн баш тартты. Бул албетте Каримовдон жана Анжияндагы окуялардан катуу айырмаланат. Бирок эмне болуп атканы жаап-жашырылууда, толук ачыктык жок. Баш мыйзамды толуктоо менен Мирзиёев бийлик мөөнөтүн узартууну көздөгөнү түшүнүктүү. Режимдин авторитардык табияты айдан ачык. Бирок анын реакциясы Каримовдон жана Анжиян окуяларынан өзгөчөлөнөт.

- Казакстандын президенти Токаев Мирзиёевге телефон чалып, колдоосун билдирди. Январь окуяларында казак лидери тышкы күчтөр тууралуу айткан эле. Өзбек мамлекет башчысы да кайсы бир күчтөр кырдаалды курчутуп жатат деп билдирди. Бул көнүмүш бир адатка айланган жокпу?

- Авторитардык режимдердин ушундай бир өнөкөтү бар. Кайсы бир маселе чыкса, күнөөнү башкаларга оодара калышат. Сырткы күчтөрдү айыптоо эң оңой жолго айлангандай. Байкасаңар, ким экенин, кайсы өлкө экенин эч качан такташпайт. Эсиңиздерде болсо, Токаев Январь окуяларында 20 миңдей чет өлкөлүк террорист жүрөт деп айтканы бар. Бирок ага бир да далил келтирилген эмес. Каракалпакстандагы окуяларды өзбек бийлиги да үчүнчү күчтөрдүн чагымчыл аракети деп сыпаттады. Себеби ката кетирдик, ишибизде кемчилик бар дегенди моюнуна алуунун ордуна күнөөнү башка бирөөгө оодаруу алда канча оңой. Мындай аргумент далилдер келтирилмейинче абдан чабал экени түшүнүктүү.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG