Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Каракалпакстан: камактагыларды бошоткон "талап"


Өзбекстандын акыйкатчысы тараткан сүрөт.
Өзбекстандын акыйкатчысы тараткан сүрөт.

Бүгүн Каракалпакстандагы кандуу окуя учурунда кармалгандардын 24ү үй камагына чыгарылганы кабарланды. Бул чечим "Каракалпакстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин талабы боюнча" кабыл алынганы айтылууда.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы мындай чечимди "Каракалпакстандагы окуяларды өз алдынча иликтеген комиссия мүчөлөрүнүн сунушу жана Каракалпакстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин талабы боюнча" кабыл алганы айтылат.

"Алар Каракалпакстанда болуп өткөн окуяларда жасаган аракеттерине өкүнүп жатканы, алардын камкордугунда жашы жете элек балдары бар экендиги, ошондой эле үй-бүлөлүк шарты оор" деп айтылат Өзбекстандын башкы прокуратурасы тараткан билдирүүдө.

1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алууну караган сунушка каршы чыккан. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жөн-жай киши, төрт тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.

Ал арада Каракалпакстандын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-августта Нукус шаарына барды. Анда президент аймакта кошумча жеңилдиктерди киргизүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды бергени кабарланды.

Тактап айтканда, киреше салыгын 15 пайыздан 7,5% чейин төмөндөтүү, Нукус шаарында товар жүгүртүү салыгын 4 пайыздан 2%, райондордо пайыздан 1% чейин төмөндөтүү долбоорлору кароого киргизилди.

Мындан тышкары, быйыл үй-бүлөлүк бизнес долбоорлоруна пландалган 650 миллиард сумга (59,5 миллион доллар) кошумча 200 миллиард сум (18,3 миллион доллар) бөлүнөрү кабарланды.

Мирзиёев Каракалпакстандагы социалдык көйгөйлөргө да токтолуп, таза суу, электр энергиясы, жумушсуздук, баа боюнча көп арыздар болуп жатканын баса белгиледи.

"Тилекке каршы, айрым жетекчилер элибиздин бакубаттуулугун камсыздоого багытталган каражаттарды натыйжасыз сарптап, түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбай, өлкө үчүн иштебей жатат".

Муну менен катар Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстан автономдук республикасынын жетекчиси июль айындагы тополоңдон кийин алмашты. Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы Каракалпакстандын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясында мурдагы ички иштер министри Аманбай Оринбаев парламенттин төрагасы болуп шайланганын билдирди.

Аманбай Оринбаев.
Аманбай Оринбаев.

"Алга, Каракалпакстан" кыймылынын жетекчиси Аман Сагидуллаев Ютуб каналында жарыялаган видеосунда Оринбаев кызматка келгенден баштап, Ташкенттен Нукуска күч түзүмдөрү тартылып жатканын, мындан улам 1-сентябрга пландалган митинг токтотулганын айтып чыкты.

"Каракалпакстанда, атүгүл Өзбекстанда мыйзам жок. Бүгүн мыйзам- Мирзиёевдин өзү. Ал демөөрчүлөрдүн жардамы менен курал-жарак сатып алып, аны Каракалпакстанга жеткирип атат. Президент азыр тынчтык митингине чыккандарды токтотуунун амалын издөөдө. Ошондуктан биз адам укуктарын коргоо уюмдары жана активисттер менен кеңешип, 1-сентябрда митингге чыкпайбыз деп чечтик".

Оринбаевге чейин Каракалпакстандын Жогорку Кеңешин 2020-жылдын октябрь айынан бери Мурат Камалов жетектеп келген. Ал “ден соолугуна байланыштуу” кызматтан кеткени кабарланган. Каракалпакстан автономдук республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы бул аймактын жетекчиси болуп эсептелет. Ал Өзбекстандын президентинин макулдугу менен парламентте жабык добуш берүү аркылуу шайланат.

Каракалпакстанда нааразылык Өзбекстанда конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы “суверендүү республика” деген макамы алынган. Мындан сырткары алардын референдум аркылуу өз алдынча бөлүнүү укугу жоюлганы жаткан.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду. Бийлик нааразылык акцияларын күч менен басып, кошумча аскерлер киргизилген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG