Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:41

"Кол коюуга аргасыз болдук". Мирзиёев өмүр бою президент болгусу келеби?


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстанда Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулоо 1-августта аяктады. Конституциялык комиссия оңдоп-түзөтүүгө байланыштуу 117 миңден ашык сунуш түшкөнүн билдирди.

Анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерден президенттин мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартуу же Шавкат Мирзиёевди өмүр бою президент кылып калтыруу сунушу берилген. Мындай демилгени көтөргөндөр аларга жогору жактан басым-кысым болгонун айтышууда.

Бекабад шаарындагы “Узметкомбинат” мамлекеттик ишканасынын бир катар кызматкерлери Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө берилген сунуштардын көчүрмөсүн “Азаттыктын” өзбек кызматына жиберди. Ал Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасына да кеткен.

“Мен Ташкент облусунун Бекабад шаарында жашайм жана өлкөдө жүрүп жаткан реформалар абдан кубандырат. Ошондуктан Конституциянын 90-беренеси боюнча сунуш бергим келет. Менин сунушум: Өзбекстандын президентинин ыйгарым укуктарын беш жылдан жети жылга узартуу же мамлекет башчысын өмүр бою президент катары калтыруу”, — деп айтылат ишкананын кызматкерлери кол койгон кайрылууда.

Коопсуздук үчүн атын атагысы келбеген “Узметкомбинаттын” жумушчуларынын биринин айтымында, компаниянын жетекчилиги кызматкерлерди Конституциянын 90-беренесине өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуш берүүгө мажбурлаган.

“Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 23-июлда биздин комбинатка келип кеткен. Андан киийн Дилшод Турсункулович (ред: ишкананын төрагасынын биринчи орун басары) бардык цехтердин жетекчилерине алдын ала даярдалган арыздарга өздөрүнүн аты-жөнүн жазып, кол коюу тапшырмасын берди. Анан кызматкерлердин баары тең Өзбекстандын президентинин ыйгарым укуктарын жети жылга чейин узартууну же мамлекет башчысын өмүр бою президент катары калтырууну өтүнгөн арызга кол коюшту. Башка цехтердин жумушчуларынан сураганыбызда, алар да ушундай арызга кол койгонун айтышты. Бизге арыздардын баары чогултулуп, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасына жөнөтүлөрүн айтышты”, - деди “Узметкомбинаттын” кызматкерлеринин бири.

Атын ачык айтпоону өтүнгөн заводдун дагы бир жумушчусу ишканадагы “кызматкерлердин кара тизмесине” кирип калуудан коркуп, Конституциянын 90-беренесине өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган арызга кол коюуга аргасыз болгонун билдирди.

“Биздин аткаруучу директор Дилшод Ахмедов Ички иштер министрлигинин (ИИМ) академиясын бүтүргөн. Ага чейин Мамлекеттик күзөт кызматында иштеген. Комбинатты дал ушул адам башкарат. Ал келгенден кийин заводдо коопсуздук жана ресурстарды коргоо бөлүмү ачылды. Азыр жумушта сөз ташыгандар бардык маалыматты ушул бөлүмгө барып айтып турат. Ушундан чочулаган заводдун жумушчулары унчукпай эле кагаздарга кол коюшту”, — деди ал.

Макала жасалып жатканда “Азаттыктын” журналисти “Узметкомбинат” ишканасынын аткаруучу директору Дилшод Ахмедовдун кабылдамасына телефон чалган. Өзүн директордун жардамчысымын деп тааныштырган Данияр аттуу кызматкер бардык суроолорду жазып алып, жооп берүүнү убада кылган. Бирок андан кийин Дилшод Ахмедовдун кабылдамасы менен журналист байланыша алган эмес.

Конституциянын 90-беренесине ылайык, Өзбекстандын президенти өлкөнүн жарандары тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу беш жылдык мөөнөткө шайланат. Эми аны жети жылга чейин узартуу демилгеси көтөрүлүп жатат.

Жиззах облусунун Заамин районунун мамлекеттик органдарынын биринин кызматкери да “Азаттыкка” бул аймактагы бюджеттик кызматкерлер президенттин ыйгарым укуктарын узартуу боюнча сунуш берүүгө аргасыз болушканын айтып берди.

“Ички иштер органдарынын, прокуратуранын, мектеп, бала бакчалардын кызматкерлерин мындай сунушту жазуу жүзүндө эмес, оозеки айтууга мажбурлашкан. Акимдердин жардамчыларына, мамлекеттик органдардын кызматкерлерине тааныштары 1341 номуруна чалып, президенттин мөөнөтүн жети жылга узартуу сунушун берүүнү суранышкан. Заамин районунун тургундары президентке ишенбей калды. Алгач эки жыл эл үчүн иштесе, азыр акчанын баарын офшорго чыгарып жаткан туугандарына иштеп атат. Элдин айтымында, Каримовдун элди тоноп кеткен эки кызы болсо, Мирзиёевдин андан да көп тууганы чыкты”.

Өзбекстандын Конституциялык комиссиясы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун датасын азырынча жарыялай элек, бирок өлкөдө референдумга даярдык кызуу жүрүп жатат.

Өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум эгемен Өзбекстандын тарыхындагы үчүнчү жалпы элдик добуш берүү болот. 1995-жылы өткөн референдумдан кийин ал кездеги президент Ислам Каримов дагы бир мөөнөткө калган жана 2002-жылы апрелде Өзбекстандын парламентинин жыйынында Каримовдун мөөнөтүн беш жылдан жети жылга узартуу чечими кабыл алынган. 2011-жылдын декабрь айында президенттик мөөнөттү кайра жети жылдан беш жылга кыскартылган.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болуп биринчи жолу 2016-жылы декабрда, Ислам Каримов каза болгондон кийин кезексиз шайлоодо шайланган. 2021-жылдын октябрындагы президенттик шайлоодо Мирзиёев 80,12% добуш менен кайрадан жеңишке жеткен.

Бозгундагы өзбек оппозициясы Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр президент Шавкат Мирзиёевге бийликте дагы узак убакытка калууга жол ачарын билдирип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG