Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Каракалпакстан: Мирзиёев чочулаган "деструктивдүү күчтөр"


Каракалпакстан автономдук республикасынын борбору Нукустагы аскерлер. Иллюстрациялык сүрөт.
Каракалпакстан автономдук республикасынын борбору Нукустагы аскерлер. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстанда кандуу окуялардан кийин өзгөчө абал режими алынды. Бирок автономдук республикада интернет дале үзгүлтүк менен берилүүдө.

Нукустагы окуяларды Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Чолпон-Ата шаарында өткөн кеңешмесинде көтөрүп, муну деструктивдүү күчтөрдүн аракети катары баалады.

Каракалпакстанда өзгөчө абал алынды

Каракалпакстан автономдук республикасынын аймагына киргизилген өзгөчө абал режими 21-июлдан тартып алынды. Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлык президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Анда Каракалпакстандын Жогорку Кеңешинин кайрылуусун, аймакта коомдук кырдаалдын турукташуусун эске алуу менен президент режимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алганы жазылган. Мурдараак автономдук республиканын парламенти өзгөчө абал режимин алууну жана тополоңго тиешеси жок жарандарга ырайым кылууну өтүнгөн.

Каракалпакстанда өзгөчө абал 3-июлдан 3-августка чейин жарыяланган. Бул убакыт ичинде аталган республикага кирип-чыгуу токтотулуп, бардык массалык иш-чараларга тыюу салынган. Ошондой эле кечки саат 9дан эртең мененки саат 7ге чейин коменданттык саат киргизилген.

Буга Каракалпакстандын айрым аймактарында, анын ичинде Нукус шаарында миңдеген тургундар катышкан нааразылык акциясынан кийинки башаламандык жана күч түзүмдөрү менен кагылышуулар түрткү берген.

1-2-июлдагы бул тополоң жана анын келип чыгуу себептери тууралуу Шавкат Мирзиёев 21-июлда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Чолпон-Ата шаарында өткөн кеңешмесинде да сөз кылды.

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

“Интернеттеги мыйзамсыз аракеттерге байланыштуу жаңы чакырыктар биздин өзгөчө көңүл буруубузду талап кылат. Бүгүнкү күндө бул коркунучтардын чеги жок – алар уюк телефондор аркылуу болуп жатат. Тилекке каршы, Өзбекстандагы соңку кайгылуу окуялар биздин пландарыбызды үзгүлтүккө учуратууга, биздин региондо башаламандык жана туруксуздукту уюштурууга аракет кылган деструктивдүү күчтөрдүн бар экенин дагы бир жолу тастыктады. Ушуга байланыштуу биз аймактагы бардык өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин үзгүлтүксүз консультацияларын баштоо сунушун колдойбуз”.

Бирок Мирзиёев кайсы деструктивдүү күчтөр жөнүндө айтып жатканын тактаган же бул сөзүн бышыктоочу далилдерди келтирген жок. Буга чейин Каракалпакстан автономдук республикасынын айрым активисттери июль айынын башында жергиликтүү калк Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы болгону үчүн көчөгө чыкканын айтышкан.

Тополоңдун курмандыктары 21 кишиге жетти

Ал арада Каракалпакстандын борбору Нукуста июлдун башындагы нааразылык акцияларда жараат алган дагы үч адам каза болуп, курмандыктардын саны 21ге жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов брифингде билдирди.

Башаламандык учурунда жараат алып медициналык жардам сурап кайрылган 274 кишинин 16сы ооруканада экени белгилүү болду. Бейрасмий маалыматтарга караганда, жараат алгандардын саны миңден ашык.

Каракалпакстандагы массалык баш аламандыкта адамдардын жана ишкерлердин мүлкүнө, мамлекеттик жана социалдык мекемелерге баш-аягы 3 миллиард 140 миллион сум зыян келтирилгени такталган.

Хаёт Шамсутдинов ыкчам-тергөө тобу окуя болгон аймактарды жана жерлерди текшергенин, жыйынтыгында ишке тиешеси бар 550дөн ашык буюм жана далилдер алынганын айтты. Анын сөзүнө караганда, кызматтык милдеттерин аткарып жатып жараат алган 141 укук коргоо кызматкери, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирилген 16 киши жабырлануучу катары өтүп жатат.

Хаёт Шамсуддинов.
Хаёт Шамсуддинов.

“Иликтөө жазык-процесстик мыйзамдарга, демократиялык принциптерге жана эл аралык укуктун талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө. Тергөөгө катышкан адамдардын мыйзамда каралган бардык процессуалдык укуктарын камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлдү. Ошону менен бирге, ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтөөнү камсыз кылуу максатында массалык башаламандык учурунда укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн аракеттеринин мыйзамдуулугу да текшерилүүдө”, - деди Хаёт Шамсутдинов.

Эл аралык коомчулуктун талабы

Жакында эле Өзбекстандын парламентинин (Олий Мажлис) жогорку (Сенат) жана төмөнкү (Мыйзам чыгаруу палатасы) палаталары Каракалпакстандагы окуяларды иликтөө боюнча биргелешкен комиссия түзгөн. Аны акыйкатчы Феруза Эшматова жетектейт. Комиссиянын мүчөлөрү 20-июлда окуя болгон аймактарды кыдырды.

Каракалпакстанда 19-июлда интернет байланыш кайра үзүлгөнү кабарланды. 18-июлда жергиликтүү басылмалар Нукустагы булактарына таянып, Каракалпакстанда интернет калыбына келтирилип, сайттардагы жана Telegram каналдардагы маалыматтар жаңыланганын жазышкан. Нукуста 1-2-июлдагы тополоңдон кийин 3-июлдан тарта интернет өчүрүлгөн.

Буга чейин Евробиримдик, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана башка бир катар эл аралык уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган.

“Биз курмандыктар жана жабыркагандар болгонуна терең кайгырабыз жана окуялардын өнүгүшүнө тыкыр көз салуудабыз. Өзбекстанды эл аралык милдеттенмелерге ылайык адам укуктарын, анын ичинде жарандардын эркин пикир билдирүүгө жана эркин топтолууга болгон укугун сыйлоого чакырабыз”, - деп жазылат Евробиримдиктин буга чейин тараткан билдирүүсүндө.

Каракалпакстанда нааразылык Өзбекстанда конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы “суверендүү республика” деген макамы алынган эле. Мындан сырткары алардын референдум аркылуу өз алдынча бөлүнүү укугу жоюлганы жаткан.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду. Бийлик нааразылык акцияларын күч менен басып, кошумча аскерлер киргизилген.

Бул окуялардан кийин Өзбекстанда парламент Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу жалпы улуттук талкуулардын мөөнөтүн үчүнчү ирет узартып, 1-августка чейин деп белгиледи. Долбоор 25-июнда жарыялаган жана алгач коомдук талкууга он күн берилген. Бирок тополоңдон улам Олий Мажлис анын мөөнөтүн дагы он күнгө узарткан.

Азырынча Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум качан өтөрү белгисиз. Эгер Баш мыйзамдын долбоору кабыл алынса, анда Өзбекстанда президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга узартылышы мүмкүн. Бозгундагы өзбек оппозициясы бул өзгөрүү президент Шавкат Мирзиёевге бийликте дагы узак убакытка калууга жол ачарын билдирип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG