Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Казак бийлиги мамлекеттик тилди билбегендерге жарандык бербөөнү сунуштады


Казакстанга келген орусиялык жарандар. Иллюстрациялыык сүрөт.
Казакстанга келген орусиялык жарандар. Иллюстрациялыык сүрөт.

Казакстандын өкмөтү “Казакстан Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү боюнча долбоор иштеп чыкты. Бул тууралуу казакстандык Kursiv.Media премьер-министр Алихан Смаиловдун депутатка берген жообуна таянуу менен жазып чыкты.

Жаңы долбоордо мамлекеттик тилди, Казакстандын тарыхын жана улуттук мыйзамдарын билбегендерге жарандык берүүдөн баш тартуу же жарандыгын калыбына келтирбөө сунушу берилди. Документ ошондой эле кош жарандыкка ээлик кылууга да тыюу салат.

Казакстандын аймагында туруктуу жашаган жана билим алган этникалык казактарга гана жарандыкты жеңилдетилген тартипте берүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Азыркы мыйзамда жарандык берүүдөн баш тартууга 14 негиз бар. Анын көпчүлүгү мыйзам бузууга байланыштуу. “Казак тилин билбегендерге жарандык берилбейт” деген норма иштеп жаткан мыйзамда жок.

Казакстандын жарандыгына жана мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө байланыштуу тема Орусияда мобилизациядан качкан мигранттардын агымы көбөйгөндөн бери талкууланып жатат.

Орус жергесинде мобилизация башталган 21-сентябрдан октябрдын аягына чейин Казакстанда 200 миңдей чет элдик ИНН (индивидуалдык идентификациялык номер) алууга арыз берген. Муну албаган чет элдиктер өлкөдө мамлекеттик кызматтарды пайдалана албайт жана банктык эсеп ача албайт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG