Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:21

Камактагы Нурлан Асанбековдун кан басымы төмөндөп кеткени кабарланды


Нурлан Асанбеков
Нурлан Асанбеков

Массалык башаламандык уюштурууга шектелип камалган жыйырмадан ашуун жарандын катарындагы Нурлан Асанбековдун абалы менен акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов таанышып чыкты. Бул тууралуу Колопов өзү "Азаттыкка" билдирди.

"Мен киргенде Нурлан Асанбеков ачкачылыгын улантып жатыптыр. Өзүнүн айтымында ачкачылыкты 1-ноябрда кармай баштаган. 1-2-ноябрда суу ичиптир, бирок 3-ноябрдан тартып наар ала электигин айтты. Кан басымы төмөндөп кетиптир. Ал мындай кадамга өзүнө көңүл бурдуруу максатында барып жатканын айтты. Себеби "саясат менен эч ишим жок, куруучумун, болгону Равшан Жээнбековдун курулуш иштерине байланыштуу аны менен тез-тез байланышып тургам. Кафедеги жыйынга катышкан эмесмин" деген пикирин айтты", - деди Альберт Колопов.

Асанбеков ага тубаса шал оорусунан жабыркаган кызы жана карыган апасы бар экенин, банктан ири суммадагы кредит алганын, үй-бүлөсүн өзү жалгыз багарын айтып, аны бошотууну суранган.

Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасы башка камакка алынгандар менен 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралат.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусунун астындагы жерди Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, активисттер жана журналисттер 23-24-октябрда чогуу кармалып, калайман башаламандык уюштурууга даярданган деген шек менен эки айга камакка алынышкан.

Ички иштер министрлиги Кылмыш кодексинин “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык” беренеси менен ишти тергеп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG