Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:09

Казакстанда ун бир жылда 45% кымбаттады


Казакстандын уну. Иллюстрациялык сүрөт.
Казакстандын уну. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда соңку бир жылда ун 45% кымбаттады. Бул тууралуу Zakon.kz басылмасы кабарлады.

Медианын маалыматына караганда, октябрдагы баа жыл башына салыштырганда 41,3% өстү. Былтыркы жылдын октябрына караганда нарк 44,3% көбөйгөн. Бир айдын ичинде болсо кымбаттоо 1,2% түзгөн.

Мынчалык чоң секирик мындан он жыл мурда катталган. 2012-жылы ундун баасы казак жергесинде 5,6% өскөн жана бул рекорддук кымбаттоо деп айтылып келген.

Эң кымбат нарк деп жогорку сорттогу ундун баасы саналып жатат. Астанада анын килограммынын баасы 447 теңге (0,962 доллар), Актауда 411 теңге жана Шымкентте 406 теңге.

Талдоочулар Казакстанда 10 айдын жыйынтыгындагы азык-түлүк инфляциясы 20,5% жеткенин билдирип жатышат. Өлкөдө жумуртка, ун, күрүч, сүт, сабиз, картошка, кумшекер, капуста жана башка товарлар кымбаттап жатат.

Казакстандын өкмөтү бааларды туруктуу кармоо үчүн тамак-аш азыктарынын, дан, жем жана өсүмдүк майынын наркын арзандатуу боюнча иш-чаралар комплекси каралып жатканын билдирүүдө. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG