Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:56

Өзбекстанда окуучуну сабап салган депутатка айып тагылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Кашка-Дарыя облусунун Камаши райондук кеңешинин депутаты Панжи Нуртоевге “окуучуну сабап салган” деген айып такты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдиновго таянуу менен “Азаттыктын” өзбек кызматы жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, 9-класстагы бала депутаттын 8-класста окуган небереси менен сүйлөшүп жүргөн. 4-ноябрда ал кыздын үйүнө терезе аркылуу кирген. Депутат ошол маалда аны кармап алып, катуу сабап салган.

Жабыркаган окуучу ошол эле күнү ооруканага оор абалда жеткирилген. Дарыгерлер анын баш сөөгү сынып, мээси чайкалган деген аныктама коюшкан. Денесинде көк ала көп болгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Баштапкы тергөө иштерин райондук ички иштер бөлүмү жүргүзгөн. Депутаттар кол тийбестик макамына ээ болгондуктан тергөө прокуратурага өткөрүлүп берилген. Кеңеш уруксат берсе, депутаттын кол тийбестиги алынып, камакка алынышы ыктымал.

Депутат мүчөлүк кылган Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясы Панжи Нуртоевдин аракеттерин айыптап, анын мандатын чакыртып алууну көздөп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG