Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:46

Танзанияда учак кулап, 19 адам каза болду


Танзаниянын бийлиги учурда издөө жана куткаруу иштерин жүргүзүүдө.
Танзаниянын бийлиги учурда издөө жана куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Танзанияда жүргүнчү ташыган учак кулап, кеминде 19 адам өлдү. Бул тууралуу Tanzania Business Insight басылмасы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Precision Air компаниясынын лайнери өлкөнүн борбору Дар-эс-Саламадан Букобу шаарына учуп баратып, Виктория көлүнө кулаган. Интернетте тараган видеолордо көрүнүп тургандай, учак жээкке жакын жерге түшкөн.

Кырсыктын себептери аныктала элек. Баштапкы иликтөөлөрдө, экипаж аба ырайы бузулгандан улам башкарууну жоготуп жиберген болушу мүмкүн экени айтылды.

Учакта экипаждын төрт мүчөсү кошкондо жалпы 53 адам болгон. Танзаниянын бийлиги учурда издөө жана куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Ушул учурга чейин 26 жүргүнчү аман табылды. Дагы сегиз адам дайынсыз болуп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG