Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Ирандагы нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны 300дөн ашты


Ирандагы нааразылык акциялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандагы нааразылык акциялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандагы эки айга чукулдаган нааразылык акцияларынын жүрүшүндө күч кызматкерлеринин колунан кеминде 318 адам, анын ичинде 49 жаш бала каза болду. Бул тууралуу Норвегияда жайгашкан Ирандыктардын укуктарын коргоо маалымат агенттиги (Human Rights Activists News Agency – HRANA) кабарлады.

Reuters агенттиги билдиргендей, мындан сырткары кагылышууларда коопсуздук кызматтарынын 38 кызматкери набыт болду.

Иран Ислам Республикасынын парламенти өткөн ишемби күнү башаламандыктарда сот бийлигине күнөөлүү адамдарды катуу жазалоого негиз берген чечим кабыл алды. Аны 290 депутаттын 227си колдоду.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөн деген негизде 22 жаштагы студент кыз Махса Аминини кармап кеткен. Анын абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып берген.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн кеминде 80 шаарында тутанып, полиция менен кагылышуулар катталды. Демонстранттар курал кампаларын басып алып, өкмөттүк күчтөр менен атышып жатканы кабарланууда. Коопсуздук кызматкерлери да демонстранттарга каршы курал колдонуп жатат.

Акцияларда аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесүүдө. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар болуп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG