Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:48

"Ата Мекен" партиясынын 30 жылдыгы белгиленди


"Ата Мекен" жана "Республика" партияларынын акциясы. Бишкек шаары, 2020-жылдын 5-октябры.
"Ата Мекен" жана "Республика" партияларынын акциясы. Бишкек шаары, 2020-жылдын 5-октябры.

Бүгүн, 7-ноябрда "Ата Мекен" партиясынын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Партиянын баш кеңсесине партиянын мүчөлөрү чогулду. Саясий уюмдун акыркы 30 жылдагы тарыхына арналган документалдуу тасма тартууланып, куттуктоо сөздөр сүйлөндү. Партиянын активдүү мүчөлөрүнө эстелик медалдар, ардак кагаздар тапшырылды.

"Ата Мекен" 1992-жылы 7-ноябрда Бишкекте алгачкы саясий партиялардын бири катары түзүлгөн. Аны көп жылдар бою Өмүрбек Текебаев жетектеп келген. Учурда анын жетекчиси Асия Сасыкбаева.

Партиянын курамында Текебаевден тышкары Болот Шер, Эркин Алымбеков, Дүйшөн Чотонов, Аида Салянова, Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко сыяктуу бир катар саясатчылар ар кайсы жылдарда мүчө болушкан. Партия бир нече ирет Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан. Азыркы тапта анын бир катар активдүү мүчөлөрү Кемпир-Абад маселеси боюнча абакта кармалууда.

Кыргыз Республикасынын Германиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси катары иштеп жаткан Өмүрбек Текебаевдин өзү кечээ - 6-ноябрда Ички иштер министрлигине суракка кирип чыккан. Ал Кемпир-Абад боюнча кармалгандар менен байланышы тууралуу суроолорго жооп берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG