Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:01

Маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө


Cөз эркиндигине байланыштуу Бишкекте 14-октябрда өткөн акциядан бир көрүнүш. Архивдик фото.
Cөз эркиндигине байланыштуу Бишкекте 14-октябрда өткөн акциядан бир көрүнүш. Архивдик фото.

Кыргызстанда бүгүн – 7-ноябрда маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат. Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамы 1992-жылы кабыл алынган. Өлкө сөз эркиндигинин абалы боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин арасында алдыда деп саналып келатканы менен акыркы жылдарда эксперттердин жана дүйнөлүк медиа уюмдардын баасы боюнча журналисттерге, блогерлерге кысым күчөдү.

Азыркы тапта Кемпир-Абад маселесине байланыштуу бир катар журналисттер жана блогерлер камакта жатат. Андан мурда иликтөөчү журналист Болот Темировдун, Next TV телеканалынын айланасындагы соттук иштер чоӊ талкууларды жараткан. Ал эми "Азаттык" радиосунун интернет сайтына бөгөт коюлуп, банктык эсебинин убактылуу токтотулушу медиа уюмдардын жана журналисттердин сынын күчөттү.

Өз кезегинде бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бузулбаганын байма-бай айтып келет. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыктын" сайты бөгөттөлгөндөн кийин, 28-октябрда билдирүү жасап, өлкөдө эркин медиалардын ишине чектөө жок экенин, сөз эркиндиги дайыма болгонун жана боло берерин билдирген.

Бүгүн маалымат жана басма сөз күнүнө карата президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады. Анда "маалымат таркатуунун жаңы ыкмалары, технологиялары артып, кулачын кеңири жайып, салттуу журналистикага атаандаш болгон социалдык түйүндөр аркылуу коомдук пикирди жаратуу кадимки көрүнүшкө айланганы" белгиленген. Президент "мындай шартта маалымат таркатуучу болгон ар бир жаран коомчулукка пайда келтирем деген аруу ой-тилеги менен кошо тараткан ар бир сөзүнө да жооптуу экенин" айткан.

Өткөн жылы Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошкон. Ушул жылдын 24-февралында чыккан “Дүйнөдөгү эркиндик-2022” баяндамасында Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыдан дагы бир упайга төмөндөдү.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун изилдөөсүндө Кыргызстан 2020-жылы 82, былтыр 79-орунда болчу. 2022-жылдын жыйынтыгында 72-сапка чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG