Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:29

Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков 70 жашка чыкты


 Түгөлбай Казаков. 2017-жылдын 17-октябры
Түгөлбай Казаков. 2017-жылдын 17-октябры

Кыргыз Республикасынын эл артисти, "Манас" орденинин ээси, композитор, обончу Түгөлбай Казаковдун 70 жашы белгиленет. Бул тууралуу улуттук «Манас» театрынан кабарлашты. Рысбай Абдыкадыров, Бабаравшан Тургунбаев, Асанкалый Керимбаевдер менен теӊ катар Түгөлбай Казаков обончу, аткаруучу катары өткөн кылымдын 80-жылдары коомчулукка кеӊири белгилүү болгон. Анын «Жамгыр», «Насыйкат», «Элегия» сыяктуу ондогон ырлары ушул күнгө чейин репертуардан түшпөй ырдалып келет.

Түгөлбай Казаков эмгек жолун Каракол шаарында маданият үйүнөн баштап, кийин Улуттук телерадио комитетинде, "Асаба", "Агым" гезиттеринде иштеген. УТРКнын төрагасы, Маданият министри кызматтарын аркалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG