Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

8-ноябрда жаан-чачын болот


8-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, кар жаайт. Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Зымдарга жана дарактарга суу кар жабышат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 3...8,

Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсун 1...6, күндүз 3....8,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10,

Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5,

Бийлик тоолуу райондордо түнкүсүн -9...-14, күндүз -4...+1°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн 2…4, күндүз 5…7°.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG