Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:27

БУУнун комитети камоолорго тынчсыздануусун билдирди


Камоолорго каршы нааразычылык акциясы. Бишкек, 2022-жылдын 24-октябры.
Камоолорго каршы нааразычылык акциясы. Бишкек, 2022-жылдын 24-октябры.

Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандагы активисттердин жана журналисттердин кармалышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Анда комитет "укук коргоочулар, жактоочулар, саясатчылар, журналисттер жана башка активдүү жарандарды, айрыкча бийликти сындагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу кысымына тынчсызданып жатканы" айтылат. Мындан улам бийликке сын пикир айткандарды куугунтуктабоо сунушталган.

Аны менен катар Адам укуктары боюнча комитет камакта кыйноодон каза болгондорго терең тынчсыздануусун билдирген. Комитет Кыргызстандын абактарындагы баардык өлүмдөрдү токтоосуз дыкат иликтөөгө, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга жана каза тапкандардын үй - бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүүгө чакырган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоого байланыштуу талкуулардан кийин 23-октябрда эртең менен Ички иштер министрлиги бир катар саясатчылардын, активисттердин жана блогерлердин үйлөрүн тинткен. Эртеси күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалган отузга жакын активисттерди, саясатчылары, блогерлерди жана журналисттерди эки айлык мөөнөткө камакка алуу чечимин чыгарган.

6-ноябрда Кыргызстандын Германиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев да Бишкекке келгенде ИИМге чакырылып, сурак берип чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG