Украин президенти Владимир Зеленский бүткүл украиналыктарды Орусиянын жаңы чабуулдарына даяр болууга чакырды. Бул тууралуу ал соңку видео кайрылуусунда айтып, Украина энергетикалык инфратүзүмдөргө урулган соккуларга жооп берерин кошумчалады.
“Соңку суткада баскынчылар ирандык сокку уруучу дрондорду дагы колдонушту. Атып түшүрүлгөндөрү бар. Тилекке каршы, бутага тийгендери да жок эмес. Биз ошондой эле террорчу-мамлекет инфратүзүмдөрүбүзгө кайталап сокку урууга болгон күчүн жыйнап жатканын да билебиз. Биринчи кезекте энергетикага урат. Орусия муну үчүн Ирандан дагы ракета алды. Биз ага жооп берүүгө даярданып жатабыз”, – деди Зеленский өз кайрылуусунда.
Киевдин мэри Виталий Кличко мунун алдында тараткан билдирүүсүндө орус армиясынын жапырт соккусунун айынан баш калаа жарыксыз калышы мүмкүн экенин эскерткен. Ал шаардыктарды электр жарыгын болушунча үнөмдөөгө, суу, тамак-аш, жылуу кийим-кече, генераторлорду камдап алууга да чакырды. Кличко электр энергиясы такыр тартыш болуп калса, киевдиктерди кайсы бир убакка чейин баш калаанын сыртындагы жакындарыныкына барып турууну сунуштаган.
Орусиянын армиясы Украинанын шаарларына жапырт соккусун Крым көпүрөсүнө сокку урулгандан кийин баштаган. Алар негизинен жайкын тургундар жашаган кварталдарга жана энергетикалык объектилерге сокку урууда. Ушул күнгө чейин Украинанын энергетикалык инфратүзүмдөрүнүн 40% талкаланды.
8-октябрда Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Орусияны туташтырчу көпүрөдө жарылуу болгон. Украин бийлиги бул жардырууга тиешеси бар экенин расмий ырастаган эмес. (ErN)