Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Казакстанда Январь окуяларында кармалгандар мунапыс менен бошотулду


Казакстандагы быйыл январда чыккан нааразылык акциялары. Алматы шаары, Казакстан. 5-январь, 2022-жыл.
Казакстандагы быйыл январда чыккан нааразылык акциялары. Алматы шаары, Казакстан. 5-январь, 2022-жыл.

Казакстанда Январь окуяларында кармалгандар ичинен алгачкы беш киши президенттин жарлыгына ылайык мунапыс алып, абактан чыкты. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Елдос Килымжанов 7-ноябрда атайын брифингде билдирди.

Анын айтымында, жаза аткаруу кызматтары учурда 878 соттолуучунун мөөнөтүн кыскартуу жана жазадан бошотуу боюнча сотко сунуштама жөнөттү.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Январь окуяларында камалгандарга жапырт мунапыс берүү буйругуна 2-ноябрда кол койгон.

Ага ылайык, мунапыска 4-7-январь күндөрдөгү "тартип бузууларга тиешеси бар" деген кине менен камалган бир жарым миңдей киши илинет. Андан тышкары оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен кесилгендердин жаза мөөнөттөрүнүн жарымы же төрттөн үч бөлүгү кыскартылары маалым болду. "Террорчулук, экстремизм", "коррупция", "мамлекетке чыккынчылык", "кыйноо жана жапырт башаламандык уюштууруу" беренелери менен камалгандар мунапыска илинбейт.

Январь окуялары боюнча жалпы 1112 киши соттолуп, алардын 128 эркинен ажыратылган. Казак бийлигинин маалыматына караганда, амнистияга күч органдарынын кызматкерлери да илинет.

Укук коргоочулар мунапысты "бийлик укук коргоо жана күч кызматкерлерин жоопкерчиликтен бошотуу үчүн колдонот" деген камтамачылыгын жарыялашкан. Тополоң учурунда алар жайкын тургундарга каршы ок атып, кармалгандарды кыйноого алышкан.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери быйыл 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 228 жеткен.

Казакстандагы Январь окуялары боюнча жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган. Алардын көпчүлүгү кийин кайра бошотулган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG