Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Польша Орусия менен чек арасына АКШнын базасын курууну чечти


АКШнын аскердик техникалары атайын машыгууда. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШнын аскердик техникалары атайын машыгууда. Иллюстрациялык сүрөт.

Польшанын бийлиги Орусиянын Калининград облусу жана Беларус менен чектешкен жерине АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери жана тик учактары үчүн база куруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Польшанын WNP.pl басылмасы кабарлады.

Өлкөнүн вице-премьери жана коргоо министри Мариуш Блащак атайын брифингде кабарлагандай, мында Apache тик учактары менен жабдылган америкалык күжүрмөн авиациялык бригада жайгашат. Анын айтымында, база жайгашкан аймак Түндүк Атлантикалык уюмдун чыгыш флангындагы Польшанын жана НАТОнун күчтөрүн колдоочу аскердик комплекс болуп калат.

Өз кезегинде АКШнын Варшавадагы элчиси Марк Бжезинский жаңы база америкалык Куралдуу күчтөрүнө Польшанын аба мейкиндигинде аскердик операцияларды жүргүзүүгө даяр болууга түрткү берерин кошумчалады.

Жаңы базанын ачылышы менен Польшада америкалык аскерлердин саны да көбөйөт. Элчи бул жакка жакын арада бул өлкөгө Кошмо Штаттары кеминде 10 миңдей аскерин которуп жатканын кошумчалады.

НАТО 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Ага алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия, Польша баштаган 30 мамлекет уюмга мүчөлүк кылат. Мындагы келишимдин башкы пункту уюмга мүчө бир мамлекетке башкалар кол салса НАТОдогу бардык өлкөлөр коргоого алууга милдеттүү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG