Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:22

Британ элчиси Гарреттин Кыргызстандагы миссиясы аяктады


Чарльз Гаррет.
Чарльз Гаррет.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гаррет дипломатиялык миссиясы мөөнөтүнөн мурда аяктап жатканын жарыялады. Ал бул тууралуу социалдык баракчасына жазды.

"Жеке жана үй-бүлөлүк себептерден улам Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси кызматым аяктады. Мен кетип жатканыма кайгырып турам, бирок Кыргызстандай эң кооз өлкөдө жашап, иштеген үч жылдан ашык убактымды жакшы сезимдер менен эстейм", - деп жазган ал.

Элчи "Кыргызстан татаал кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын, бирок жаратман, эркиндикти сүйгөн адамдардын жардамы менен өнүгүп өсө турганын" айткан.

Британиялык дипломат эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер мурдагы калыбында өзгөрүүсүз уланарына ишенерин билдирген.

Чарльз Гаррет Кыргызстанга элчи болуп 2019-жылдын жазында дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG