Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

Акча которуулардын рекорддук көрсөткүчтөрү жаңырууда


Банк карталарын пайдалангандардын саны өскөн сайын акча которуулардын накталай эмес түрү көбөйүүдө. Иллюстративдик сүрөт.
Банк карталарын пайдалангандардын саны өскөн сайын акча которуулардын накталай эмес түрү көбөйүүдө. Иллюстративдик сүрөт.

2022-жылдын III кварталында эл аралык акча которуу системалары аркылуу 2 миллион 906,6 миң транзакция ишке ашырылып, өлкөгө 69,9 млрд. сом келген. Бул тууралуу Улуттук банктын баяндамасында айтылат. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,8% аз, бирок, көлөмү 0,7% көбөйгөн.

Ал эми өлкөдөн тышка акча которуулардын саны 225,7 миң транзакцияны түзүп, жалпысынын 33,9 млрд. сом чет мамлекеттерге которулган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 3,9% аз, көлөмү 2,2 эсеге өскөн.

Аймактар арасында акча которуулардын көлөмдөрү боюнча Бишкек биринчи орунда турат, ага тыштан келген акча которуулардын 30,5%, сыртка акча жиберүүнүн 80,8% туура келет.

Быйылкы жылдын акыркы айларында акчанын келиши жана кетиши кескин жогорулап, бир нече рекорддор катталган. Улуттук банк билдиргендей, август айында Кыргызстандан чыгарылып кеткен каражаттардын көлөмү 133,4 миллион долларды түзгөн. Анын көбү жеке адамдар аркылуу которулган.

Улуттук банктын 2005-жылдан берки ачык маалыматтарына ылайык бул бир ай ичиндеги капиталдын чыгып кетишинин рекорддук көлөмү. Адатта анын өлчөмү 60 миллион доллардан ашчу эмес.

Быйыл апрелден августка чейин Кыргызстандан акчанын чыгып кетиши рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Сегиз ай ичинде өлкөдөн 608,9 миллион доллар чет жактарга которулган. Буга чейин эң жогорку көрсөткүч 2019-жылы катталган, анда 336 миллион доллар чыгып кеткен эле.

Ошол эле маалда четтен келген акча агымдары дагы көбөйгөн. Август айында Кыргызстанга акча которуу системалары аркылуу 301,6 миллион доллар келген. Бул тарыхтагы экинчи көрсөткүч, анткени июнда рекорддук көрсөткүч 317,2 млн. долларды түзгөн.

Сегиз ай ичинде республикага 1 миллиард 919,6 миллион доллар түштү. Буга чейин январь–август айларындагы эң жогорку көрсөткүч 2018-жылы 1 миллиард 744,1 млн. доллар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG