Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

Кемпир-Абад иши: камалгандардын жакындары нааразылык акциясына чыгышты


"Массалык башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камакка алынган активист Айбек Бузурманкулов менен саясатчы Клара Сооронкулованын жакындары Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдына митингге чыкты.

Алар камалгандарды бошотууну талап кылууда.

Аларга 9-ноябрда бөгөт чарасы каралаган башка активисттердин жакындары дагы кошулганын сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 9-ноябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу доо арыздарын карап жатат.

Буга чейин шаардык сот активисттер Али Шабдан, Атай Бейшенбек жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Биринчи май райондук соту аларды 20-декабрга чейин камоо тууралуу чечим чыгарган. Мындан сырткары сот аты аталгандар менен кошо Атайын кызматтын мурдагы башчасы Кеңешбек Дүйшөбаев, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Перизат Суранованын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалып, дээрлик бардыгы эки айга камалышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Кармалгандар өздөрү күнөөсү жок экенин айтып жатат. (КЕ/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG