Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Орусия Republic басылмасынын башкы редакторуна издөө жарыялады


Дмитрий Колезев.
Дмитрий Колезев.

Орусиянын Ички иштер министрлиги Republic басылмасынын башкы редактору Дмитрий Колезевге федералдык издөө жарыялады. Mediazona кабарлагандай, журналистке кылмыш иши козголгон, бирок кандай берене экени белгисиз.

Колезев өзү да иштин чоо-жайына түшүнбөй турганын Телеграм-каналына жазды. Анын белгилешинче, орус куралдуу күчтөрүндөгү "фейктер" же орус куралдуу күчтөрүн "дискредитациялоого" байланыштуу пикирлери үчүн болушу мүмкүн.

Орусия Украинага кол салгандан кийин, марттын башында өлкөсүнөн чыгып кеткен Колезев Москванын кадамдарын сындап келген.

24-февралда Украинада согуш башталгандан кийин Роскомнадзор маалымат каражаттарынан окуяларды чагылдырууда орусиялык расмий булактардан алынган кабарларды колдонууну талап кылган. Андан кийин Башкы прокуратура орус армиясы тууралуу “жалган маалымат тараткан” деп согуштук аракеттерди чагылдырган сайттарды жабууну талап кыла баштаган.

Натыйжада "Настоящее время", "Свобода" радиосу, Крым.Реалии, "Америка үнү", New Times, "Тайга.инфо", DOXA, "Эхо Москвы", "Дождь", "Медуза", Би-Би-Си орус кызматы, Deutsche Welle жана башка басылмалар бөгөттөлгөн. Алардын арасында Republic да бар.

XS
SM
MD
LG