Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Днепропетровскиде логистикалык ишкана бутага алынды


9-ноябрга караган түнү орус аскерлери Украинанын Днепропетровск облусуна жанкечти дрондор менен чабуул койгонун облустук аскер башкармалыгынын жетекчиси Валентин Резниченко шаршемби күнү эртең менен билдирди.

Ал "орус оккупанттары аймакка жапырт кол салганын", Украинанын абадан коргонуу күчтөрү соккуларга каршы турганын билдирди. Орус тарап Днепр шаарындагы логистикалык ишкананы да бутага алганда төрт кызматкер жарадар болуп, үчөө оор абалда ооруканага жеткирилди.

Дрондун соккусунан өрт чыгып, компаниянын кампалары күйүп кеткен.

Москва октябрдан бери украин шаарларына учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку урууда. Расмий Киев билдиргендей, Орусия негизинен Иранда чыгарылган "Шахид 136" деп аталган "жанкечти" дрондорун колдонууда. Москва менен Тегеран муну четке кагып келет.

Ал арада Херсондон 50 чакырым алыстагы Снигирёвкада салгылашуу болгону маалымдалды. Орусиянын күчтөрү маанилүү коргонуу линиясы деп атаган бул шаарда украин аскерлеринин чабуулун токтотуу аракети жүрүп жатканын оккупацияланган аймактын башчысы Юрий Барбашов РИА Новости агенттигине билдирген.

Барбашов жергиликтүү тургундар көчөлөрдө аскер техникаларын көргөнүн кошумчалаган. Агенттиктин маалыматына караганда, Барбашов өзү ал жакта эмес. Ал айткан техникалар орус күчтөрүнө таандыкпы же украиндергеби, ал да белгисиз.

Снигирёвка шаары Украинанын Николаев облусунда жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG