Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:26

Президент Жапаров Самаркандда Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат


Самарканд.
Самарканд.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен барат. Ал 10-11-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Расмий айтылгандай, саммитте мамлекет башчылар көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, уюмдун 2022-2026-жылдарга карата декларациясын жана стратегиясын кабыл алышат.

"Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү тармагындагы келишимдерге жана документтерге кол коюу, ошондой эле уюмдун жана эл аралык түрк академиясында бир катар кызматтарга дайындоо пландалууда", - деп жазылган президентттин басма сөз кызматынын маалыматында.

Саммиттин жүрүшүндө Уюмдун Башкы катчысы кызматына Кыргызстандын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынат.

Өзбек тараптын төрагалыгы астындагы өтө турган жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын президенттери катышары күтүлүүдө. Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын парламентинин (Халк Маслахаты Милли Генгешинин) төрагасы уюмда байкоочу макамында катышат.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкууланары күтүлүүдө.

Ноябрдын башында Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жыйыны өткөн. Анда Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун темир жол багытындагы кызматташтыгы талкууланган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG