Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

2023-жыл түрк дүйнөсүндө "Бакен Кыдыкеева жылы" деп жарыяланды


Бакен Кыдыкеева.
Бакен Кыдыкеева.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады.

Мындай чечим түрк дүйнөсүнүн маданий борбору саналган Бурса шаарында уюмдун 39-жыйынында кабыл алынды.

Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан ж.б. өлкөлөрдүн маданият министрлери жана эл аралык ТҮРКПА уюмунун өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын айтылуу актрисасы Бакен Кыдыкеева "Салтанат", "Токтогул", "Ашуу", "Ак тоолор", "Биринчи мугалим", "Саманчынын жолу", "Жоргонун жүрүшү", "Караш-караш окуясы", "Көчө" жана башка көркөм фильмдерде, жүздөгөн спектаклдерде ойногон.

1970-жылы СССРдин Эл артисти деген наамга ээ болуп, ошол эле жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 1977-жылды Бүткүл союздук кинофестивалдын "Актёрдук иш үчүн сыйлык" номинациясынын ардактуу лауреаты болгон.

Анын ысымын учурда борбор калаадагы Жаш көрүүчүлөр театры жана бир көчө алып жүрөт. Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлык театр өнөрпоздору үчүн уюштурулган.

Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Төкөлдөш айылында (айрым маалыматтарда 1920-жылдын 20-сентябрында) туулган. 1993-жылы дүйнөдөн кайткан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG