Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Сүйүү сезимин өчүргөн осол окуя


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орустун алп жазуучусу Лев Толстой артына опол тоодой адабий мурас калтырган дүйнөлүк адабияттын саналуу классиктеринин бири. Бул ирет жазуучунун “Балдан кийин” аңгемеси тууралуу кеп кылууну туура көрдүк.

Пендем ай, пендем!..

Сыртынан баам таштаган адамга алп жазуучу кадыресе жөн-жай темалардын бирин көтөргөндөй сезилери бышык. Коюлган суроо деле жөнөкөй, бул жер үстүн байырлаган башка макулуктардан адам эмнеси менен айырмаланат? Бир караганда жеңил, жөнөкөй көрүнгөнү менен салттуу суроонун жандырмагын табыш кыйын. Чыгармада мына ушул соболго алп жазуу өзүнчө жооп издеген. Алдагыдай суроого кээ бирөөлөр ыйманы менен деп жооп бериши мүмкүн. Ыйман дегениң деле көп кырлуу, көп сайлуу нерсе.

Аңгеменин баш каарманы Иван Васильевич да ушул суроону алдыга жайып, ага жооп издегендердин бири. Анын жообу деле белгилүү, пенде баласы ак менен караны өзү деле жакшы аңдай албайт деп эсептейт. Айтып эле тим болбой, ал киши башынан өткөндөрүн тизмектеп, толгон-токой окуяларды баяндайт, айтканын ырастамайын жаны жай албаган кутманың убакты-саатын карабай өткөндү саймедиреп отурат.

Акылдуу кишиге айла жок. Бардык жерде ал токтоолугун, адамда жок эстүүлүгүн баса көрсөтүүнү милдетим деп эсептечү. Пенде баласы өсөм десе, өнүккүсү келсе ал жашаган шарт-жагдайды жакшыртуу керек, ансыз адам өзгөрбөйт, жагдайдын кулу болуп жашай берет дечү. Дегинкиси чөйрөсүнөн кескин суурулуп чыгып алеки саатта башкача түскө өткөн пенде баласы жок, бу айры бут пендең жагдайдын кулу экенин узундан-узун саймедиреп түшүндүрүп кирчү. Ал эми башынан өткөргөн окуя, мисалдарды кемелине келтире баяндап киргенде анын кайсынысы чын, кайсынысы калп экенин ажыратыш кыйын болчу.

Ашыктык жашка карабайт

Айтымда Иван Васильевич айдай сулуу жашамал аялга ашык болуп калат. Күйөөгө тийген кыздары бар болчу дейт. Анан бир түнү, тагыраагы, таң эрте жанагы алдамчы сезимге кезигип атпайбы. "Анын он сегиздеги кезин көрсөңөр бир укмуш, басканычы, койкойгон моюнун түз кармап, айланасындагыларды байкар-байкамаксан болуп, кадам таштаганы билинбей калкып баратканын көрсөң" деп деле бир укмуш сүрөттү алдыбызга тартып атпайбы.

Узун бойлуу, арык, сөөк-саактуу зайып окшойт. Он сегизинде, албетте, сулуу болсо болгондур. Иван Васильевич өткөн чакты тим эле жанында тургандай сүрөттөп атпайбы, баскан-турганын. “Кеп анда деле эмес” дейт. Кыркынчы жылдар, элеттик окуу жайдын студенти, жетишпеген эле убакыт, бирок ага жаштык деген карамак беле, шайыр-шаңдуу жашоо-тирлик өкүмүн жүргүзүп, оюн-күлкүгө тойбой турган чак.

“Мен оюнга тойбогон куунак, анан да шок бала элем, буга кошумча, турмуш-тириликтен кем-карчы жок байдын баласы болчумун. Лепилдеген жорго атым бар эле, ага күлкүчү кыздарды учкаштырып алып ылдыйга чаап түшчүбүз (ал кезде коньки тебиш жөрөлгөсү жайыла элек), ашыналарым менен шапар тепкенди жакшы көрчүбүз. (Ал кезде шампандан башка ичимдикти оозго алчу эмеспиз, акчабыз жокто деле башканы иччү эмеспиз, азыркыдай аракты качыруу жок). Менин аябай жакшы көргөн нерсем - салтанат-кечелерге барып бийлөө эле. Бий жагын катырчумун, өң-келбетим да дурус болчу дегендей.

- Антип өзүңүздү анча эле паска тебе бербеңиз, - деди кеп тыңдап отурган айымдардын бири. – Биз сиздин жаш кездеги сүрөтүңүздү көргөнбүз, татынакай экенсиз. Эч ким аны куник деп айта албайт, бажырайган татынакай жигит болупсуз.

- Чырайыңды чылап ичмек белең, негизи кеп анда деле эмес. Кеп мындай, мен жанагы зайыпка ашык болуп болуп жүргөн чакта масленица майрамы соңуна чыгып бараткан күндөрдүн бири эле. Биздин губерния баштыгынын акыл кошчусу, дасторкону берекелүү, үйүнөн мейман үзүлбөгөн боорукер аксакалдын үйүндөгү шаң-салтанатка – балга катышып калдым. Меймандарды жылмайып кабыл алып жаткан аксакалдын байбичеси маанайы жарык жакшы аял болчу. Ал кымбат баа баркыт көйнөк кийип, башына асыл таш чөгөрүлгөн үкүлүү топу түспөл баш кийими, Елизавета Петровнанын сүрөтүндөгүдөй ачык көкүрөгү мамыктай жумшак эле. Бал укмуш өтүп аткан, жаркыраган зал, заманына жарашкан байлардын көңүлүн аччу музыканттар менен ырчылар, дүйүм тамактардан ийилген узун үстөл, шампан дегениң суудай агып, салтанат күжүлдөп күчүндө турду. Напсим шампанга ооп турса да ууртабадым, ичпесем да сулуу аялдын жытына мас болуп, аны менен чарчагыча бийледим, кадрилге чимирилип, вальста чайкалдым, полькага түштүм, Вареньканын белинен имере тартып ыргакка көшүлдүм. Ал ак көйнөк кийип, белине жарашыктуу кемер тагып, колунда апакай колкап, анысы узун арык билегин жарым-жартылай жапкан жарашыктуу ак жибек кездемеден тигилиптир. Мазурканы бийлей албай калдым: мен жек көргөн инженер Анисимов, анын бул кылыгын өмүрү кечирбесмин, сулуум залга жаңы киргенде бийге чакырып кетпеспи. Мен парикмахерге колкап алайын деп кичине кечигип калгам, ал ошонумду пайдаланып кетти. Ошентип мазуркага аны менен түшө албай калып, мурдатан жакшы мамиледе жүргөн алман зайып менен бийге түштүм. Бир жаман жери алман менен ачылып сүйлөшпөдүм, тегеренип жүргөндө эки көзүм ак көйнөкчөн белин кызыл кемер менен курчанган узун бойлуу сулууда болду. Анын мээримдүү жароокер көздөрүнө кадалып, жадыраган жүзүнө суктанып, жылмайганда ачылган сулуу жүзүнө сугулуп карап жаттым. Жалгыз мен эмес, залдагылардын баары эле аны карап, сугулуп карап турушкандай сезилди, аял-эркек дебей баарысы жарданып, баарысы ашык болгондой, бул кечте андан сулуу, андан чырайлуу жан жок эле”.

Кызыгы бий бүткөндөн кийин болду. Иван Васильевич ашык болгон айым эч кимден тартынбай жылмайып ага карап келатты. Ошол учурда андан өткөн бактылуу, андан өткөн таалайлуу киши жок болчу. Улам-улам бийге түшүп, бирине-бири сөзү, көзү жагып, сугула карап, бир укмуш сезимдерге балкып турушту. Ал кезди азыр да кудум ошол учурдагыдай кылып айтса көздөрү жайнап, толкунданып кетет. Азыркы жаштар ашыктыктын денесин гана көрүшөт, мага анын денеси эмес өзү, сезими, ыкласы – баары жакчу десе ким деле болсо ишенет. А бирок керемет учурдун деле аягы болот. Музыканттар да чарчап, тегерек үстөлдөрдө карта чаап отургандар турушуп, чогулгандар тамак-аш турган жайга агылып, акыркы бийге түшкөндөр суюла түшкөн маал болчу.

“- Ооба. Мен көбүнчө аны менен гана бийлеп атып убакыттын кантип өткөнүн байкабай калыпмын. Музыканттар чарчап, алы куруганда, салтанат аягына чыгып баратканын билдириш үчүн мазурканын жалгыз мотивин улам кайра ойноп, конок бөлмөдөн карта ойноп олтурушкан аталар-апалар чыга келишти, кыйласы тамакка карай башташты, лакейлер табактарды көтөрүп, ашыгып басып калышты. Саат үчкө карады. Акыркы мүнөттөрдү пайдаланып калыш керек эле. Мен аны бийге чакырып, биз жүзүнчү ирет залды айланып бийлеп жүрдүк.

- Тамактан кийинки кадриль меники, - дедим аны четке чакырып.

- Албетте, мени алып кетишпесе, - жылмаюусу аны ансайын сулуу көрсөтүп турду.

- Мен ага бербейм, - дедим мен.

- Желпүүрдү бериңизчи, - деди ал.

- Бергим келбей туру, - анын апакай арзан желпүүрүн берип жатып ушинттим.

– Мына, сизге, мени аябай муну алып коюңуз,- ал желпүүрдөн бир тал канат жулуп мага сунду. Тал канатты сулуунун колунан алып ага кандай сөз айтсам деп, анымы билдире албай, аябай толкунданып, бул дүйнө бир укмуш көрүнүп, ошол учурда менден бактылуу, менден бай эч ким жок эле. Чын эле ошол учурда өзүмдү март, берешен, жандуулардын баарына аянбай жакшылык кылчу жан сезип, ичке толгон алоо сезимди кантип билдирүүнүн аргасын таба албай толкунданып турдум”.

А бирок ал сулуусу менен акыркы бийди бийлей албай калды. Атасы чакыртып кетти, экөө топтон бөлүнүп чыга бергенде карылыкка алдыра элек жарашыктуу полковник формачан адамды суктана залдагылар суктанып карап турушту. Полковник кызы менен бийге чыкты. Сулуу кызы менен жарашыктуу кийинген атасынын бийине залда тургандар бир алдын суктануу менен, сулуулукка суктанып карап турушту. Карылык деген карылык, кызынын жанында атасынын кыймылы биртоп оорлошкону сезилет экен. Бий аягына чыкканча атасынын бели талып, бир бутуна күч келтирип жылбай туруп калганда кызы жагдайды жайгарып кетти. Залдагылар экөөнө дуулдата кол чабышты. Полковник жанатан бери кызы менен бийлеп жаткан жаш жигитке сулууну тапшырып жатып “эми сиз бийлеңиз” деп жиберди.

Ошондогу экөөнүн бийиндей жакындык, бири-бирине делген сезим дайым боло бербес. Иван Васильевичтин кубанычында чек жок эле. Акыры мазурка да бүттү. Сүйүүсүнүн ичке белине жаамы дүйнө жакшылыгы байланып калгансып бир укмуш сезимге туш келип, толкунданганычы. Экөө сүйүү жөнүндө кеп кылышпады, экөө тең бирин-бири сүйөм деп айтышпады, аны сурашпады деле. Чарчаганча бийлеп, дүйнөсү түгөл, оюнун баары ашыгында болуп, ал учурда бир укмуш өрөпкүп жүрдү. Үйүнө келгенден кийин да уйкусу келбей өрөпкүгөн сезимине ээ болбой жүргөнүчү.

Катаал жаза

Балдан келгенде таңкы саат бештен өтүп калган. Чакан шаарда аз-аздан кыймыл башталып, эртелеп чыккан ары-бери каттай баштаган учур болчу. Вареньканын атасы шаардын четирээк жагында, кенен талаанын четинде турчу. Абай салып караса, алардын үйүнүн жанынан музыканын үнү жаңырып адамдар жүргөнсүйт. Таңкы ымыртка кошул-ташыл дүңкүйгөн капкара сөлөкөттөр жакындап келгенде караса аскерлер экен. Кандайдыр бир аскердик машыгуу өтүп жаткан шекилдүү. Аскерлер кара кийимчен, мылтыгын бутунун жанына коюп какайып турушуптур. Алардын артындагы музыканттар кулактын кужурун алган чайылдак музыканы ойноп жатышты. Иван Васильевич жанында турган устадан бул жерде эмне болуп жатканын сураса, чогулгандар качып кеткиси келген татарды жазалаганы жатышканын айтты.

Бел курчоосуна чейин жылаңач адамды куралдуу эки аскер айдап алып, жанында тааныш бирөө келатыптыр. Байкуш качкын токмок жеген сайын диртилдеп, жанындагы аскерлер түрткөн сайын карга жыгылып, кан жайыла берди. Тааныды, туткунду жазалап жаткан Вареньканын атасы, полковник экен. Бечара качкын жаны ооруган сайын жанындагыларга жалынып, бирок ага эч ким көңүл бурбай, полковниктин ачуусу келип, айланасындагылардын бир да бирөөнү карабай, бечара качкынды жазалоосун улантып жанынан өтө берди. Качкынды жакшы токмоктобой жаткан жапалдаш бойлуу аскерди полковник жибек кол кабы менен темир чыбыкты алып уруп киргенин көргөндө Иван Васильевичтин үрөйү учту. Уруш кандай экенин титиреген аскерге көрсөтүп, темир чыбыгы менен урган сайын тигинин бүжүрөгөнүнө ансайын жини келип, албууттанып токмоктоп жатты.

Көргөн адамды жипкирткен ошол окуядан кийин анын аскерде кызмат өтөө максаты кызыксыз, адам баласынын табиятына жат-жапайы инстинкт катары сезилип, аскер кийимин кийгендин баары ага жек көрүнүп, көңүлү үч көчкөн журттай калды. Салтанат-шаңда бүр ачкан сүйүү сезими да ошол окуядан кийин биротоло өчүп, байкуш качкын аскерди өзү жазалап, аёосуз токмоктогондон бетер Вареньканын алдында уялып, айткан сөзү, аракет-кыймылы коошпой жүрө-жүрө экөөнүн жолугушуусу сээлдеп, соңунда жат кишидей кездешпей калышты.

“Сүйүү деле өтүп кетет экен. Ушундай да болот тура, адам турмушу заматта өзгөрүлүп, башка нукка бурулуп кетет экен. А силер айтасыңар...” дейт Иван Васильевич. “Өтө кызыл бат оңот” дейт го, ошондой болду окшойт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG