Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:40

Кара-Көл баяны: айдоочу, сүрөтчү жана аял


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Жолдогу кырсык жолоочуну катуу бейпайга салды, машине айдоочунун аны көрбөгөн-билбеген болуп өтүп кетиши ансайын маанайын түшүрдү. Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровдун көркөм-психологиялык кызыктуу баянында сүрөттөлгөн окуяларды Бекташ Шамшиевден уксак.

Жар сүзгөн машине

Мурда деле, азыр деле Памирге барыш - тозоктун-тозогу. Алыс жолго чыккан жүргүнчү асман тиреген ашууларды ашып, ойго түшүп, тоого чыгып, жанды оозуна тиштеп көздөгөн жерине жетет.

Жол азабы – көр азабы деген ушул, жолдо түтөк деген балээси да бар.

Сыдык бул жакка сүрөт тартууга келе жаткан. Жаңы тема издеген жигит этюднигин алып жолго чыккан. Бул жердин бак-дарагы жок, жылаңач карагай мамылары соройгон кыштакчалары, адамдары жагат. Бийик тоо арасындагы адамдардын бир калыптагы жашоо-тирдиги буга кызык. Алыс жолдо келатып шопурду кепке тартып, аны-муну сураган болду. Бирок тигил дулдуюп, суроолорго чолок жооп кайтарып анча ачылбады.

Ошентип келатышканда жол боюнда кырсыкка учураган машиненин жанына токтобой кайдыгер карап коюп өтүп кете бериши Сыдыктын таңдануусун ансайын күчөттү. Булар келаткан жолдо чоң жүк ташуучу машине тумшугу менен бийик жарды сүзүп токтоптур, карагай торсундардын бири машиненин айнегин көзөп кабинага кирип кетиптир. Ичиндеги айдоочусу эмне болду экен?


Шоопур унчукпай машинесин токтотпой жол улай берди, ушундай да мерез киши болот экен, ээ?!

Дулдуйган кара киши ага Оштон чыккандан эле жаккан эмес. Эч сүйлөбөй, телмирип жолду карап, жактырбагансып келатат. Сүрөтчүлүк баамы алдабаптыр, кебете-кешпиринен түнт, орой экенин байкалды эле, ошондой болуп чыкты. Сыдык жолдо сүйлөшүп барыш үчүн сүрөтчү экенин, бул жактан сүрөт тартканы келе жатканын кобурады, айдоочу сүрөтчү болсоң эмне кылайын дегенсип дулдуюп унчукпады.

Памирге сүрөтчү дегениң күндө келип атпаган соң кызыгып сурап койсо болмок, “жакшы экен” деген гана жооп болду. Кыязы, санаасын санга бөлгөн арман-күйүтү бар окшойт, бир-эки жолу үшкүрүп ийгенинен Сыдык ушинтип ойлоп калды. Машина Алайдын тоо арасында жайылган кенен талаасына кирди. Жол боюнда ала-телек кар жатыптыр.

“— Ой-бо-ой, бул жактын кары али кете элек ко? — деп таңыркады Сыдык.
— Африкага бараткансып сүйлөйсүң да,— деди буга шоопур шылдыңдаган түр менен, темир тиштери кашкайта ырсайып.

Сыдыктын жини келди, бирок үндөбөдү. Ошончо көп машинеден, келип-келип ушунун машинесине отурганына бушайман жеди. Эми болор иш болду, эптеп Мургабга жетип алайын деди. Мургабга жеткенден кийин убадалашкан жыйырма сомун колуна карматып, тескери бурулуп кетет. Ага чейин сүйлөбөй эле коюш керек буга деп чечти. Ошондон кийин, чын эле сүйлөшкөн жок. Экөө тең өз ойлору менен алаксып, бири-бирине көңүл бурбай, үн-сөзсүз жүрүп келатышкан. Бирок мына бул кырсык аргасыздан шоопуруна кайра караттырды.

Кызык, шоопуру таптакыр бейкапар отурат.

"Көрбөй калды бекен?" — деп ойлоду Сыдык.

Андай болсо, айтыш керек буга, токтотсун. Тигил бечаранын акыбалын билип өтпөсө болобу. Жардам берип дегендей, а эгер жардам кечиксе… өздөрү менен кошо ала кетишке туура келет. Албетте, кузовдун ичи жык көмүр, а кабинада өлүк кишини шалактатып жөлөп барыш кыйын, бирок ошентсе да…”.


Айтайын деп оозун камдап баратып дагы карманып калды. Айтса, мунусу тултуюп жооп бербей койсо кантет? “Сенин эмне ишиң бар!” деп койсочу! Күн кечтеп, толтура көмүр жүктөгөн шоопур машинесин токтотпой көздөгөн жерине жетип алайын деп токтобой келатат. Анын үстүнө кырсыкка кабылган адамга жардамдын кереги жок болуп калса анын сөөгүн жүктөп алып жүрмөк белем деп ойлогондур.

Жолдо каза болгон адамды биринчи ким көрдү дешип иликтеп калышса бу шоопурду сурактан-суракка чакырышып, айласын кетиришер. Мүмкүн ошондон чочулап аткандыр, ошондон көрмөксөн-билмексен болуп өтүп кетти окшойт.

Кырсыктын себеп-жөнүн иликтеп, кылмыш иши ачылып калса Сыдыкты да күбө катары чакырышы мүмкүн. Андай болсо сүрөтчүлөр биримдигинен сурап алган бир айлык чыгармачылык командировкасы милицияда сурак берүү менен өтөт.

Сыдык антип өз ою менен алек болуп отурганча машине кырсык болгон жерден кыйла узап кетиптир.

Бийик дабанга кыйналып-кысталып чыккан оор жүк машине эми ылдыйга ошондой эле ынтыгып түшүп келаткан. Сыдык кызыкча абалда келатканын шопур да байкаган окшойт: “Эмне эле ойдолоктоп атасың?” деп сурады. Сыдык да сыр билгизбей “жөн эле” деп койду. Сыдыктын ою барып-келип эле жанагы жолдогу көрүнүшкө такала берди.

Дабандан түшүшкөндө иңир кирип айдоочу жарыгын күйгүздү. Машинени күтүп тургансып бир коён томураңдап машине жарыктан чыкпай качып баратты. Шопур ага көңүл деле бурбады.

“Бара-бара коён арып, машиненин тумшугуна жакындай баштады. «Жолдон чыгып кеткей эле, бечара» — деп тиледи Сыдык. Шоопурга кайрылып, токтотуп кой, тиги жаныбар кутулуп кетсин дешке батынбады. Беркинин тил алчудай түрү жок.

Акырында машине коёнго жетип, коён анын астына кирип кетти. Сыдыктын жүрөгү шуу дей түштү. Ал коёндун аман калганын же тепселип кеткенин билбей калды. Куду кырсыкка учураган машиненин шоопурун көрүүгө үлгүрбөгөндөй, арманда кете берди. Шоопурду караса, шоопурдун жүзүндө эч кандай өзгөрүш көрүнбөдү, бар болгону кабинанын ичин жаңырта катуу чүчкүрүп алды.


Жок, бул үйүң күйгүр жолдогу машинени сөзсүз көрдү деп ойлой баштады Сыдык кайрадан. Көрүп, ичиндеги адамга ушу коёнго болгон мамилесиндей эле кош көңүл мамиле кылып койду…”

Жоголгон “гылдырек”

Түндөсү булар Кара-Көл деген кыштакка келишип, айдоочу машинесин токтотуп Сыдык экөө чырагы күйүп турган үйлөрдүн бирине киришти. Ал жерден тор токуп олтурган сулуу келинди көрдү. Келин элпек тура калып шоопурду көргөндө көздөрү жанып, өзүнчө эле толкунданып калды. Дугдуйган капкара шоопурга сулуу келиндин эбилип-жебилип калышынан Сыдык анын кимиси болот суроосунун жандырмагын чече албай отурду.

Келин отто турган тамагынын эттүү-майлуусун айдоочуга куюп, калганын Сыдыкка берип балдар менен кемпирди сурап кирди. Өзүнүн карыган ата-энеси алыска кетип атасың дешкенин, мурдагыдай каршы болбой калышканын айтты. Сыдык сөз арасынан айдоочунун жакында эле аялынан ажырап бу сулуу келинди үйүнө алып барайын десе оорулуу апасы каза болгон келининин “жок дегенде кыркылыгы өтсүн” деп макул болбой жатканын, апасыз балдар кыйналып, оорулуу кемпир аларды жакшы карай албай жатканын боолгоду. Тамак ичилгенден кийин шоопур аны башка мейманканага чыгарып ийди.

Мейманкана эки бөлмөлүү там экен. Бирөөнүн чала жабылган караңгы эшигинен уйкудагы кишилердин коңуругу угулат. Кийинкисинде он чакты керебет коюлуп, ал жерде үч киши жатыптыр. Керебеттегилер темир мештин жанында чулгоосун кургатып жаткан сары чийкил жигиттин аңгемесине кыраан-каткы күлүп жатышыптыр.

Сыдык бош керебеттердин бирине келип жаткандан кийин айдоочулардын аския кебине кулак түрүп калды. Сары жигит жакында эле пенсияга чыгып кеткен Памирге каттачу шоопурлардын биринин окуясын айтып жаткан экен. Айтымда, аракка аябай тойгон ошол айдоочуну жолдоштору жөлөп-таяп машинасына отургузуп, машинесин от алдырып жолго чыгарып коюшса тигил көзү ала-чакмак ээн жолдо машинесин айдап келатса бир дөңгөлөк аны менен жарышып келатат дейт. “Кызыталак, бул кимдин гылдыреги болуп кетти?” деп танданып коёт экен. Дөңгөлөк кыйлага чейин аны менен жарышып акыры артта калат.

Мастын колдоочусу бар деген чын белем, он дөңгөлөгүнүн бирөөсү чыгып кеткенин байкабаган айдоочу үйүнө келип жатып калат. Үйүнө келип уктап, эртеси эшикке чыкса, машинесинин бир гылдыреги жок! Анан аялына кыйкырып жатпайбы:«Эй, катын! Бу менин гылдырегимди эмне кылдың?»— деп. Берки жаткандар шарактап күлүп жатышат. Сыдыкка шоопурлардын аңгемеси жакты.

Аскияга күлүп бөлмөдөгүлөр шарактап атканда босогодо узун бойлуу аксакал киши пайда болду. Тигил адам кыйла чарчаган окшойт Сыдыктын жанындагы керебетке келип чечине баштады. Ошол киши чулгоосун мешке кургатып, дөңгөлөгүн качырып ийген шоопур тууралуу аския айткан сары жигитти карап: “Эй бала, сен эмне тумшугуң менен жар сүзүп калгансың? “ деп сурап калбаспы. Сары жигит: “А-а, тормузум иштебей калды, аке”,— дейт.

Канчадан бери Сыдыкты кыжаалат кылган суроонун жандырмагы ушул жерде чечилди. Аскиячы сары жигит машинесинин тормозу иштебей калганда рулду жарга буруп жаналакетте жерге секирип аман калганын айтып берди. Сыдык кырсыкка учураган жигит менен дагы сүйлөшкүсү келди эле, бирок бейтааныш адамдардын көзүнчө окуянын чоо-жайын кадалып суроого батынбады.

Бу байкуш жолдугата эмне деген гана ойлорго түшпөдү. Дугдуйган шопурду ичинен жек көрүп, жок жерден ал бечараны айыптап, анысын бир-эки ирет айтып ие жаздап токтоп калганы абийир болуптур.

Сыдыктын көңүлүн кандайдыр бир жылуу сезим каптап, жанатан бери камтама кылып келаткан камтама ойлордон кутулганына сүйүнүп, үстүнөн оор жүк алынып салынгандай өзүн жеңил сезип кетти.

Көңүлү жайланган Сыдык ал түнү катуу уктап кеткен экен. Эртең менен аны бирөө ойготту:

“— Эй, жигит, тур, шоопуруң чакырып атат!— деди ал, ийнинен катуу түрткүлөп.

Бөлмөдө чырак күйүп туруптур, а кроваттарда эч ким жок. Сыдык нарыдан-бери кийине салып, эшикке жүгүрүп чыкты.

Таң агарып келаткан учур экен. Асманда али сейрек жылдыздар бар, кубагай ай сүзүп баратат. Күн суук. Коргондогу машиналар муздаган моторлорун жылытып, кызыгандары улам-улам кетип жатышат. Сыдыктын шоопуру да машинасын жүргүзүп коюп, өзү анын нар жак, бер жагын карап, күймөнүп жүрөт.

— А-а, сүрөтчү, кандай уктадың? — деди ал жайдары үн менен.

Сыдык мунусуна ыраазы боло түштү.

— Ыракмат, жакшы.

— Анда отур, жөнөйлү.

Экөө тең кабинага киришти. Ошо тапта кечиндеги келин жетип келди. Башында кечээки жүн жоолук. Колунда түйүнчөгү бар.

— Мына муну салып коюң, жолдо жейсиз,— деди шоопурга түйүнчөктү сунуп.
Шоопур түйүнчөктү корзинасына салып алды.

— Мен бүрсүгүнү кайтам,— деди ал.

— Эсен-амаң барып келиң,— деди буфетчи.


Машина ордунан козголду. Келин аны чоң жолго чыкканга чейин узата карап турду. Жолго чыкканда шоопур да аны бир кылчайып карап алды. Ошондон кийин машина жаңы ылдамдыкка өтүп, чырактарынан түшкөн нурду ээрчип, зыпылдап жөнөдү…”.

Мургабга чейин дагы кыйла жер. Кечээтен бери ичин кыйнаган оор ойлордон кутулганына сүйүнгөн Сыдык, көңүлү табышкан сулуусу менен чогуу таң атырганына ыраазы айдоочу бул ирет жандуу баратышты.

Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаров Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан кийин Памир жергесинде мугалим болуп иштеп келген. Жазуучу бийик тоо арасындагы жашоо-тирдикти биртоп чыгармаларында, айтылуу “Кыштакча” повестинде, “Кара-Көлдүн каздары”, “Жол кырсыгы” аңгемесинде кызыктуу баяндап берген. Улуу сүрөткердин жаштыгынын кызык учуру Мургабдын Токтомуш айылында өткөнүн, көркөм дүйнөсүнө чоң из калтырган турмуштук окуялар ошол жерде болгонун замандаштары эскерип келатышат.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG