Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Айтылуу Жумабай палван


Иллюстрация сүрөт.

Жумабай палвандын ысымын жаңылбасам 1990-жылы күзүндө өткөн өзгөчө бир иш-чара - чоң тойдон улам эшиткем.

Илим дегенди баарынан жогору коюп, келечекке чоң үмүт артып дердеңдеп иштеп жүргөн кез. Коңур күз келип калган, бир күнү эле кесиптештерим Ноокатта укмуш той өтөрүн, ага дүйнөнүн биртоп бурчунан кыргыздар чакырылганын, коңшу республикалардан да оголе көп меймандар келерин, улак чабылып, улуттук оюндар ойнолорун, тойду Фергана чөлкөмүнө белгилүү Жумабай палван деген киши берерин кеп кылып, ээленип алышыптыр. Кыргызстан ал кезде короолош жашаган эки элдин кагылышынан өзүнө толук келе албай, анын үстүнө социализм заманы бүгүн-эртең кулап калары түкшүмөлдөнүп, баалар асманга чыгып, кара нанга жетиш кыйын болуп калган кез эле.

Ээликкен досторум акча, минип барчу унаанын эскилигинен, анан да колду байлаган жумуштан чыгып кыйла күн тойлоп келүүгө бара албай калышты. Баарыбыз тең салтанаттын шек-шыбаасын уккандан кийин кыйла ээлигип калган элек. Кысталыш чакта улуттук накты алдыга сүрөп ким эле дүйнөлүк той берип жатыптыр?!

Алыс-жакынкы коноктор

Айтымда, Жумабай палван берчү чоң тойго дүйнөнүн бир топ жерлеринен меймандар чакырылыптыр. Той ээлеринин изги тилеги - ортосу сууй түшкөн эки элди жакындатуу, өнөрлүүлөрү өнөрүн көрсөтүп, балбандары эр оюндарында күчүн сынашып, маанайы басылып калган элди шаңга бөлөп, туугандык мамилени жакшыртуу экен.

Ошон үчүн калың журт коменданттык саатка, ээн-элкин жүрүүгө чек койгон жагдай-шартка карабай кыргыз элинин меймандос, айкөлдүгүн, жакшылык ишке чакырган айтылуу палвандын сыйын жабыла көрүп, каалоо-тилегин билдирип кетүүнү туура көрүп отурбайбы.

Тойдун чоо-жайын кыргыздын таланттуу, өнөрлүү адамдарынын атын укса эле издеп таап жолукмайын жаны тынбас, эчен күн коно жатып асыл кебин эрикпей жазып алчу Буудайбек Сабыр уулунан уктум.

Салтанаттын масштабы социалисттик жашоо ыңгайына көнүп алган көбүбүзгө опсуз сезилгени менен, мааракенин опсуз ыгым-чыгымын палвандын айылдаштары, ноокаттыктар көтөрүп, алыс-жакындан келген конокторду ойдогудай сыйлап, улуттук оюндардын баары ойнолуп, үмүт менен келген өнөрлүүлөрдүн текши баары курсант болуп кайтышканын кийин уктук.

Жумабай палван. Интернет булактарынан алынган сүрөт.
Жумабай палван. Интернет булактарынан алынган сүрөт.

Ноокаттык Жумабай палвандын дүйнөнүн кыйла жеринен кыргыздарды чакырып өткөргөн тою ошентип улуттук деңгээлдеги үлкөн иш-чара катары ага катышкандардын эсинде калды. Бир өкүнткөн жери, ал кездеги видео-көрмө техниканын аздыгынан тасмага кенен-кесир түшүрүлбөй калганы. Кайриет, ага карабай Бишкектен атайын ат арытып барган А. Жамгырчиев деген азамат жигит “Жумабай палван” документ тасмасын тартып келиптир, ошонусу абийир болду. Болбосо маанилүү иш-чараны оозеки баянга айлантып, аңыз кептер менен гана чектелип калмак экенбиз.

Буудайбек Сабыр уулу Жумабай палвандын тою тууралуу өзгөчө ынтаа менен кеп кылчу. Ал киши көздөп калган ишин аягына чыгармайын тыным дегенди билбеген мээнеткеч жан эле.

Билгендердин айтуусунда, Буудайбек аксакал жаш кезинде “Кыргызстан пионери” гезитинде иштеп калбайбы. Анан бир күнү көчөдөн Москвадан окуусун бүтүп келип иш таппай жүргөн акын Рамис Рыскуловго жолугуп калат. Сүйлөшүп отуруп Буудайбек Сабыр уулу (ал кезде Сабыров болчу) Рамис Рыскуловдун Москвадан окуусун бүтүп Фрунзеге келип ишсиз жүргөнүн көрүп ага ылайыктуу жумуш издөөгө киришет.

Өзү иштеген гезит редакциясына келип редакторуна: “Рамис ишсиз жүрүптүр, ушуну албайсызбы?” десе, тигиниси “орун жок” дейт. “Анда менин ордума аласызбы?” деп арыз жазып ишинен бошонуп кете бериптир. А бирок Рамис акын деле пионер гезитинде кагаз карап тушалып отуруудан тажаган күнү баарын таштап кетип калып атпайбы.

Анткен менен Буудайбек Сабыр уулу бирөөгө жакшылык кылууну пенделик милдетим деп эсептечү. Ошон үчүн Бишкекке келген өнөрлүү адамдарды үйүнө алып барып мейман кылып, кыйла күн жанынан чыкпай радиого, Илимдер академиянын кол жазмалар фондуна алып келип жаздырып, кыйла күн, убакты-саатын жыйноочулук ишке жумшарын мен деле көрүп калдым. Буудайбек аксакалдан уккан Жумабай палвандын тою кандайча башталганын кийин “Ноокат” билимканасынын негиздөөчүсү, бирөөгө жакшылыкты гана ойлогон Өмүрзак Мамажусупов агамдан угуп калдым, айтылуу палвандын өмүрү өткөн Ноокаттын Караташ айылында болдум, көркөм сөз чебери Мурза Гапаровдун балалык издери калган адырларды көрдүм. Алма бакка көмүлгөн бир керемет айыл экен, тоо бооруна ыктаган тоолуктарды багбанчылыкка кызыктырган Жумабай палван болгон экен.

1990-жылы Кыргызстандын түштүгүндө кылымдар бирге жашап келген бир тууган эки элдин кагылышынан кийин жагдай чынында эле оор болчу. Кыргызстанда компартиянын бийлиги басаңдап, биринчи ирет президент шайланып, ал эми экономика жаатында адам үрөйүн учурарлык калаты жагдай жаралып калган, баанын асмандашын жаамы журт ошондо биринчи ирет жон териси менен сезип, ортодо бартердик алмашуу деген чыккан, гиперинфляция дегениң акча жөн эле бир кагаз экенин көрсөткөн, иши кылып, кылым тогошорго жакын жоош-момун эл биртоп эле оор сыноодон өткөн.

Ошондой кезеңде Жумабай палвандын жердештери алыс-жууктан эл чакырып чоң той өткөрүүгө бел байлап атышпайбы. Көп жерде, көп элде болуп сыйын көргөн Жумабай палван анчалык элди мен кантип батырам деген окшойт, антсе айылдаштары: “Ал жагын бизге коюң, керек болсо райондун борборунан айылга чейин килем төшөп, жол боюна дасторкон жайып, он миңи атчан келсе анын жем-чөбүнө чейин баарын өзүбүз көтөрөбүз” дешиптир. Элдик ынтымак, жаамы журт алдындагы бийик кадыр-барк деп ушуну айтса жарашат. Азыр андай кишилер аз, канчасы акчасын артына барып элдин сынынан өтүп келе жатышпайбы. Эл да ал кезде башкачараак болгонбу дейм.

Эр эңишке түшкөн, кыргыз, өзбек, тажик туугандарга таанымал улакчынын тааныштары, достору, сыйлашчу адамдары көп болчу. Тууган эки элдин ортосундагы жаңжалдын басылганына үч ай өтпөй Ноокаттын Караташ айылына казак боордоштордун Чымкентинен, өзбек туугандардын Жизак, Макмал, Наманган, Анжиян, Кокондон, бул жагы шиңжаңдык кыргыздардын улакчылары, алыскы өлкөлөрдөн кыргыз тоюн көрөбуз деген меймандар агылып келип, сый-урмат, оюн-зоок, өнөр мелдешинен кийин эки тууган эл ортосундагы капалык, таарыныч-урунуч басаңдап, палвандын тою жагдайдын жакшы жакка оошуна кайсы бир деңгээлде себепкер болгону чындык.

Өмүрзак Мамажусупов - Жумабай палвандын аяш уулу, атасы Шерандын жан бирге курбусу, ынак достордон.

Жулунган арча

Ошол киши 1994-жылы аяш атасын Туркияга он күнгө алып барып келген. Анадолу жергесиндеги окуяларды айтып отурса, ал да өзүнчө кызык кеп. Эңгезер бойлуу, албеттүү палванды көргөн түрктөр “пехлеван- балбан келиптир” дешип аңыз кылып, калдайган кыргыз калпакчан адам менен сүрөткө түшкөнүнө, колунан кармаганына ыраазы болушуп кудуңдап жүрүшсө, базар экономикасынын аркасы менен алдыга кыйла озуп кеткен агайындарды көргөн Жумабай палван: “А, Өмүрзак уулум, биз буларды жүз жылда да кууп жете албайбыз го”, деп биралдын өкүнүч, арыз-арман кошулган суктануусун ачык айтыптыр.

Түркия сапарынан кийин аяш уулуна: “Мага эми Европаңы көрсөтпөй эле кой, аныңы көрүп Кыргызстандын абалын ойлоп жөн эле сарсанаага түшө бербейин” дейт. Кийин бир жолу Өмүрзак аке айылга барса Жумабай палван топ киши менен сүйлөшүп турган экен, барып учурашып эмне кеп экенин сураса Жумабай палван:

“Буларга Түркияны айтып атам, түрктөрдүн туалети Пакизанын пиаласынан да таза экен деп айтып атам”,-дейт.

Жумабай палван Ноокаттын түштүк тарабындагы бийик тоону этектей жайгашкан Карагой кыштоосунда 1939-жылы кеч күздө эл жайлоодон кайткан маалда төрөлгөнүн айылдашы Абдыкерим Муратов жазат. Анын балбандык өнөрү он эки жашка чыккан кезинен башталат.

Кыргызстандагы аламан улак. 2020-жыл.
Кыргызстандагы аламан улак. 2020-жыл.

Эңишке түшүп, мыкты улакчы катары бала кезинен таанылып, жүрө-жүрө Казакстан, Тажикстан, Өзбекстанга чейин атагы тараган. Жашыраак кезинде Украинада өткөн күрөш боюнча СССР чемпиондугуна катышып, анын жеңүүчүсү болуп кайткан экен. Билгендердин ырасташынча, ал кезде бою бир метр сексен сантиметр, салмагы 146 килограм экен.

Эл арасында Жумабай палвандын күрөш, эңиш, улакчылыгынан да колу ачык, берешендиги тууралуу аңыз кептер көп айтылат. Айылдаштары ушу азыр да алыскы Казакстандан балбанга учурашканы келген меймандарын кыйла күн меймандап, өзгөчө сый-урмат менен жөнөткөнүн, байгеден утуп алган соорундарын элге таратып бергенин, айылы үчүн жасаган иштерин сыймыктануу менен кеп кылышат. Алардын бир тобун Жумабай палвандын айылдашы жазуучу Ракманберди Маманов жакында жарык көргөн “Жумабай палван” деген документ чыгармасында баяндап, өмүрү легендага айланып кеткен улуу инсандын жашоо-турмушун ынанымдуу чагылдырып, жашоо-турмушу аңызга айланып кеткен улуу инсандын пенделик бейнесин ачып берди.

Чыгармада Жумабай палвандын бала кезинен каруу-күчтөн тайып, карылыкка моюн сунган кезине чейинки кызыктуу окуялары баяндалган. Согуштан кийинки оор турмушта улуттук каада-салт, оюн-зооктор токтолбой, карапайым калктын сүйгөн эрмеги эр эңиш, улак болгонун, андайда эл арасынан чыккан азаматтар намыска жарарын бир топ турмуштук эпизоддор аркылуу сүрөттөп берген.

Жазуучу Жумабай палвандын кара күчү кандайлыгын тестиер кезиндеги кыска бир окуяга байланыштырып минтип сүрөттөгөн. Эпизод чынында эле кызык. Согуштан киийнки оор мезгил, элдин колунда жок, майданга кеткендердин азы келип, көбү кайтпай калган. Жумабай иниси экөө отунга барып, куураган бутак-шактарды чогултуп жүрсө иниси Абдалым киши бою көтөрүлүп калган арчаны “жулуп бериңизчи” деп атпайбы. Бул агасынын кара күчү канчалык экенин сыноо болчу.

“Тигинин чоң кишилерче парлап күүлөп жатканына түшүнө таңданып башын чайкап коюп кантсе дагы ал көрсөткөн бел курчоо бойлой түшүп өскөн жыты буркурак жалгыз жибек арча көчөттүн жанына басып барып алаканына түкүрдү. Анан анын тутам түбүнөн бекем мыжыга кош колдой кармап нары-бериге толгой эки-үч жолу күчүркөнө катуу-катуу копшоду, ыскаты калгырың, мелтейгенсип ордунан былк этип койсо канале, тим эле жерди бекем чеңгелдеп алгансып зыңылдайт...

Анан терең алган демин чыгарбай жаактарын чулчуйта катуу чиренип мыжыгып нары-бериге копшоп өйдө булкуп тартты. Арчанын өтөле чийеш тамырлары үзүлбөйле түбү копшоло көтөрүлүп тамырлары чытыр-чутур этип барып борпоң кара топурактын үстүнө чубаланып чыга түшкөндө арчага кошулуп өзү чалкасынан кетти”.

Каруу-күчкө толуп көпчүлүк чогулган жерде өнөрүн көрсөтүү Жумабай палвандын эс-акылын толук ээлеп, жарактуу ат алып, аны багып, эңиш менен улакка кызыгуусу артат. Намыс ортого коюлуп калган чакта кара күч жагынан бирдей балбандар да ортого түшүп эңишип каларын бир тойдо Абдикарим менен Карбек палвандын эңишинен көрдү.

Бири-бирине кызыгып калган эки балбанды тирештен аксакалдар сактап, мелдешти токтотуп коюшат. Бул да каны кызып, атаандаштыкка өзүн даярдап жүргөн жаш балбанга чоң сабак болот. Кара күч мелдеши акыл менен калыстыкка, айкөлдүк менен марттыкка ширелсе гана көркүнө чыгарын, аны сактаган балбандын эл арасында кадыры өсөрүнө ал турмушунда эчен ирет күбо болду, башынан кечирди. Бири экинчисинен кем калбаган эки палван эңишип жатканда Жумабай кимге жан тартарын билбей арасат турган.

Берешендик

Кийин ал аксакалдардан илгерки заманда тажик менен кыргыз чогулган чоң жыйында Музафар палван менен Бубажан палвандын эңиши тууралуу кызыктуу баянды эшитти. Дөөгүрсүгөн балбанды Бубажан кантип жеңгенин угуп, элдик намыс маселеси алдыга калкып чыкканда таймаш өтө катуу өтөрүн, ким кантип жеңип, кимиси кантип жеңилгени урпактарга чейин айтылчу аңыз кеп катары унутулбай айтылып каларын аңдады.

Эр эңиште тандалып чыккан эки балбандын кара күчү менен ыкчылдыгы алдыга чыкса, казганактаган чабандестердин арасынан ортодо жаткан улакты көтөрүп жалга ашырып, топтон алып чыгууга опсуз кара күч, ыкчыл аракет талап кылынарын, оюн ышкысы адамды аркыл сыноолорго саларын өз башынан өткөрдү. Кийин жаштык кызуулук менен торпок улакты илгиртпей жерден илип көтөрүп жалга ашырып алган атаандашынын “такымынан бир тартып жулкуп алып кеткен” учурунан тарта ал катышкан чоң мааракелерде Аманбайдын балбан уулу Жумабай тууралуу гана аңыз кептер айтылып, палвандын жылдызы жанды.

Эр эңиш, Чолпон-Ата шаары. 2021-жылдын 21-марты.
Эр эңиш, Чолпон-Ата шаары. 2021-жылдын 21-марты.

Бапыраңдаган март уланга оомат ооп, тийген соорундардын көбүн жашы өткөн аксакалдарга, жардыларга берип, марттык менен берешендикти эриш-аркак ала жүргөн элдик инсанга айланды. Анын мүйүздөрү чочмороктошуп калган чоң семиз кочкорду кармап алышы, күч менен туйлап бошонуп кеткен кочкордун “жамбашынын ак буладай аппак жүнү менен кошо жулунган шапалактай майлуу терисине айраң-таң” калышы, курбусу менен мелдеше кетип өрүктүн данегин бармагы менен “тырс” сындырганы, койдун жилигин эки бөлүп сындырып коюшу көргөндөрдү таң калтырат.

Мунун баары күндөлүк жашоо-тирдикте кедешчү кадыресе окуялар. Ал эми колхоздун “Мишка” деген жинди букасы бечара уйчуну сүзүп өлтүрүп коёрунда Жумабай сактап калышы өзгөчө бир окуя. Жинденген буканын жанына эч ким жакындай албай турганда кош мүйүзүнө “аттиштей чап-чап эте жабыша түшкөн колдор башын укмуштуудай күч менен өтө тездикте өйдө көтөрүп кайрып толгогондо оор денесин көтөрүп калганга туруштук бере албай жерге күп этип кулап баратып гана жан керектеген бир бечарадай жанталпастап созолонто бөкүрүп жиберген” жапайы күчтүн илеби сезилип туру го!

Колхоздун жинди букасын мүйүзүнөн кайрып жыккан балбанга ошондон кийин райондогу мелдештердин бир да бирөөндө ага даап эч ким чыкпай калганы эле эмнени көрсөтүп турат. Жумабай палвандын катарындагы улуу-кичүү улакчылардан, башка атаандаштарынан айырмасы каршылашынын кадырын түшүрбөгөнү, колдон келсе колдоп, сүрөмөлөгөнү, жеңишке чыныгы атаандаштык аркылуу жетишкени, калыстыгы, марттыгы. Бийик адамгерчилиги аркылуу ал катарындагы улуу-кичүү оюнчулар арасында бийик кадыр-баркка жеткен.

Бир ирет чоң улакта анын жолун торогондордун баарын айран-таң калтырып Жумабай палван торпок улагын өңөргөн бойдон Казбек атын теминип бийик жардан өйүзгө секирип атпайбы. Азга абада каалгыган оор жүктүү ат менен чабандеси мелжеген жерине жеңил түшкөнүн көргөн элдин оозу ачылып, бир азга деңдароо калган көпчүлук оор торпок улакты жепжеңил көтөргөн балбан менен минген атына кандай мактоо айтышты билбей жабыла алкап, ыраазы болушканын өмүр бою унутушпайт болуш керек. Палван тууралуу аңыз кептер ошондой окуялардан улам жаралат. Анын баары улак чабыш жөнүндөгү кепте дайым эскерилип, убакыттын өтүшү менен жаңы түс, жаңы боёк ала берет го.

Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин Жумабай палван мыкты оюнчуларды уюштуруп, дүйнөнүн бир топ жерлеринде улуттук ат оюнду даңазалоого катышты. Кийин ал жергиликтүү бийлик, көпчүлүктүн өтүнүчүн кыя албай эски чарбанын башчысы болуп, биртоп жакшы иштердин өтөлүнө чыгыптыр.

Бирок да тыным алганды билбеген Жумабай палван жергиликтүү жемкорлордун кыйда амалына туш келип, жаңы замандын абагына да түшүптүр. Акырында чарба ишинен алыстап, жеке чарбасы менен алектенип, таза өмүр сүрүптүр. Улуу инсандын демилгеси менен отургузулган “Жумабай багы”, айыл менен район борборун бириктирген "Жумабай жолу" анын артында калтырган эстелиги болуп калды. Ушу кезге чейин анын жаркын элесине арналган мааракелер өтүп турат. Легендарлуу инсандын атын жердештери өчүрбөй келатышат.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG