Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:07

“Талап” коому - кыргыз-казак элинин тарыхый көпүрөсү


Мухтар Ауэзов жана Касым Тыныстанов.

Кыргызстандык белгилүү тарыхчы Жумагул Байдилдеевдин ХХ кылымдын башындагы кыргыз-казак алакалары, “Талап” коому, кыргыз жана казак интеллигенциясы ортосундагы карым-катнаш тууралуу изилдөөсү.

Жумагул Байдилдеев - тарых илимдеринин кандидаты, доцент. XIX-XX кылымдагы тарыхый окуяларды архивдерден изилдеген адис. Бир нече эмгектери XX кылымдын башындагы кыргыз жана казак интеллектуалдарынын өз ара карым-катнашын изилдөөгө арналган. 2014-жылы “Кыргызстандагы 1937-1938-жылдардагы саясий куугунтуктоолор жана анын курмандыктары” аталышындагы изилдөөсүн жарыялаган.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

“Талап” коомунун түзүлүшү

ХХ кылымдын башында кыргыз-казак алакалары боордоштук мүнөздө өзгөчө күч алган. Анткени бул мезгилде караңгы элдин ичинде маданий, агартуу иштерин жайылткан, Орусия империясынын курамындагы башка элдердей эле саясий тең укукка ээ болууга аракет жасаган азаматтар пайда болгон. Кыргыз-казак элинин арасында да башка мусулман элдериндей эле улуттук-боштондук идеялары тарай баштаган

Столыпиндик реакция учурунда (ред. - П.А. Столыпин Орус империясынын Министрлер кеңешинин төрагасы (1906-1911-жылдар). Столыпиндик реформалар - жерди жеке менчикке бекитүү, жери жок дыйкандарды Сибирге, өлкөнүн чыгыш аймактарына, анын ичинде Борбор Азияга көчүрүү болгон), падышалык бийликтин куугун-сүргүнүнүн күчөшүнө карабастан, колониялык саясатка каршы алардын аракеттери ургалдуу улана берген. Бул иш-аракеттердин башында кыргыз-казак интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрү туруп, эриш-аркак күрөш жүргүздү.

Алар элдин тең укуктуулугу жана улуттун көз карандысыздыгы үчүн күрөштүн уюштуруучулары жана демилгечилери гана болбостон, коомдун өнүгүшүнө жоопкер, өз элинин тарыхынын, адеп-ахлахтык алдындагы ыйык милдетин түшүнө билген инсандардан болгон.

Саясий тажрыйбасы аз, өздөрү жаш болсо дагы көөдөнүндө деми бар эки элдин ошол интеллигенциясы колдо бар потенциалын калктын жыргалчылыгына жумшоо үчүн аракет жасашканы жөнүндө ошол доордон кабар берген илимий эмгектерден, архивдик булактардан кабардар боло алабыз.

Анткени ХХ кылымдын башындагы кыргыз-казак интеллигенциясынын аң-сезими колониялык абалдын таасири менен калыптанган. Түрк биримдигин бекемдөө идеясын таратуу менен улуттук интеллигенция коомдун кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору койгон. Саясий күрөштөгү алардын негизги максаты − Түркстандагы көз карандысыздык жана эркиндик эле.

"Алаш" таратылганы менен анын жигердүү ишмерлери негизги мүдөөлөрүн уланта беришкени көрүнүп турат. Алар союздук мамлекеттин ичиндеги улуттук кызыкчылыктарды, баалуулуктарды жогору коюу менен өз алдынча мамлекеттүүлүктү курууга умтулушкан. Ал үчүн кыргыз-казак элинин тилин, тарыхын, билим-илимин, адабият-маданият, искусствосун өнүктүрүүнү колго алышат. Албетте, алардын бул улуттук сезимдеги мүдөөлөрүн ишке ашырууга “Бардык өлкөнүн пролетарлары бириккиле!” деген ураан астындагы кеңеш бийлиги чоң көйгөйлөрдү жаратары бардыгына белгилүү болчу. Мындай кырдаалда заман агымын туя билген кыргыз-казак интеллигенциясы, өзгөчө дыкаттык менен аракеттенип, кыргыз-казак элинин руханий аң-сезимин агартуу, билим берүү аркылуу көтөрүп, улуттук баалуулуктарды жайылтууну көздөшкөн.

Алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында 1922-жылдын аягында кыргыз-казак элинин маданиятын өнүктүрүүчү “Талап” коому түзүлөт.

Архивдик документтерге таянсак, расмий аталышы "Талап" кыргыз маданиятын жактоочулар коому" деп аталган. Юридикалык дареги: "Ташкент шаары, Карл-Маркс проспектиси, үй №41, Киринпростун №35 бөлмөсү" деп көрсөтүлгөн экен. Анкетаны андан ары уласак, коомдун түзүлгөн күнү 13-декабрь, 1922-жыл. "Түркстан мамлекеттик окумуштуулар кеңешинин алдындагы коом" деп түзүлөт.

"Талап" коомун жарыкка чыгаруунун башында тургандар: Казак-кыргыз билим комиссиясынын башчысы Халел Досмухамедов, профессор Шмид Александр, казак-кыргыз салтын иликтеген окумуштуу Абубакир Диваев, билим жолунда кызмат кылган таланттуу жаштардын бири Карим Жалетов, атактуу акын Магжан Жумабаев, Архангельский Николай.

Жогорудагы аты аталгандардын катышуусу менен 13-декабрда Ташкенттеги казак-кыргыз илимпоздорунун "Талап" коомунун жыйналышы өтүп, доктор Халел Досмухамедов коомдун башкармасынын төрагасы, Мырзагазы Есболов төраганын орун басары, Мухтар Ауэзов катчы болгон. Башкармалыктын мүчөлөрүнө: Иса Токтыбаев, профессор Шмид, Мухамеджан Тынышпаев, студент Касым Тыныстанов мүчөлүккө шайланган.

Бул жаңы туулган жаш "Талапты" алаканга салып, кызмат кылууга милдеттенди. Бул жаңы туулган жаш "Талаптан" үмүтүбүз чоң. Тилегибиз мол, максатыбыз терең" деген жаңылык элге жарыяланган.

"Талаптын" негизги максаттары жана ишмердүүлүгү

Аталган коом алдына төмөндөгү милдеттерди койгон:

  • Казак-кыргыз адабий тилин жана терминологиясын, орфографиясынын өнүктүрүү маселелерин иштеп чыгуу ж.б.
  • Улуттук искусствону окуп үйрөнүү;
  • Кыргыз элинин жашоо тарыхын окуп үйрөнүү;
  • Кыргыз мектептеринде окутуунун маселелерин иштеп чыгуу;
  • Кыргыз илимий ишине жана кыргыз искусство ишмерлерине жардам берүү.

Алар эң орчундуу беш максатты алдыга коюп, орошон ойлорду орундатуу үчүн ишмердүүлүк башташкан.

Жогорудагы максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн коомдун алдында айтыш (диспут), лекция, баяндама уюштуруу, экспедиция, экскурсияларга чыгаруу, көргөзмө (выставка) уюштуруу, убактылуу жергиликтүү басма сөздө жарыялап туруу, китептерди, кол жазмаларды жана оозеки эскерүүлөрдү жыйноо, билим-өнөр адамдарынын арасында жарыштын (сынак) байгесин коюу иштерин уюштуруу дагы каралган.

Коомдун мүчөлөрү жылына 120 рубль өлчөмүндө мүчөлүк акы төлөп турушкан. Курамы 103 адамдан турган башкармалыктын мүчөлөрү болгон.

"Талаптын" милдети - агартуу

Коомдун бир бөлүмү Жети-Суу облусунун Алматы шаарында, кийин Пишпек жана Каракол шаарларында да ачылган. Бул уюм түзүлгөндөн баштап эле атайын лекцияларды уюштуруп, белгилүү агартуучулар коомдун мүчөлөрүнө, студенттерге жана бардык каалоочуларга дарстарды окуган. Атайын белгиленген график боюнча ар жумада дарстар жана адабий окуулар, кечелер уюштурулуп, Казак-кыргыз агартуу институтунун студенттери спектаклдерди дагы коюшкан. Мындай иш-чаралардын болору тууралуу алдын-ала "Ак-Жол" гезити аркылуу кулактандыруу берилип, ал эми кийинки санында иш-чаранын кандай өткөндүгү, кимдер дарс окугандыгы тууралуу кеңири маалымат жарык көргөн.

Коомдун ишине Ташкентте окуган кыргыз студенттери Касым Тыныстанов, Осмонкул Алиев, Базаркул Данияров ж.б. жигердүү катышкан. Ошол кездеги Түркстан АССР Эл агартуу комиссариатынын алдындагы билим комиссиясынын башчысы Эшенаалы Арабаев да Ташкенттеги "Талап" коому уюштурган, лекция жана адабий окуу, маданий кечелерге катышып, коомдун эң жигердүү катышуучусу болуп, активист кыз Аккагаз Досжанованын ысымын өз кызына койгон.

1923-жылдын 23-мартындагы этнограф Абубакир Диваевдин чыгармачылыгынын 40 жылдыгы белгиленген мааракелик кечеде кыргыз-казак, өзбек, башкыр, татар окуу жайларынын, илимий мекемелеринин куттуктоолору окулган. Кыргыздардан Казак-кыргыз эл агартуу институтунун студенттер уюмунун атынан Алиев (ред. Осмонкул Алиев –1924–26-жылдары кыргызча араб арибинде чыккан “Эркин-Тоо” гезитинин туңгуч редактору болгон. 1937-жылы Кыргыз ССР эл агартуу комиссары болуп турганда күнөөсүз жерден "эл душманы", “Социал Туран” партиясынын активдүү мүчөсү” деген жалган жалаа менен айыпталып, 1938-жылы атылган) чыгып, куттуктоо сөз сүйлөгөн.

"Биз дагы илгери басуудабыз"

"Ак жол" гезитинин 1922-жылдын 19-декабрындагы № 253 санында "Талап" коомунун түзүлгөнү тууралуу "Биз дагы илгери басуудабыз" деген макала жарыяланган. Анда бул коомдун маани-маңызы тууралуу төмөндөгүдөй жазылат.

"Көптөн көздөгөн маданий жашоонун жемиштери байкалууда. Алардын катарында казак-кыргыз журту да илгери карай умтула баштагандыгы кийинки кездерде сезилип жатат. Жалпы Орусияны каптаган кара туман казак-кыргыз калкын да каптап өткөн. Адашып, алсыз болгон элдин ал кезде элессиз, эскерүүсүз, барар жери, басаар тоосу белгисиз эле. Калк камына кайгырып, эл муктаждыгын чечүүгө жол да жок эле. Башта эркиндик жок айдоодо, малда эркиндик жок байлоодо эле. Эл эрксиз, жер көрксүз, мал короосу, журт конушу тарыган ошол заман өтүп, кеңчилик доорго да жеттик. Бул да болсо революциянын жемиши. Эмки маселе элдин азамат уулдары, элин кандай баштап, багытын кандай көздөп, иш максаттарын кандай белгилемекчи? Революциянын беш жылдык тажрыйбасына караганда, казак-кыргыз элинин эстүү эр азаматтары элди баштоодон эринген жок, айныган жок, адашкан жок, багыттары туура кенен жолдо, максаттары белгилүү, адал жүрөк, айкын тилек, чарчап талбай, элин баштап, көздөгөн максаттарына жетпей койбойт. Беш жыл болгон төңкөрүш жемишинен калкыбыз аз пайдаланган чыгаар. Ал эч нерсе эмес! Көч жүрө-жүрө түзөлмөкчү, чабалдык оңолмокчу, наадандык жоголмокчу. Айтор, биз алдыга басуубуз керек".

"Талап тегереги" рубрикасы

"Ак-Жол" газетасынын 25-январь, бейшемби күнкү санында Казак-кыргыз институтунун студенттеринин катышуусу менен "Талап" уюму уюштурган маданий кече тууралуу баяндалган. Кечеде К.Кеменгеровдун "Алтын Сакина" аттуу төрт көшөгөлүү драмасы коюлган. Башкы ролдогу Жайнанын образын "Талап" коомунун активдүү мүчөсү Аккагаз Досжанова мыкты ойногон. Драмадан соң адабият бөлүмү ишин баштаган. Ортодогу тыныгууда "Америкалык соода" (аукцион) деп бир китеп, бир табак нан сатыкка коюлат. Ошондой эле бул маданий кечеге арналып буфет (фуршет) жасалган.

Эң кызыгы "кечеге келген студенттер тамакка тоюп келгенби, буфеттеги тамактар көп желген жок" деп жазылат. Биз мындан студенттердин табити тамакка эмес, билимге, жаңы өнүккөн маданиятка тартып, дүйнө таанымдары кеңейип, алдыга умтулуу менен шыктанып жаткандарын байкасак болот. Демек, "Талап" коому уюштурган маданий кечелер, лекциялар жаштардын, студенттердин табитин таап, аларды уюштуруучулар дүйнөлүк маданияттын очогунан алып, алардын үлгүсү менен кыргыз-казак жаштарын дүйнөлүк цивилизацияга, келечекке болгон дүйнө таанымын өзгөртүүгө шыктантып, жаратмандык, ойлоп табуучулук менен дагы студенттердин терең билим алуу менен элдин, улуттун алдында кызмат кылуусуна патриоттук сезимдерин күчөткөн. Кеченин аягында түрлүү көңүл ача турган оюндар болуп, бий (дискотека) менен аяктаган.

Мына ушундай кызыктырып шыктандыруу аркасында студенттер ар бир лекция, адабий окуу, маданий кечелерге үзбөй катышып, улам өзү теңдүүлөргө кызыктырып айтып, мындай иш-чарага катышуучулардын саны өтө көбөйгөн. Албетте кечеге келүүчүлөр акча төлөп кирген (взнос).

"Талаптын" Кыргызстанда түзүлүшү жана ишмердүүлүгү

Кыргызстанда бул архивдик маалыматтар табылганга чейин бул коомду "Талап" ийрими экенин, 1922-жылы түзүлүп, Ысык-Көл аймагындагы жашаган адабиятка дилгир жаштардын уюму болгон деп божомолдоп айтып келишкен. Андыктан башкармалыктын мүчөсү Касым Тыныстанов Ташкентте уюшулуп, Алматы шаарында ишмердүүлүгүн улаган бул коомдун ишин Кыргызстанга жайылтып, ага ошол кездеги кыргыз элинин чыгаан уулдары И. Арабаев, К. Тыныстанов, Т. Жолдошов, С. Чоңбашев, О. Лепесов менен бирге эле уюштуруучусу катары Байсерке Калпаковду тарткан.

"Талап" коомунун Ташкенттеги башкармалыгынын мүчөсү Касым Тыныстанов өзүнүн адабий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн тиркемесинде төмөндөгүдөй жазган:

"1920-жылы мен Ташкент шаарындагы №2 интернатта кыргыз балдарынын сабатсыздыгын жоюу боюнча сабак берип иштегем. 1923-жылы Киринпростун "Талап" кыргыз маданиятын өнүктүрүү коомунун ишине жигердүү катышып иштедим. Мен ошол жылдын жай айынан тартып "Талап2" коомунун башкармалыгынын тапшырмасы менен оозеки материалдарды жыйноо жана коомдун уездик, жергиликтүү уюмдарын түзүү максатында иш сапарларда болдум.

Илимий Комиссиянын төрагасынын жардамчысы К.Тыныстанов".

Мына бул архивдик материалдардан дайын болгондой 1923-жылдын жайы бою Касым Тыныстанов Кыргызстанды түрө кыдырып, кыргыздын оозеки адабиятын жыйнап, уезддерде, волостордогу аймактарда коомдун ишин түшүндүрүү менен билимге, адабиятка дилгир кыргыз балдарынын баарын "Талап" коомунун ишин жандандырууга тарткан.

Кыргызстандагы "Талап" коомунун негизги иши көл өрөөнүндө башталып, 1-жыйыны Каракол шаардык аткаруу комитетинин имаратында өткөн. Анда коомдун максаты, милдети, алдыда аткара турган иштери, каржылоо үчүн каражат табуу маселелери каралган. Башкача айтканда, коомдун Ташкент шаарындагы каттоодон өткөн милдеттери түшүндүрүлүп, Кыргызстандагы ишин жигердүү баштайт. Жыйында Касым Тыныстанов жалпы адабият туурасында доклад жасап, катышуучуларга көркөм адабият деген эмне, анын маңыз-мазмуну жөнүндө түшүндүрөт.

"Талап" коомуна мүчөлүккө каалоочулардын бардыгы катышкан. Активдүү мүчөлөрүнүн арасында И. Текеев, А. Молдогазиев, Т. Бокчинов, М. Үсөнов, Т. Сулпиев сыяктуу адабиятка кызыккан адамдар болгон. Алар кийинки жыйындарда адабият боюнча докладдарды угуп, чыгармаларын талкуулашып, басмага жарыялоого даярдашып, кызыктуу жолугушууларды уюштуруп турушкан. Казак-кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн демилгеси менен уюшулуп, элдин улуттук аң-сезимин көтөрүп, агартуу ишин, маданият, адабиятты көтөрүүчү ыктыярдуу бул коом мамлекеттен жардамсыз, мүчөлүк акыдан каржы булагын чогултушары Ташкенттеги жогорку уставда белгилүү болгон. Анын сыңары Кыргызстанда да, мүчөлөрдөн жана эл арасындагы бул коомдун иш-максаттарын колдоочу ыктыярдуулардан мүчөлүк акыга акча, кой сыяктуу каржы булагы чогултулган. Бул ишти Байсерке Калпаковго тапшырган. Коомдун ишин алга жылдыруудагы мындай оңой эмес ишти аткарган Байсерке Калпаковду каралап жоопко тартууга "революцияга каршы куралдуу көтөрүлүш уюштуруу үчүн элден каражат топтогон" деп тергөөчүлөр мына ушул ишин бетке кармашкан.

Тыныстанов менен Байсерке Калпаковдун репрессияланышы

Байсерке Калпаков менен Касым Тыныстановду "Талап" коому же ошол кездеги НКВДнын ойлоп табуусу боюнча айтылган "контрреволюциячыл уюм" менен иштерин байланыштырып жазага тартышкан.

Касым Тыныстановго 1938-жылдын 5-ноябрында СССР Жогорку сотунун аскер коллегиясынын кыдырма сессиясынын жабык сот жыйынында төрагалыкты аскер юристи Алексеев, мүчөлөрү-бригадалык аскер юристи Зайцев жана 1-даражадагы аскер юристи Болдырев, секретары 1-даражадагы аскер юристи Батнер катышкан жалданма сот иши өткөн. Ага РСФСР кылмыш кодексинин 58-2, 58-7, 58-8, 58-11 беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Арадан жарым саат өтпөй 1 саат 25 минутада өкүм угулган. Анда Касым Тыныстанов үй-мүлкүн конфискациялоо менен жогорку кылмыш жаза атууга өкүм кылынган.

Кыргыз адабиятына, журналистикасына олуттуу салым кошкон агартуучу Байсерке Калпаковго да репрессиянын каардуу капшабы тиет. Ал "Талап" адабий ийримин түзгөндөрдүн бири жана жигердүү мүчөсү катары айыпталып, суракта НКВДнын адамдары аны тескери буруп, "Талап" контрреволюциялык уюму качан уюшулган, кайсы маселелер талкууланган деген күлкү келтирерлик иштерди ойлоп табышкан.

1937-жылдын 16-майында НКВДнын Балыкчы райондук бөлүмүнүн башчысы, Мамлекеттик Коопсуздуктун лейтенанты Катаев суракка алат. Сурактын баш-аягы жок күмөнсүнгөн, шектенген, жумурткадан кыр издеген суроолор болгон. Тергөөдө:

" - Сиз Арабаев Ишенаалыны билесизби? Ал жөнүндө эмне белгилүү болсо тергөөгө айтыңыз,- дейт.

- Ишенаалы Арабаев Кыргыз ССРинин Кочкор районунан. 1914-1916-жылдары Төрткүл айылында жашап, мугалимдик кесипте эмгектенген", -деп жооп берет.

Мында бир эле Арабаевди сураган эмес. Ошондой эле "Социал-Туран" партиясы, "Алаш-Ордо" кыймылы. "Талап" аттуу адабий ийрим туурасында сурап, ким тарабынан контрреволюциялык иштерге тартылгансың деген шектүү суроолор берилген.

Кыргыз ССР Ички иштер эл комиссариатынын Балыкчы райондук бөлүмү. Байсерке Калпаковду күнөөлөө боюнча 517 иш кагазында:

“1882-жылы туулган, мугалим. Иштен контрреволюционер улутчул катары бошотулган, партиянын катарынан чыгарылган. Контрреволюциячыл "Алаш-Ордо" уюмуна жана "Талап" контрреволюциячыл кружокко активдүү катышкандыгы үчүн күнөөлөнөт. Бул уюмдун тапшырмасы боюнча аталган контрреволюциячыл уюмду каржылап туруу үчүн каражат жана мал чогулткан. Улутчул контрреволюциячыл топторду, фашисттик уюмдарды уюштурган. 1937-жылдын 17-сентябрынан тартып Фрунзе шаарынын түрмөсүндө кармалууда” деп жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG