Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 00:16

Ак шумкар менен кашка күлүк баяны


Иллюстрация.

Мындан он жыл илгери Топчубек Тургуналиевдин “Оомал-төкмөл дүнүйө” китеби чыккан. Кызыктуу чыгармадагы “Ак шумкар” баяны тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз.

Жол боюнан жолуккан кыраан

Күлүк ат менен алгыр кушка Топчукенин атасы Тургуналы боорун жерден көтөргөнү жакын болуптур. Тургуналы саяпкер, мүнүшкөр экен, төрөлгөн жери кадимки Кожожаштын Авлетим аскасына жуук жерден, анан жаратылышка мамыр-жумур болбогондо кантет?! Ал киши көргөн-билгенин тирикарак уулуна элестүү кылып айтып берчү.

Ошол Тургуналынын тестиер кези, чыйрак бала бир күнү туурунда үрпөйүп ачка отурган боз кушту бутундагы жибинен тартып ийбейби.

“Ал менин башымды чеңгелдеп басып отурганда, эшикте иш кылып жүргөн апам угуп калып, мени араң ажыратканын айтып калар эле”.

Ал окуяны атасы бир жылдан кийин угуп, “бир топ күпүлдөгөн” экен. Дагы жакшы баласынын аман калганын айтпайсызбы. Мындай окуялар тоо арасында көп болгон.

Топчубек Тургуналиев.
Топчубек Тургуналиев.

Тургуналынын атасы сары тонун кийип, тойго бараткансып жасанып, атын аспиеттеп токуп, бозодон бир-эки кесени жутуп алып табына келген кушун кондуруп бийик дөбөгө чыкканда бери жактан балдары кекиликтерди учуруп, ал кезде кекилик, чил көп, дегеле түгөнбөчүдөй көрүнчү.

“Куштан качып кекиликтер айылды аралап, атканаларга, жыйылган отундарга, чөптөргө кире качканда, далайын кармап, чаап алышчу эле”.

Табият деле жукарып, жапайы жан-жаныбарлар азайып кетерин негедир ал кезде ойлошпоптур.

Боорун жерден көтөргөнү жылкы минип чоңойгон Тургунаалы тестиер кезинен атасынын Сарыкашка күлүгүн чаап, намыскөй бала чоң байгелерди алат. Бир жолу Майлы абасынын ашында байге талашып Оросбек экөө чабышып кетишет. Жаңжалга башкалар да кошулуп, эки жаат болуп чабышкандарды атасы бир кой союп үйүнө чакырып, эт менен бозого карк болгон улуулар жарашат. Аны айтып отурса узун кеп.

Авлетимдиктердин бири мергенчи, экинчиси колунан көөрү төгүлгөн уста, башкасы саяпкер, мүнүшкөр, баары жашоо-турмушуна тың, таасирдүү адамдардан болушкан. Карабаштын өнөрү өзгөчө болчу.

“Мезгил кышка ооп, кыламык кар жаап койгон май билек айынын акыры. Карабаш авам таң үрүл-бүрүл болгондо туруп, тобурчак тору кашка атын токуп, Көк-Дөбөнүн тескей боорунда жайылган жылкысына баратат. Жез тумшук, таканаак жүнү, канат, куйругу ак алтын сымал ак шумкар кыргоолдун кызылын жапма болуп калган карагандын түбүндө алып, жүнүн эми жула баштаган чакта Карабаш авам көрүп, ишарат кылганда ак шумкар чочуп, кыргоолду таштап, учуп барып аркы чоң жаңактын башына конуптур. Мал-жан менен жан сактаган кыргыз мындайда эптүү болот эмеспи. Аттан түшүп, куйругунун ортосунан 5 – 6 тал кыл сууруп алып, кылтак кылып, караган-жапманын оозуна коюп, кыргоолду ары төр жагына таштап коёт. Ак шумкар кууганын жерге түшүрбөй илип, наштардай курч тумшугу менен кыргоолду мууздап салганына тан берип, авам жылкысына жөнөп кетет.

Марал отту майкандап аткан жылкысынын аман-эсендигин көрүп, бир маалда караган-жапманын жанына келип, куштардын пири – ак шумкардын кылтакка түшүп калганын көрөт. Бошоном деп талпынганда канат, куйругу сынбасын деп жектесине кичинекей баладай бөлөп көтөрүп үйүнө кайтат”.

Ал кезде оокат-тиричиликке тың адамдар токойдогу карагай-кайыңды кыйып, айбалта менен тактай жасап, балаканалуу үй салып калышкан кез. Ошондой жыгач үйгө ак шумкарды кондуруп Карабаш эшигине кулпу салып эч кимди киргизбейт. Ак шумкар баянын Тургуналы кийин угат, ала көөдөк жаш баладан болгон окуяны жашырып айтпай коюшуптур.

Бир күнү Карабаш аялын алып башка айылга конокко кетет. Үйдү карап турууга токолу менен Тургуналыны калтырат. Кызыгы арткан бала токолду кыстай баштайт, анысы болсо сыр кылып айтпайт. Улам кыстаган өспүрүмдүн “эч кимге айтпайм” убадасын алып кызыккан баланы жыгач үйгө ээрчитип кирет.

“Авамдын байбичеси балакананын ачкычын сандыкка катып койгон экен. Балаканага чыктык. Туурда мурда мен көрбөгөн апапакай, тырмактары, тумшугу сары алтындай чо-оң куш. Ак шумкардын жапайылыгын алып, адамга аз-аздан көндүрүү ыкмасын кылып авам анын эки көзүн тепчип тигип койгон экен. Куйругунан сылап койдум. Мындай кереметти бала болуп мурда көрбөгөм. Авам кармап, таптап, салып жүргөн куштун башка түрлөрүнүн бири да мага ак шумкардай шумдуктуу таасир берген эмес”.

Кара кашка күлүк

Ак шумкар табына келе электе Карабаш Балтаке деген жылкычы инисин чакырып:

- Аттын кучтүүсүн мин. Асанбек басмачылар менен Заңдын талаасында (Кербен менен Нааманкен ортосундагы ал заманда эл отурукташпаган ээн талаа) салгылашып жүрөт деп угам. Сен барып айт, ак шумкар бир айда табына келет, өзү келип биринчи салсын, - деп жөнөтөт.

Асанбек совет бийлигин орнотом деп басмачылар менен урушуп жүрсө, ишин таштап Авлетимге келип ак шумкар салып сөөлөт күтө турган чагыбы?! Анысына карамакпы, Карабаш абасы басмачылардын сары изине түшкөн кызыл баатырды жакшы көрөт окшобойбу, урушун таштап аз да болсо айылга келип сергип алсын деген окшойт.

Арадан бир жума өтпөй күчтүү ат минип Асанбек баатырды издеп кеткен Балтаке айылга күлүк ат жетелеп, алыстан эле сүйүнүчүн жашырбай кыйкырып келди дейт:

- Ава, Асанбек баатыр сизге арнап кара кашка күлүгүн берип жиберди!.

Дубанга белгилүү күлүк жетекте ойноп, көкүлүн көккө серпип, көздөрүнөн от жанып, жал куйругу төгүлүп, жер үстүндө баспай эле учуп кетчүдөй болуп келди дейт. Карабаш ага сүйүнбөй ат үстүндө кубанычынан албырып турган инисин сабап кирди дейт.

- Атаңдын оозугача, мен сени Асанбек менен соодалашып, ак шумкарды сатып кел деп жибердим беле, а-а?

Көргөндөр элейди дейт, Карабаштын ачуусу келгенде ким каршы чыгып сөз айта алат?!

Аны байбичеси Карлыгач гана токтото алчу. Ошол байбиче:

- Сабыр кылыңыз, байым, балада эмне күнөө, Асанбек сизди сыйлап кара кашка күлүгүн берсе берип жибергендир, сабыр кылыңыз, - деп ачууга ууккан чалынын колунан ыргай таягын алып, Балтакени сактап калды дейт.

Антсе эле Карабаш тынчып калса жакшы го, диртилдеп турган ат үстүндөгү инисине кыйкырды дейт:

- Эй, бала, аттан түшпөй кайра жөнө, Асанбектин атын даңазалап жүргөн күлүгүн кайра өзүнө алып барып бер! – деп буюрду.

Авамдын сөзү эки болбойт эле. Жамал токол жеңем үйдөн кол чаначка айран, бир дасторкон нан, бышкан эт, быштак алып чыгып Балтаке акемдин куржунуна сала койду. Бир кердим айранды “ичиңиз” деп сунду.

Акемдин шору бар экен, Заңдын талааларынан Чаткал тоолорун аралап кеткен Асанбек баатырды араң таап, 10 күнчө жүрүп кайра келди”.

Асанбек Кабай уулу совет бийлиги үчүн өмүрүн сайып күрөшкөн кызыл баатырлардын бири эле. Анын эмгегинин натыйжасы кедейлер бийлигинин орношуна алып келди. Ал бийлик орун-очок алган соң алгач айыл-айылдардан байларды, оокаттууларды, анан билимдүүлөрдү жок кылып, атканын атып, асканын асып, кыйласын ата-бабасы атын укпаган алыс суук жактарга айдап, ансыз да 1916-жылкы апааттан көбү кырылып, биротоло жүрөгү өлгөн карапайым калкты кыңк эттирбей жетимиш жыл ашуун башкарды.

Кылычынан кан тамган өкүмзор бийликти орноторун билсе Асанбек баатыр балким, басмачыларга өтүп кетер беле, деген ой келет экен. Топчуке айтмакчы, “анын баатырдыгын большевиктер өз кызыкчылыгына пайдаланган”.

“Карабаш авамдын чакыруусу боюнча Асанбек баатыр бир айдан кийин Мечитке келиптир. “Ава, мову менин бээлеримди жылкыңызга кошуп коюңуз” деген шылтоо айтып 5 – 6 жылкы ала келиптир. Бул Карабаш авама ыраазычылыгын билдирген белеги эле.

Авам ак шумкарды табына келтирип, куйругунун ортосуна сары жезден шаңдуу коңгуроо байлап, жөнү жок талпына бербесин деп башына томого кийгизип койгон экен. Асанбек баатыр ак шумкарды колуна кондуруп, атактуу кара кашка күлүгүнө кынап койгондой кериле минип, адегенде кыргоолго салды, анан чилге, кекиликке, коёнго, түлкүгө агытты. Бир күндө 10 – 15 олжо болуп атты. “Ава, сизге эки дүйнөдө ыраазымын. Өмүрүмдө мындай рахат алалек элем. Мен эми кызматыма барайын” – деп жөнөп кетти”.

Ошону менен Асанбек баатырды айылдаштары көрбөй калышты. 30-жылдардын аягында өзгөчө күчөгөн “эл душмандарын” жок кылуу өнөктүгүнө Асанбек Кабай уулу да туш келип камакка алынды. Болгондо да Оштогу Курманжан датканын уулу Камчыбек салдырган үй-түрмөгө отургузушат. Тергөөчүнүн: “Сен эл душманы экенсиң” деген сөзүнө ачуусу келген кызуу кандуу баатыр: “Эмне деп дөөдүрөп атасың!” деп мармар таштан жасалган оор пресс-папье менен тергөөчүнүн башын жара чапкан экен. Бийлик адамына кол көтөргөн “эл душманын” көптөп тепкилеп, уруп-кыйнап акыры өлтүрүшөт. Үйүнө кара кагаз келет.

Асанбек баатырдын мыкты тайганы ээси түрмөдө азап-тозокто жатканда бир жумача улуп, анан дайынсыз жок болгон экен. Аянычтуу тагдыр ак шумкардын дагы башына түшөт.

“Бул Асанбектин ак шумкары. Ал жок, эми шумкар силердики” деп анын инисине берет. “Ава, ак шумкарды мен эптей албайм, өзүңүз ала бериңиз” деп тигинин какшаганына карабай: “Жок, силердики!” деп өжөрлөнүп, Карабаш авам шумкарды таштап кетет. Баатырдын иниси туура айткан экен, ак шумкар кор болуп, тапталбай калат. Кыштоодо кошунанын тоогун алып отурганда, ээси бакан менен ак шумкарды өзөртө чааптыр, өпкө-боору үзүлүп кеткен экен.

Мындай айбандыкты көргөн аксакал адам:

- Э-э, балам, ак шумкар ыйык болот дечү эле, убал, бекер өлтүрүпсүң, – дейт.

Тооктун ээси ошол күндөн сарсанаага кабылып, уктай албай, уктаса ак шумкардын шаңшыган үнү кулагын жарып, көзүнө түркүн шумдуктар көрүнүп жүрүп, бир айдан кийин көз жумуптур”.

Ак шумкардын жайы ушундай. Элдик ишенимде ак шумкар жалгыз жүрбөйт, кырк бир кушту артынан ээрчите жүрөт. Карабаш ак шумкарды кармаган жерге кылтак коюп, тор жайып он бир куш алган. Айтылуу мүнүшкөр куш кармаганын уккан кардалдар келе беришкен.

Ак шумкарды сурап Кетмен-Төбөдөн бирөө эки жигитин жиберген экен. Бирок Карабаш аларга "Асанбек баатырга арнап койгом” деп бербей койгон. Тигилер жетелей келген эки байталга туйгун менен тынарды алып кетишиптир.

Карабаштын баласы туйгун куштарга кызыккандар көптүгүн көрүп “боз кушту” өздөрүнө алып калууну суранат. Бирок ага атасы көнбөй, боз куш 7 – 8 ирет түлөгөнүн, анын ордуна мынабу чүйгүнү алып калабыз дейт. Чүйгүндүн канат-куйругу узун, көөдөнү кенен экен, салган жеринен жаза кетирбей, ээсин, куш салууга чогуу чыккандарды кубантып жүрдү.

Карабаштын тору күлүгү да мыкты чыгып, 30-40 чакырымга талыбай чуркап, баш байгелерди алып келди. Жайында жайлоодо кенен оттоп, чучугу толгондон кийин аяк оонада кармалып, суутулуп, байгеге кошчу. Бир ирет торунун жоон ичегисинде “бир бүдүрү калгандай көрүнөт, катуу баратып башын кескин буруп ий, бүдүр болсо ыргып түшөт” деп айтканын жасатып анан: “Чу” деген жерден катуу чаппа, башын тартып жүр, жоон топ арасында бара бер, байге башына 4 – 5 мылтык атымдай калганда аттардын четине чык да торунун башын коё бер, камчы салба” деп жатпайбы.

Ак шумкар тууралуу аңыз кептин жайы ушундай. Күлүк ат, алгыр куш, чаалыкпас тайган ар заманда көчмөн калктын оозунан түшүрбөгөн аздек кепке айланып кетмейи бар.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG