Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

Баратбай Аракеевдин акыйкаты


Баратбай Аракеев.
Баратбай Аракеев.

Баратбай Аракеев жазма өнөрдүн кош салаасын - журналистика менен көркөм сөздү эриш-аркак ала жүргөн талант эле. Бир коомдун экинчисине өтүштүн оош-кыйыштарынын күбөсү да, катышуучусу да болду.

“Асабанын” шинели

Баратбай Аракеевди студент кезинен билип калдым. Ак жүздүү арык, узун бойлуу, алдыңкы студенттер гана жетчү лениндик стипендиячы, мага дайыма шашып жүргөндөй сезиле берчү. Аны менен жакын болуп калышыма 90-жылдардын соңунда кыргыз журналистикасын кыйлага көтөрүп койгон Мелис Эшимкановдун “Асаба” гезитинде чогуу иштешип калышым себепкер болду окшойт. Ал жерде улуттук интеллигенциянын апыртпай айтканда деле мыктылары чогулган болчу. Оозеки сөзгө анча жок, бирок жазуу жагына келгенде алдына киши салбас дулдул Алым Токтомушев, жазган текстинен жалындуу илеп чачылып турчу Жолдошбек Зарлыкбеков бу жалганды эртелеп таштап кетет деш эч кимдин оюна келелек кызык бир учур өткөн экен.

Мыктыларды бирден иргеп алып кете берген "Кудайдын тизмесинин катасы бардыгын" тартынбай жазган Алыкенин артынан минтип Бакең кетип калганы аны билгендердин, жазгандарын кызыгып окугандардын, жакшылыкка, бийиктикке үндөгөн телеберүүлөрүн көрүп калгандардын баарын кайгыга салды. Баратбай өмүрүнүн соңку жылдарын касиеттүү көл жээгинде өткөрүп, эркин гезиттерге курч макалаларын, ага удаа адабий чыгармаларын тынбай жазып турду.

“Асаба” гезитинде иштеп жүргөн кезде кызык бир окуяга күбө болуп калдым эле. Аны Шакем айтылуу “Агындыларында” келиштире жазган, ошентсе да эскере кетейин. Бакемдин “Асабанын” саны сайын курч окуялуу узун сериалы жарыяланчу. Апыл-тапыл кыймылдарга, кызыктуу окуяларга жык толгон ошол баянды убагында жазып бергенге буямасы келбей калганбы, бир жолу Бакең бир жумадай жок болуп кетти. Гезиттин кожоюну Мелис жыйналышта сериалдын автору жакын арада болбостугун айтып, “Шаке, ушуну бүтүрүп салыңызчы” деп калды.

Гезитке чыкчу материалдары толтура турса соңку беттин кыйла жерин ээлечү сериалдын автору качан келет экен күтүп отурбай, эртерээк кутулалы дешти окшойт. Шакем андай сериалды кантип бүткөрүүнү жакшы билет экен, гезиттин кийинки номурунда сериалдын баш каарманы өлтүрүп салып, ошону менен узундан узун баян жыйынтыкталгандай болгон.

Анан көп өтпөй өзүнө келип Бакең жумушка чыгып, гезит номуруна ким кандай материалды берчү жыйында сериалды улантарын жарыя кылып атпаспы. Отургандар “бүтпөдү беле” дегендей элейип карап калышты. Эч ким унчуккан жок, кантип жазар экен деген күдүк баарыбызда эле турган. Андан да кызыгы, гезиттин жаңы санында баягы “өлбөс” сериалдын уландысы “ойгонуп кетсе түшү экен” деген сүйлөм менен улантылып атканы болбоду. Курч окуялуу чыгарма жазуунун кыныгын алган авторго “өлгөндү тирилтиш” кеп деле эмес экен.

Гезит дегендин түгөнбөгөн түйшүгүнө кайыл болуп, кыйла убакты-саатыңды алган ишиңдин басма бетинде жарыкка чыгышы чыгармачыл адам үчүн өзгөчө кубаныч го. Ошол “Асабада” Баратбай менен чогуу иштешкен кесиптеши Кубат Оторбаевдин эскерүүсү:

"Баратбай агай бир топ детектив аңгемелерин ошол кезде жарыялаганы эсимде. Анысы сандан-санга жарыяланчу. Ошол детективдер гезиттин окумдуулугун арттырып, окурмандар арасында кыйла талкууларды жараткан. Ал киши бир нече аңгеме, повесттерди жазды. “Кайрылчы өмүр”, “Чаңдагы гүл”, “Айсалкын”, “Мен сага өлүм алып келем”, “Мент”, “Менин жазым” дагы ушул сыяктуу чыгармаларын жарыялады. Баратбай агай өтө оригиналдуу, башкаларга окшобогон кулк-мүнөзү, кыялы бар адам эле. Жигит катары шар, тамашакөй киши эле".

Басма сөз, журналистика тармагында иштегендердин көбү СССРдин 50 жылдыгы атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөндөр болчу. Социализм заманында Кыргызстандын жападан-жалгыз университет жазуучу-журналисттерди даярдаган чыгармачылыктын мектеби эле.

Турмуш университети

Бакең да 1980-жылы окууну бүткөндөн кийин басма сөз жагында иштеп калгандыр деп жүргөм. Көрсө, андай болбоптур. Белгилүү акын Бектуруш Салгаманинин ырасташынча, окуусун бүткөндөн кийин ал эки жыл Ноокатта мугалим болуп иштеп келиптир. Ошол жерде тапкан достору менен өмүрү өткөнчө каттоосун үзбөптүр.

"Бул хандан да, падышадан да коркпогон, чындыгын тайманбай, бетке чаап айткан адам эле. Чындыкты эч качан өлтүргөн эмес, чыркыратып такай айтып жүргөн. Корккон эмес, башын салган эмес. Университетти бүткөндөн кийин жолдомо менен Ноокатка барып, Бел-Өрүк деген айылда мугалим болуп иштеп жүрдү".

Көркөм сөзгө өзгөчө ынтаалуу Бакеңдин кыйла жылы республикалык басма сөздө, андан соң телекөрсөтүү тармагында улантылганы көпчүлүккө дайын. Эгемендик келгени мурдагы социалисттик маанилүү үгүт-насаат каражаты катары эсептелген телекөрсөтүү тармагы мазмун-формасы жагынан кыйла өзгөрбөдүбү. Бул ишке Баратбай да аралашып калды, көрүүчүлөр арасында кыйла кызыгууну жараткан “Кадырман карыларым”, “Калемгер”, “Мен чилистен” сыяктуу автордук берүүлөрдү көгүлтүр экранга чыгарды, чоң бөлүмдөрдүн бирин жетектеди.

Коомдук-саясий таасири күч, демократия шарданы менен кошо келген бийлик-оппозиция, саясый талаадагы аркы өйүз – берки өйүз талаш-тартыштарында ал такай калыс позицияны карманып келди. Баратбай Аракеев бийликтин же таасирдүү аткаминердин камчысын чаппады, кошоматчылыкка ыктабады, кайсы учурда болбосун кара кылды как жарган калыстыгынан тайбай, акыйкатты туу тутуп жашады. Кыргыз телекөрсөтүүсүндөгү анын эмгеги тууралуу кесиптеши Нышанбек Кочкоровдун эскерүүсү:

"Анын ой жүгүртүүсү башкача эле. Адам күтпөгөндөй пикирлерди жарата алган, айта алган инсан эле. Кечээ анын өтүп кеткенин менин да кабыргам абдан кайышты".

2009-жылдан тарта Баратбай Аракеев жазгандарын "Форум", "Эл сөзү", “Фабула”, “Багыт кg” сындуу басылмаларга жарыялап, жаамы улуттук баалуулуктарды, маданий-экономикалык, саясый кызыкчылыктарды коргоп, жарандык позициясын, инсандык пикирин такай жарыялап келди. Өткөн кылымдын соңку кезинде “Асаба” гезити чыгып тургандагыдай өтүмдүү басма сөздү электрондук маалымдоо каражаттары басып, окурман журту жабыла башка жакка көчүп кеткенден кийин деле ал көнүп калган өнөрүн таштабады, алышкан оору алып жыкканча чыгармачылыктан алыстабады.

Мына ушул жагдайды Бакеңди сыйлаган шакирттеринин бири Рыскелди Момбеков баамдап Фейсбук барагына:

“Аракеев Баратбай абам акка моюн сунуптур. Жакында эле жаңы конушуна көчүп келип, кубанычы койнуна батпай турбады беле...Карагылачы эми, кайра кайтпас конуштан жай тапканын. Устатым да, урматым да, ушул инсан эмес беле..."Бөкөнбай кетти, Жолдошбек кетти, шашпаган Шакем экөөбүз эле калдык" деп, доорон сүргөн, ойноп күлгөн досторун айтып жүрүп, акыры артынан сапар алды. Кыргыздын эң мыкты уулдарынын бири эле...”,- деп жазды.

Баратбайдын тээ студент кезинен жаны ынак курбусу, эл акыны Шайлообек Дүйшеев айтылуу “Агындыларында” аккан досуна арнап минтип жазганы бар:

Шайлообек Дүйшеев.
Шайлообек Дүйшеев.

“Сүймөнкул менен Шербетке куран окугандан кийин ушуларды эстедим, Баратбай. Сен экөөбүз жамандыр-жакшыдыр аксакал болдук. Ден соолуктун кадырын, адамдын баркын артыбыздан келаткан жаштарга айта жүрүшүбүз керек окшойт. Айтпай-дебей койсок, чындыкты дудук кылып койсок, калпка тил бүтүп, көрүнгөн кагазды жаман кылган гезиттен тура калып сайрап кирет турбайбы. Көрсө, баарынан акылдуу болуп көрүнгүсү келген акмактан коркунучтуу акмак болбойт экен. Калпка калк чыдабаган менен кагаз байкуш чыдай берет тура. Анан кагаздагылар чогулуп олтуруп коомдук пикир дегенди түзөт экен. Ал эми коомдук пикир дегениң өзүн эчкимге зордуктаткысы келбеген албуут катындарга окшогон неме болот турбайбы. Карыган кезде кайышчыл болбой, карыган кезде арызчыл болбой, жакшы карый билүүнүн өзү да чоң искусство экен го, атаганат. Журтта калчу атак-даңктын артынан сен чуркабай, атак-даңк сенин артыңдан өзү чуркап турса, эл алдында жүзүң да жарык, өзүң да баладай таза болот эмессиңби”.

Баратбай Аракеевдин кыйла жылын коротуп, көркөм сөз жаатында калтырган адабий мурасы анын ысмын унуттурбас. Ал эми журналистика жаатындагы эмгеги бир да жолу ыйманына камчы чаппай, сыйкырдуу өнөргө аздек мамиле кылган тазалыгы журналист деген кандай болушу керек, анын мыкты үлгүлөрү кантип жараларына кызыккандарга өрнөк катары маани-мазмунун жоготпой сактап кала берет.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG