Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

"Абдувахаб чындыкты гана жазып жашады"


Журналист Абдувахаб Мониевдин тажиясы. 24-февраль, 2022-жыл
Журналист Абдувахаб Мониевдин тажиясы. 24-февраль, 2022-жыл

Белгилүү журналист жана жазуучу, "Эркин Тоо" гезитинин мурдагы башкы редактору Абдувахаб Мониев 25-февралда өзү туулуп өскөн Араван районунун Чөгөм айылында жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатууга жакын санаалаштары, достору жана кесиптештери катышты. Мониев оорудан улам 48 жаш курагында каза болгон.

Бир катар китептердин автору, "Генерал Ысакбек" патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болгон Мониев журналистикадан сырткары коомдук-саясий иштерге да активдүү аралашып жүргөн.

Журналист Абдувахаб Мониевдин тажиясы. 24-февраль, 2022-жыл
Журналист Абдувахаб Мониевдин тажиясы. 24-февраль, 2022-жыл

25-февралда журналист Абдувахаб Мониевди өз айылында акыркы сапарга узатуу учурунда кыска митинг-реквием иш-чарасы өтүп, анын Кыргызстандагы сөз эркиндигине, публицистикага, көркөм адабиятка кошкон салымы жана мыкты адамгерчилиги тууралуу пикирлер айтылды. Мониевдин досу Мирадил Бакашев Чөгөмдөгү эскерүү иш-чарасында аны мындайча эскерди:

Мирадил Бакашов
Мирадил Бакашов

“Абдувахаб кичинекей Чөгөм айылын калеми менен бүт Кыргызстанга таанытты. Ал сиздердин гана кулунуңуздар эмес, кыргыз журналистикасынын, адабиятынын, публицистикасынын өзүнчө залкары эле. Досубуз өзүнүн изи, багыты бар чыгаан журналист, жазуучу болчу. Бул досубузга кыргыздын мыктылары, көркөм сөз корифейлери Салижан Жигитов, Мурза Гапаров сыяктуулар баа берип, “биздин жолубузду улантчу жигит бар экен” деп айтышкан”.

Абдувахабдын эң улуу агасы Ойсул Улукбеков ал жаштайынан китепке жакын өскөнүн, акыйкатты сүйгөн, коомду агартууга ынтызарланган адаты тубаса болгонун эскерүүдө.

Ойсул Улукбеков
Ойсул Улукбеков

“Иним коомдогу, мамлекеттеги, адамдар арасындагы акыйкаттыкка, адилеттүүлүктүн өсүп-өнүгүүсүнө салым кошту деп ойлойм. “Асаба”, “Агым” гезиттеринде иштеп, атайын “Вахап көз караш” деген рубрикада жазганын эл жакшы билет. Негизиси коомдогу терс көрүнүштөрдү тереңинен талдап, кантип оңдосо болорун жазчу. Ал коомдогу терс көрүнүштөрдү көрүп, чыдабай, ушуларды жазам деп журналист болуп кеткен".

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раевдин айтымында, Мониев журналистика чөйрөсүнө Кыргызстан эгемендикке жаңы ээ болуп, демократиянын пайдубалы түптөлө баштаган кыйын мезгилде келгендердин бири эле.

Султан Раев.
Султан Раев.

"Абдувахабдын чыныгы журналисттик касиети бар эле. Ал эч качан саясаттын ыңгайына карап өзүнүн журналисттик абийирин буруп турган адам эмес эле. Дайыма өз чындыгын талашып, аны бийик койчу. Бул дагы калемгерлердин өзгөчө сапаты. Мен байкагандан сезимталдыгы да бар эле, дүйнөнү өзүнүн үлбүрөк жүрөгү менен кабыл алып, ошол маселеге жан күйгүзүп, чыркырап жүрчү. Ар бир журналист эле кандайдыр бир деңгээлден караганда үч кыл аспаптай боло бербейт, мен Абдувахабды миң кылдуу аспапка окшоштурчумун. Себеби, анын жүрөгүндөгү кылдар коомдогу бардык кубулуштарга, окуяларга зиркиреп турганын байкачумун. Маанилүү окуяларда анын үнү дайыма угулуп турар эле. Ошол үндөн өз чындыгын, позициясын, абийирин көрсөтө алды".

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, саясатчы Дүйшөнкул Чотонов Мониевдин чебер калемгерлигин анын бала чагында эле мыкты адабияттарды окуганы менен байланыштырат.

Дүйшөнкул Чотонов.
Дүйшөнкул Чотонов.

"Абдувахаб кыргыз журналистикасында өзгөчөлөнүп турган жигит эле. Бул чөйрөгө жаш чагынан мамыр-жумур болуп аралашты. Бул анын нукура талантын далилдеп турат. Өзүнүн акыркы маектеринин биринде кантип журналистикага келгени тууралуу айтып жатпайбы. Жаштайынан мыкты, тарыхый чыгармаларды кызыгып окуп, залкар жазуучу Айтматовдун сөздөрүнө таасирленген экен да. Ошондо эле мекенчилдик сезими толкуп-ташып, жүрөгүндө от ойноп турчу экен. Эң башкысы чынчыл эле. Бирөөгө ийилип, турмуш-шартына көнүү деген сапат анда жок эле. Ар бир жасаган ишинде акыйкаттан тайбай өттү. Муну чыгармалары далилдеп турат. Өзүнүн иштеп жаткан жумушунан элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын бийик койду. Кыска өмүрдө ушундай маңыздуу жашады".

Мониев алгачкы жазган макалаларында эле жеңил-желпи теманы чарпыбай, улуттук кайра жаралуу, көз карандысыздык тууралуу аналитикалык макалаларга убактысын арнаган.

Абдувахаб Мониев.
Абдувахаб Мониев.

Кезинде “Асабага” иштеп калганда, гезитти негиздеген журналист, маркум Мелис Эшимканов да ага өзгөчө көңүл буруп, “Чөгөмдүк бала” деген атайын макала жазган.

“Асабанын” ошол кездеги жооптуу катчысы, журналист Аскер Сакыбаева Мониевдин ошол чакта гезитке келиши, “Асабанын” ишин бир топ алдыга сүрөгөн деп эскерди.

Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

"Анын "Асабага" кантип келгени эсимде. "Асаба" Акаевдин куугунтугуна кабылып, Бишкектин Москва-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги беш кабат чоң имараттын төртүнчү кабатына жайгашып иштеп жаткан. Абдувахабга Алым Токтомушев да аябай кубанып, "тили бар, тирикарак бала экен" деп жактырган. Кийин жазгандарын Салижан Жигитов да абдан жактырып жүрдү. Вахаб адегенде эле чоң темалардан баштады. Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгү, тарыхтын актай барактарын ачып, акты ак, караны кара деп айтуу, мамлекет катары өз алдыбызча экономика куруу, айтор Вахаб жазган темалар дайыма олуттуу боло турган. Вахабдын жазган макалаларында кыргыздын духу сезилип, сөз менен иштөөдө чоң чебер эле. Жазгандарынан духу кандай сезилип турса, өзүнүн мүнөзү да ошондой болчу. Министрби, депутатпы эгер айтышып калса, өзүнүкүн такыр берчү эмес. Бир жолу ошондой жагдайга дуушар болуп, Вахабдын жалгыз калганын көрүп, духунун күчтүү экендигине баа бергем".

Мониевдин айрым замандаштары аны катардагы эле журналист эмес, акылгөй, өзүнүн өзгөлөргө окшобогон ойлору бар талант катары эскеришет.

Ал кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев менен да санаалаш болгон.

Маркум Ош облусундагы Араван районундагы Чөгөм орто мектебинде лаборант, "Асаба", "Агым" гезиттеринде кабарчы болгондон сырткары, бир катар гезиттерди башкарып, анын ичинде "Эркин-Тоо" басылмасынын башкы редактору кызматын аркалаган. Журналистикада эле эмес, саясий окуяларга да кызуу аралашкан.

Абдувахаб генерал Исакбек Мониевдин урпагы эле.

2005-жылкы революциядан кийин “Ата Мекен” партиясында да эмгектенип, шайлоодо, уюштуруу иштеринде кызмат көрсөткөн. Ошол эле убакта Араван району боюнча “Ата Мекендин” жооптуу өкүлү болуп иштеген.


“Ата Мекен” партиясынын лидери, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Мониев башкалардан интеллектуалдык деңгээли менен айырмаланып турчу.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“Айрым журналисттер, саясатчылар дайыма чындыкты айта бербейт. Абдувахаб алардан айырмаланып болгонун болгондой айтчу. Бирөөгө жагат, же жакпайт деп ойлонбой чындыгын айтчу. Андай касиети бар адамдар аз. Биз айта албаган чындыкты айтат деп ыраазы болчубуз. Башкалардан терең билими, олуттуу ой жүргүртүүсү менен айырмаланып турчу. Аналитикалык жана тарыхый материалдарды жазчу. Мен ага эки ай мурда эле жолуккам. Бирок өкүнгөнүм, анын ден соолугун, жашоо-шартын деле сурабапмын, үстүртөн эле кадыресе темаларда кеп кылганбыз. 2011-жылы "Эркин-Тоо” гезитинин жетекчилик кызматынан алынганда аны айылга кетирбей, өзүм киришип, жөндөмүнө ылайыктуу кызмат табышсам болмок экен, аттиң".

Филология илимдеринин доктору, адабиятчы Садык Алахандын эскерүүсүндө, Абдувахаб Мониев айрым жетекчилик кызматты аркалап турган учурда да бийлик адамдарынын өкүмзордугуна баш бербеген.

Садык Алахан.
Садык Алахан.

"Журналистикада анын өз орду бар экенин эч ким тана албайт. Бул орду жөнөкөй орун эмес, журналистикадагы башкаларга окшобогон мүнөзү, чындыгы менен тапкан орду. Ал кашкөй, чынчыл, тайманбас журналист катары өзүн көргөздү. Абдувахаб сыртынан назик, жапакеч көрүнгөнү менен эрки болоттой бекем эле. Дал ушул эрки аны чындыкка тике кароого, хандан, бектен тартынбоого тарбиялады. Айрымдар аны кызмат ордуна коюп, пайдалансак болот деп ойлоду. Бирок эч качан андай болмок эмес. Себеби, жогоруда кеп кылган анын чынчылдык мүнөзү буга жол бербеди. Анын мындай мүнөзү ата-тегинен да келди десек болот. Ал кыргыздын тунгуч генералы Ысакбек Мониевдин урпагы. Дагы көп сөз айтсак болмок, бирок азыркы абал жол бербей турат".


Абдувахаб Мониевди таанып-билген калемдештери анын резонанстуу макалаларды тайманбай жаза алган сапатын да белгилешет.

Журналисттин буга чейин курч макалалардан турган “Эс тутум 1”, “Эс тутум 2” жана кыргыздын алгачкы генералдарынын бири болгон чоң атасы Ысакбек Мониев тууралуу китептери жарык көргөн.

Жакындарынын айтымында, ал жакын арада дагы бир жаңы китебин чыгаруу иштери менен алпурушуп жүргөн.

Аны менен “Асабада” бирге иштеген журналист, ошол кездеги гезиттин редактору Мамат Сабыров кесиптешинин журналисттик эле эмес, жазуучулук шыгы күчтүү болгонун билдирди:

Мамат Сабыров.
Мамат Сабыров.

“Рамкага батпаган жигит эле. Бир жерде чектелгенди жакшы көрчү эмес. Жакшы акчалуу жумушта иштеп жаткан учуру болсо да, чыгармачыл эргүүсү оргуштаган чактарында баарын таштап айылга басып кетчү. Бир күнү мага "Аңчынын аңгемелери” деген аталыштагы жыйнагынын кол жазмасын алып келген. Мен атын окуп туруп эле "Сен Тургенев болуп кеткенсиң го" деп тамашалагам. Ичинде элет темасындагы сонун аңгемелери бар эле. Азыр ал китептин тагдыры белгисиз. Эгер жарыкка чыга элек болсо, аны сөзсүз басып чыгарыш керек”.

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси, жазуучу Чолпонбек Абыкеев да Абдувахаб Мониевди кашкөй журналист катары эскерди:

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

"Интеллектуалдык деңгээли бийик, билимдүү, эркин журналисттердин бири болчу. Андайлар бизде саналуу эле. Абдувахаб дайыма өз пикиринен кайтпаган адам катары эсимде калды. Бир топ жыл калемдеш болуп калдык. Мени менен калемдеш болуп, демократиянын башында туруп келе жаткан журналисттер аз. Ал бизге кийинчерээк келип кошулса дагы, өзүнүн үнү, стили менен кошулуп, мыктылыгын көргөзө алган".

Мониев коомчулукка талкуу жараткан макала-маектери менен да белгилүү болгон. Анын "Манас" жана Чыңгыз Айтматов академиясы түзүлгөндөн кийин журналист Жуман Асеков менен курган ""Манасты" коюп англис тилин үйрөнүп, латын арибине өтөлү деген" темадагы маеги социалдык тармактарда бир топ кайчы пикирлерди жараткан.

1999-жылы 25 жашында ошол кездеги президент Аскар Акаевге ачык кат жазып, ал “Асаба” гезитине жарыяланган:

“Ырас, ушул мезгил аралыгында ич жылытар изги иштер да болсо болгондур. Бирок, кашайып, анын баарын жаман жагы жууп кетип жатпайбы. Маселен, бирдеме десең эгемендүүлүк менен демократияны ала чуркаган адат бар. А бирок, ушул басыгыбызда жүрүп олтурсак, асмандан түшкөн кут сыяктуу өзү келген эгемендүүлүгүбүз эртең эки тыйынга арзыбай, бир жараса, "күн карама" туубуздун ажарын ачканга гана жарап калбайт деп ким кепил боло алат? Ал эми демократия дечи... Баштан аяк башаламандык, мыйзамсыздык өкүм сүрүп, бүт жүзүн коррупция, паракорлук, сойкулук, баңгилик, алдамчылык, эки жүздүүлүк шөкөттөп, ыйман тепселген коомдо кайдагы демократия да, кайдагы акыбет?!

Урматтуу, Аскар Акаевич! Мунун баары үчүн кимдир бирөө жооп бериши керек да, ыраспы? А ким?” ("Асаба" 19.11.1999)

Бул кайрылуу макаласы 2007-жылы чыккан “Эс тутум 1” китебине да кирген.

Абдувахаб Мониев 1974-жылы Ош облусунун Араван районуна караштуу Чөгөм айылында туулган. 1998-жылы ОшМУнун филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1992-жылы Ош облустук "Ош жаңырыгы" гезитинде корректор болуп иштөө менен баштаган.

2010-жылы Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин “Эркин Тоо" гезитинде редактор болуп эмгектенген. Бир жылдан кийин “Ата Журт” партиясы коалицияга келгенде, кызматтан алынган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

  • 16x9 Image

    Арген Нуров

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG