Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Журналист Абдувахаб Мониев каза болду


Абдувахаб Мониев.
Абдувахаб Мониев.

Журналисттин жакындары ал оорудан каза болгонун билдиришти. Сөөгү өзү туулуп-өскөн айылга 25-февралда коюлат.

Белгилүү журналист жана публицист Абдувахаб Мониев журналистикадан сырткары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып жүргөн. Ал бир катар китептердин автору, "Генерал Ысакбек" патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болгон.

Журналист эмгек жолун 1992-жылы Ош облустук "Ош жаңырыгы" гезитинде корректор болуудан баштаган. Андан соң Чөгөм орто мектебинде лаборант, "Асаба", "Агым" гезиттеринде кабарчы болгон. "Учкун", "Ош жаңырыгы" жана "Эркин-Тоо" басылмаларынын башкы редактору кызматын аркалаган.

Абдувахаб Мониев 1974-жылы Оштогу Араван районуна караштуу Чөгөм айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин 1998-жылы аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG