Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

COVID-19: оору 14 адамдан аныкталды, эки бейтап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 24-февралга карата өлкөдө ооругандардын жалпы расмий саны 200 миң 402ге жетти жана пандемия башталгандан бери 2950 адам каза болду.

Ушул тушта ооруканаларда 207 бейтап жатат жана алардын теңине жакынынын абал оор. Үйлөрүндө миңдей адам дарыланууда.

Министрлер кабинети 22-февралда коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 22-мартында жарыяланган өзгөчө кырдаал режими дагы деле күчүндө экенин билдирген. Өкмөт мындай режим жоюлганы тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы өткөн айда катталган жана оору жуктургандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу Бишкек шаары "кызыл зонага" кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG