Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Шуру үчүн карызга баткан сулуу айым


Иллюстрациялык сүрөт.

Француз жазуучусу Ги де Мопассан кыска чыгармачылык өмүрүндө жыйырмадан ашуун аңгемелер жыйнагын жарыялаган. Бир нече романдардын автору. Бул ирет сүрөткердин “Шуру” деген аңгемесине токтолобуз.

Жазуучулукка жол

“Шуру” аңгемеси 1884-жылы жазылган. Мопассандын чыгармачылыгы Европа адабиятында көлөмдүү романдардын заманы өтүп, окурман журту кыска аңгемелерге, окуясы кызыктуу чакан баяндарга кызыга баштаган кезге туш келген. Жалаң эле аңгеме, новелла, повесть жазуунун кыныгын албай, таланттуу сүрөткер алты роман жараткан.

Мопассан бай үй-бүлөдө төрөлгөн. Бала кезинде дурус дегидей билим алып, дымактуу француздардын текши баары агылчу айтылуу Парижден бактысын сынагысы келген. Анысы француздардын пруссиялыктар менен урушуна туш келип, колуна мылтык алып согушка катышкан.

Ги де Мопассан.
Ги де Мопассан.

Мопассан бала кезинен көркөм өнөрдү жакшы көрчү. Лицейде окуп жүргөндө поэзияга кызыгып, театр оюндарын калтырчу эмес. Согуштан кийин кара сөзгө, кызыктуу окуяларга бай көркөм чыгармаларды жактырып, оголе көп китептерди окуп салган. Китеп дүйнөсү анын шык-жөндөмүн козгоп, ошондой чыгармаларды жазууга шыктанткан. Аты чыкканча кыйла чыгармаларды жазган. Бирок алары адабий устаты Гюстав Флоберге жакпай, жарыкка чыккан эмес. Ошентип биртоп жылы изденүү, жаңыны жаратуу абыгерчилиги менен өткөн.

Анан 1880-жылы биринчи аңгемеси жарыяланып, анысы адабий журтчулуктун баамына илинип, китептери чыга баштаган, калем акысы көбөйүп анысы кедейликтен кыйла жүдөй түшкөн үйүндөгүлөрдү кубанткан. Өкүнүчкө, бала кезинен аны туткактаган баш оорусу күчөп, чыгармачылыктын кызыгына баткан жазуучунун айласын кетирген. Алышкан оору алмайын койбойт экен, 1893-жылдын жайында 43 жашка жете элек курагында каза тапкан.

Адабий салты, реалисттик көрөңгөсү күчтүү үлкөн адабиятта залкарлардын катарына кошулуу оголе кыйын. Ги де Мопассан андай атакка жаш кезинде эле жетише алган. Анын “Шуру” деген аңгемеси жазуучунун көркөм дүйнө туюмунун өзгөчөлүгүн кашкайта көрсөтүп турган туундуларынын бири. Новелланын баш каарманы Луазель Матильда табият өңдөн, сулуулуктан, акылдан, айла-амалдан дегеле кемтик кылбаган, бар тарабы шай сулуу зайып. Чыгармада анын кантип кедей турмушка туш келгени, ажарлуу айымдын тарсылдаган дуңгул аялга кантип айланганы жалтырак аземге байланыштуу сүрөттөлгөн.

Жыргал кече

Бу сулуулук дегениң да алдамчы нерсе, чырайың ай менен күндү уялтып турган чакта тандоо көп, артыңан ээрчигендерди байкап көрүү мүмкүнчүлүгүң толтура. Бирок тагдыр дегениң да кызык, кээде сулууга деле далысын салып коёт. Биздин Матильда сулуу да аты улук, супурасы курук мекемелердин биринде иштеген катардагы аткаминердин колун кармап, аны менен турмуш арабасын тартууга мажбур болгон. Башкалардын бай жашоосун көрүп күйбөгөн жери күл болуп, ушундай өңү, акылы, кылыгы менен катардагы бирөөнүн аялы делип отуруп калганы аны аябай чүнчүттү. Жада калса күндөлүк тиричилик ташпишинен бошотчу үйүндөгү бретондук кызматчы кыз да купулуна толчу эмес.

Кир дасторкон салынган тегерек үстөлгө тамак ичкен отурушканда күйөөсүнүн карам шорпону – капуста борщту көргөндө көздөрү жайнап колдорун ушалап ийиши маанайын биротоло чөктүрчү. Жалтыраган фарфор идиштерге салынган тамакты акырын куюп, канаттуунун же балыктын чүйгүн этин аш айрысы менен акырын сайып, жээр-жемексен болуп отургусу келчү. Маанайын түшүргөн дагы бир нерсе – анын түзүгүрөөк кийиминин жоктугу болчу. Ушундай сулуу, ажарлуу аял сетирейип, жаман кийими менен турса, күйбөгөн жери күл болот да. Кыз кезиндеги курбусунукуна барып келгенден кийин кыйлага өзүнө келе албай жүрчү. Ошондой кабагы салыңкы жүргөн күндөрдүн биринде күйөөсү министр менен аялынын салтанаттуу кечесине чакырууну колуна карматып жатпайбы.

- Мунун мага эмне кереги бар, айтчы?

- Кандайча, сени буга аябай ыраазы болот дегем, жаным. Сен эч жерде деле болбодуң, а бул деген эң сонун учур, эң сонун. Бул чакыруу катын мен араң дегенде албадымбы. Тим эле баары ал жакта болгулары келет десең. А майда-барат адамдарга ким эле чакыруу бергиси келсин. Сен ал жактан жалаң аттуу-баштууларды көрөсүң.

Ал күйөөсүнө ушунчалык ачуулуу карап туруп:

- Мага ал жакта суутуп коюптурбу? Кийип барганга түзүк эчтекем жок! – деди үнү калтырап.

Анын башына бул ой келген эмес экен:

- Тиги көйнөкчү, тиги... жанагы сен театрга кийип барчу. Ошол көйнөк эң жакшысы менимче, – деп күңк этти.

Ошол замат аялынын бышактап ыйлаганын көрүп не дешин билбей, күйүтүн ичине басып унчукпай олтуруп калды. Аялынын жаагынан ылдый оозунун чекесин көздөй эки чоң тамчы көз жаш ылдый суюлуп агып жаткан экен. Күйөөсү мукактанып:

- Сага эмне болду? Эмне болуп кетти? – деп сурады.

Аялы өз кайратын жыйып, ызасын ичине басып, жашка жуулган жаактарын аарчый:

- Эчтеке. Болгону менде түзүк көйнөгүм да жок. Ошого бара албайм. Бул чакыруу катыңды ошол аялы түзүгүрөөк кийинген сени менен кошо иштеген бирөөлөргө бер, – деди жайбаракат үн менен".

Эркек журтунда баам-парасат деген өзү азыраак болот. Театрга кийилген көйнөк менен салтанаттуу кечеге ким барсын! Ал жерде кымбат, жаңы кийимдердин көргөзмөсү өткөнү жатса. Күйөөсүнө эми жетти окшойт, жакшы көйнөк канча турарын сурай баштады. Көздөрү каканактап ыйлаганы калган аялынан кечеге кийип барчу жакшы көйнөк 400 франк экенин билди. Тигинин мылтык сатып алам деген акчасы бар эле. Көйнөктүн жарасы жеңил экен, тез эле чечилди.

Аны менен татаал маселе тамам болсо жакшы го, күйөөсү аялынын эмнеге кабагы салыңкы жүргөнүнө кызыкса байкушунун кечеге тагынарга түзүгүрөөк шурусу жок экен. Ансыз кечеге барыштын кереги деле жок тура. Кысталыш учурда туура акылды күйөөсү тапты, таежесинин шаан-шөкөткө тагына турган асыл буюмдары толтура, ошондон бирөөнү сурап алса эмнеге болбосун?! Жакут шуруну ошол жерден алган, кубанычты айтпа.

Ал кеч Луазель Матильданыкы болду. Эркектердин баары эле аны тиктеп, ушундай сулуу, ажарлуу айымды мурда неге байкабай жүрүшкөнүнө таң калышып, министр баш болуп улам бийге чакырып, кубанычтан башы тегеренип, биринчи ирет сулуулугуна мас болуп, ыраазы эле. Салтанаттуу кече таңкы саат төрткө чейин уланды. Үйгө кантип келишкени деле жакшы эсинде жок, күйөөсүнө таарынып жука көйнөкчөн эле сыртка чуркап чыккан.

Жоголгон шуру

Экөө үйгө келишкенде чечинип жаткан аялы кыйкырып жибербеспи. Форестьенин кымбатбаа шурусу түшүп калыптыр.

“Күйөөсү алактап ордунан атып турду:

- Кандайча?!. Эмне? Мүмкүн эмес андай болушу!

Алар кийимдер турчу жабанды, чоң жоолуктар турчу жабанды, чөнтөктөрдү, бүт ааламды карап чыгышты, чындап эле жок эчтеке.

- Эсиңдеби, биз кечеден чыгып баратканда ал сенде бар болчу ээ? – деди күйөөсү.

- Ооба, аны министрликтин вестибюлунда кармалап көргөм, ошондо бар болчу.

- Бирок сен аны көчөдө жоготуп жиберсең, анда биз анын жерге түшкөн үнүн угат элек. Демек, ал арабада калып кеткен.

- Ооба. Бир болсо ошондой. Сен номерин жаттап калдың беле?

- Жок, кайдан. А сен караган жок белең?

- Жок.

Алар бири-бирин өлгүдөй кайгырып узакка карап турушту да, анан күйөөсү кийине баштады.

- Кеттим, – деди, - шуру табылабы же жокпу - биз жөө баскан жолдорду карап келейин.

Ошентти да күйөөсү чыгып кетти. Ал үстүндөгү той көйнөгүн чечпей, жарыкты да күйгүзбөй, жатканга алы жок, бир ордунда өлүктөй селейип катып калды".

Ушундай да болобу, кымбатбаа шуруну жоготуш деген чатак иш. Аны эми кайдан табышат?! Күйөөсү куру кол кайтып келди, таба албаптыр. Шуруну издөө токтолгон жок, полицияга кабарлашты, жарыя беришти. Шылтоо ойлоп табууга маш күйөөсү таежесине “шуруну оңдогонго берип койдум дечи” деп акыл үйрөттү. Шуруну издешип кымбатбаа буюмдар сатчу дүкөнгө да барышты. Ал жерден шурунун кутусун гана сатып алышкан экен. Башка бир дүкөндөн ошого окшош шуруну көрүштү. Баасы асман чапчыйт – кырк миң франк деди. Соодалашып отуруп аны отуз алты миңге түшүрүштү.

“Алар дүкөндөн бул шуруну үч күн сатпай турушун суранып, эгерде жоголгон шуру февралдын аягына чейин табылып калса, анда бул шуруну артка отуз төрт миң франкка кайтарып алуу шартын коюшту.

Күйөөсүндө атасынан мураска калган он сегиз миң франк акча бар эле. Калганын ал карызга алып турууну чечти.

Ошентип тигинден миң франк, мындан беш жүз, андан жүз франк, аркыдан элүү франк сурап карыз алганга өттү. Үстөккө акча берген адам аттуунун баары менен таанышып, түбүнө жете турган карыздарды өз моюнуна алып, ишеним каттарды жазып берди. Ал келечекте бул балээден чыгып кетишине көзү жетпесе да, алдыда болор бардык азап-тозокторго кайыл болуп, олчойгон карыз акчаларга кол коюп, өзүн өмүр бою кулчулукка түрттү. Ошентип отуз алты миң франкты топтогон соң, жаңы шуруну алуу үчүн дүкөнгө барып, бул суммадагы акчаны сатуучунун алдына сунду.

Луазель айым шуруну Форестье айымга алып барып берген кезде, ал кабагын чытып, тыржыйган түрдө:

- Эмнеге мынча маалкатып жүрдүң? Бул мага деле керек болуп калат да, - деп койду.

Луазель айым ал кутучаны ачып карап жибереби деп ушунчалык коркту эле, Кудай жалгап тиги кутучанын ичин караган да жок. Эгер алмаштырып келгени билинип калса, тиги эмне деп ойлоп, эмне деп айтмак?”.

Карыз акчаны төлөш үчүн батирге алган үйүнөн жогору чатыр тамга чыгышты, анысын мансард деп коюшат, кызматчы кызды кетиришти. Байкуш сулуунун азабы ошондон кийин башталды. Идиш-аякты жыйнап, кийим-кечекти жуушту, үтүктөштү үйрөндү. Колуна баштык алып базарга барчу болду.

“Ар бир айда карыздын бир бөлүгүн төлөсө, кийинкисин жаңыртып, үчүнчүсүн коюп берип туруусун сурап турушу керек эле. Күйөөсү бир коммерсанттын чөнтөгүн байытып кечиндеси иштесе, кээде түнү бою ар бир барагын беш тыйындан баалап алып, кол жазмаларды жазып чыкчу.

Мындай турмуш он жылга созулду. Он жылдан соң карыз толугу менен жабылды, толугу менен, ал тургай чөнтөктү кагып алчу өсүмдүн топтолгон процентинен бери. Мунун айынан Луазель айым бир топ жашка картая түштү. Ал кембагал үй-бүлөнүн аялдары кандай болсо ошондой болуп туурасы чыгып, катуу, корс болуп өзгөрдү. Ал ар тарапка чоюлуп калган юбкасын кийип, шалпылдай басып, кыйкырып сүйлөп, кызарган колдору менен полду ысык суу менен өзү жууп калды. "Күмүш аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт” болуп, анын картая түшкөн жүзүндө качанкы бир кездеги сулуулуктун гана издери калды. Бирок кээде, күйөөсү жумушта кезде, терезеге олтуруп, ошол кечти, ошол кечени, ага бакыт кушу колуна конгон, ал ошондо ушунчалык сүймөнчүк болгон ошол кезди эстеп калар эле”.

Ошентип айда жок сулуу айласыз турмушка көнүп жаш кездеги жашоосу жомоктой сезилип калган чакта Елисей талаасынан Форестье айымды көрүп калды. Байкуш таежеси тигини тааный албай бүшүркөп, көргөн көзүнө ишенбей турду. Матильда шуру деп кандай азапты көрүшкөнүн айтып берсе боорукер таежеси: “ал жасалма шуру болчу, баасы ашып барса беш жүз франктык” деп жатпайбы.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG