Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Кайнене-келинди тирештирген эски керебет


Көзгө жакын эски буюм - өткөндүн элеси, көргөн сайын кыйланы эске салган таберик. Анын керектүү-керексизин мезгил аныктайт. Махабат Алымбекованын “Эски керебети” жөнөкөй турмуш тиричиликтин ичте катылган чоң сырын ачып берүүгө арналган.

Мал сарай

Пенде баласынын түшүнүк, көз карашы жагдай-шартка жараша өзгөрүп турушу белгилүү. Алдыда сөз болчу аңгемеде мына ушул турмуштук көрүнүш муундар ортосундагы мамиле-катнаш призмасынан талдоого алынган.

Дат баскан эски темир керебет кайнене менен келиндин мамилесин кантип өзгөртүп, жыйынтыгы кандай болгону турмуштук көрүнүштөр фонунда көрсөтүлгөн.

Калам кармаган автордун чеберчилиги майда көрүнгөн турмуштук көрүнүштөн өзгөчөлүү көркөм маани табуусунан байкалат, ал башкалардын баам сыртында калган жөнөкөй нерседен терең маани-мазмун таап чыгат.

Адамдар мүмкүнчүлүк-шарты келишкенде эски буюмдарын сыртка чыгарып, жаңысын сатып алууга өтөт. “Эски керебет” аңгемесинде мына ушул жагдай сюжеттик негиз катары алынган, каармандардын аракет-кыймылы турмуш-тиричиликтин жөнөкөй бир эпизодуна байланган.

Жаш адамдын дүйнө таануусу үзгүлтүксүз жүрүп турчу процесс, токтолбогон агым, анын ар бир күнү кайталангыс учур экени убакыт өткөндөн кийин ачыкка чыгат, маани-мазмуну тереңден ачылып, жаңыланып чыга келет. Болбосо дат баскан кайсы бир эски темир керебеттин кандай сыры болушу мүмкүн?!

Көрүнгөн жатып, убагында урунуп, кийин жыгач эмеректер көбөйгөндө үйгө батпай сыртка чыгарылып калган буюм. Келини аны сарайга киргизип койсо кайненеси кадимкидей ачууланып, нааразы болуп отурбайбы. Энеси сарайда жаткан эски керебетти алып кетем десе ким кой демек? Алып кете берет да. Турмуш-тиричиликке тың келини саратанда бу эски керебетке курут жайып, кургаткыч кылып алсам деп жүргөн. Ошол ишке жарамак.

Эски дат баскан керебетти үйгө киргизип жинди болуппу? Бирөөлөр көрсө эмне дейт?! Азыр темир керебетти саймаланган кездеме менен жаап коюш модадан калган. Анысын ачууга ууккан кайненесине айтмак беле! Кемпирдин көңүлүн алыш үчүн эртең эле эски керебетти үйгө киргизип коёрун айтып, убадасын берди.

Бечара кемпир ошого аябай сүйүнүп, сүйгүнчүк уулу төрөлгөндө сатып алып, ошондон бери аспиеттеп урунуп келген буюму жаңы үйгө азыр эле киргизилчүдөй кудуңдап калды. Келини канткен менен эстүү жан эмеспи, кайненесин капа кылбады, ушунусуна шүгүрчүлүк. Бирок кемпир ал ирет алданган экен, тигиниси тек жооткотуп койгон тура.

Бирок эртең эмес, эки жума өтсө да керебет үйгө киргизилген жок. Кемпир келининин үйүнө канча жолу келсе, керебет ошончо жолу короодо турду дат басып. Ичи түтпөйт, же келининин бетине айта албай жүрдү да, бир күнү “эмне болсоң ошол бол” деп келин жумушта жүргөн кезинде керебетти айтпай-дебей арабага салып сүйрөп кетти үйүнө. Баарынан кызыгы, келин жумуштан келгенден кийин деле, андан кийинки күндөрдө деле мал короонун бир бурчунда турган эски керебеттин бар-жогун элес алган жок.

Анткен менен кемпир алып келген чоң үйдө деле керебетти сыйлуу орун күтүп турбаптыр... Ушунун айынан үйдөгү келин-уулу менен бир топ талашып-тартышкан соң, уулу бул эски керебетти курулуш үчүн шагыл, кум элегенге эң ылайыктуу буюм деп тапты да, ага чейин дагы бир керекке жарай турсун деп, огороддун четин тоскон кашаага кошуп чырмап байлап салды. Мына сага! Тосмо болбосоң коё кал!”.

Келинине бекер эле капа болгон окшойт, баласы бир кезде өздөрү жаткан темир керебетти кашаага байлап койду го. Эч нерсе айта албады. Балдарына эски буюм убагында урунуп, кереги жокто ыргытып койчу нерсе болгону менен кемпирге ал катардагы буюм эмес болчу. Бу керебетти кантип алып келишкени ушу азырга чейин эсинде. Ал кезде керектүү-керексиз буюмдар азыркыдай дүкөн менен базарларда шыкалып турчу эмес, издегениңди табыш кыйын, тааныштан тааныш салып жатып алышчу. Кезекте кезерип турган учурларды айтпа. Анын үстүнө алайын десең акчаң жетишпеген кызык кез эле.

Элдин колунда жок, керелден-кечке колхоздун жумушунда жүрүп кечинде үйүнө келгенде кирпигинен тартчудай болуп суй жыгылышчу. Жокчулукту бу байкуш социализм жок кылам деп жүрүп өзү кантип жок болгонун байкабай калды окшойт. Жадесе жакшы кийим же тамак-аш сатып алуу кыйын учур. Акчаны улам-улам санап, сатып алардан мурда кыйла кеңешип-сурашып, анан барып алып келмей. Байкуш кемпирге ошондон үйүндөгү ар бир буюму жат, кайсынысын кантип алышканы эсинде турчу.

Дат баскан эски темир керебет

Балдары үчүн анын мааниси деле жок экен. Кенжеси эски керебетти кашаага кошуп байлап койгондон бери байкуш эненин санаасын бир ой бийлеп алды. “Ошол эски керебет менен кошо өзүнүн энелик кадыры, сыйы кошо чырмалып калгансып эле, тосмого байланган керебетти көргөн сайын жүрөгү сыздачу” болду.

Энесинин бул үйдө бары-жогу булар үчүн тыйынга арзыбайт окшойт. Болбосо апасынын эски керебетти кантип алып келгенин билет, көрүшкөн, анан тигинтип көз-көрүнөө кашаанын жыртыгын бүтөсүн деп илип коюп жатышпайбы. Туура, үйүндө жалтыраган жыгач керебеттер, дивандар турат. Баары жаңыланат деген артынан сагыныч менен өкүнүчтү ала келет экен.

Көргөн сайын бушайман! Деги эле ушул үй курулганы бушайман... Бала-чакасы баарылап кеңешкен да, эненин илгертен бери сонун колдонуп келе жаткан эмеректерин эски сарайга тыгып салышып, дүнүйөсү ашынып тургансып, баарын кайра баштан жапжаңы сатып келип коюшту. Жаңы болбой курусун! “Ага тийбе... муну кармаба... ал эскирип калат... тиги бөлмөгө кирбе!”деп атышып бала-чаканы да кууратып ийишти. Бала-чака эмне болуп калыптыр, кээде кемпир деле өзүн коомай сезип, кандайдыр бөлөк бирөөнүн үйүндө жүргөнсүйт... Бирок тиги керебет эне каалап аткан соң үйгө киргизилиши керек эле го? Бу кандай... Көп деле нерсе каалаган жок эле го?”.

Балдарынын кылыгына нааразы эне ачуусун кайдан чыгарышты билбей жүрдү. Ичте толгон заарын туруп-туруп “капкайдагы бир казан-аяктан чыгарчу болду”. Энесинин ич күптүсүн баласы менен келини билип эле турушат, эмне деп айтмак, унчугушпайт. Келини башында тымпыйып жүрдү эле кийинки кездери тили чыгып кайненесине сөз кайрычу болуп алды. Баласы келин менен кайнененин кер-мур айтышын угуп бир-эки жолу аялына “теңелбе, унчукпай кой” деп көрдү. Анысы макул болгонсуп калат да анан бир күнү эле кайрадан уруш башталып кетет. Жаңжал дегениң болбогон эле бир нерседен чыгат.

- Муну жөн эле койсоңуз болмок, ары-бери жылдырбай... - сөз ашканадагы чай ичилчү чоң стол жана отургучтар тууралуу болуп жаткан.

-Эмнеге жөн коём? Ушундай турганы оң болуп атпайбы, кенен болуп...

-Ары-бери басканга жолтоо кылып... Так ортого коюп алган кантип болсун!

-А келин, сен эмине ыя!? Өз үйүмдөгү оокаттарды өзүм кармай аламбы же жокпу?!

-Мен үйүңүздү талашып аткан жерим жок, болгону туурасын айттым!!!

Кудай бетин салба! Жаңжалдын аягы күчөгөндөн-күчөп, ачуу аралаш капкайдагы кептин баары сүйлөнүп калды... Айтылбачу сөз айтылды! Аягы келиндин кетиши менен бүтмөй болду. Кеткенде да, “келбейм” деп чекит коюп, анан кетти. Алмончоктой жарын кыя албай, артынан уул да кетти, энесин башка бир эркек бир тууганына бек табыштап алып, ичинен түтөп...”.

Кемпир уулу менен келини кетип каларын күткөн эмес. Башында кошуна-колоң тааныш-туунуш, туугандар эмне дейт экен ойлоп жүрдү, кыйла убактысын санаа менен өткөрдү. Антсе өзүнөн өзү чүнчүй бергидей. Бир күнү жоолукту бекем бууп үй тиричилигине киришти. Жуулбай, жыйналбай жаткан идиш-аягын жаркыратып, баарын өз-өз ордуна коюп, сыртка чыгарылып калган эски буюмдарын бир четтен жууп-тазалап үйгө киргизе баштады. Келини кайненесине таарынып кетиптир, а тиги жаманы эмнеге анысынын артынан кетет? Билинбеген менен кыйла буюмдарын эшиктеги сарайга чыгарып коюшкан экен. Баарын иретке салып үйгө киргизди. Баарына орун табылды.

Кийинчерээк кемпирдин жанына баягы билип-билбей керебет талашкан келини көчүп келди. Тобо, күндүн үчтөн экисин ишинде өткөрүп, тирилик менен анча деле алакасы жок ушу келиндин. Башынан эле ошондой болчу... Мейличи... Айтор эмнеси болсо да, кемпир ушул күндөрү үй ишине баш-оту менен киришип, кайраты ашып, аябай жигердүү аракетте жүрдү. Жанындагы келинге сарайдан илгерки үкөгүн тышка чыгартып, жуудуртуп, тазалатып, келиштире сырдатты да, кургаган соң үйгө киргизди.

Эстеди, оо илгери эч кимде мындай буюм жок кезде күйөөсү экөө ушуну сатып алышканын! Кошуналары буларга суктанышканын...”.

Келини жумушта жүргөнүнөн пайдаланып баягы кашаада байланып турган эски керебетин үйгө алып кирди. Орун деле табылды, үй көркү деле бузулбады. Кемпир колу тийген эски буюмдарын сылап-сыйпап, өткөн кезин эстеп өзүн жакшы сезип калды. Эски керебети негедир көзүнө жакшы көрүнүп, ал үйгө киргени көңүлү биротоло жайланып, кыйла убакты-саатын үй тиричилиги менен өткөрдү. Бул ирет эски керебеттин үстүнө жүк жыйылып, “көрдүңбү”, дегенсип көздөрү бир башкача күлмүңдөп, чай ичип отурган.

Келини эмне демек, көрдү, үйдөгү болгон жууркан-төшөктөрдү эрикпеген кемпир тыкыйта жыйып керебетке орун таап коюптур. Кайненесине биротоло эрегишип алган келини күйөөсү келгенде айтып эски керебетти сыртка чыгартып коюуну ойлоду. Кайта ойлонуп отуруп “тура берсин” деп койду, бир эски буюмду сыртка чыгарыш артынан канча уруш-талаш алып келерин ойлоп ачуусун басты. Ошону менен ал эски керебетти дегеле ойлобой, анын бары-жогу менен деле иши жоктой, өзүн жооткотууга өттү.

Кайненеси башка иши жоктон бетер эски керебетин бир ордуна экинчисине көчүрүп, жалаң ошону гана эрмек кылып алды. Жумуштан келген сайын эски керебет ордун алмаштырганын көргөн келини “биздин уктоочу бөлмөгө алып келбесе болду” деп калган.

Билинип-билинбей эски керебет кайнене менен келиндин тымызын эрегишине айланды. Кемпир эски керебетти бир орундан экинчисине убара тартып которгондо “тиги эмне дээр экен” деп ичинен ойлончу болду. Эски буюмун шылтоо кылып бөлмөдөн бөлмөгө которуштуруу биралдын ага эрмек болуп калды. Анысына келини дегеле көңүл бурбагандай, эмне кылсаң өзүң бил дегенсип байкамаксан. Экөөнүн тымызын эрегиши эмне менен бүтөрүн күтпөй убакыт деген учкан куш сабалап өтө берди. Анан бир күнү келини жумуштан келсе:

“Үйдөгү баягы керебет сыртка чыгарылып, дубалдын түбүнө коюлуп калыптыр! “Эмне болду?! Бирдеме болгонбу... Бирөө келдиби же...” Шашып, үй ичин карай тез-тез адымдады. Жок. Тынччылык эле окшойт. Эне эпилдеп камыр ийлеп атыптыр... Келин көөнү жайлана түшкөнү менен, керебет тууралуу ооз ачып сураган да жок. Өзүнчө мулуңдап кубанып алды...”.

Утуш жаңыныкы, келиндики болчу. Эски керебет жаңы үйгө батпай, анын ордуна башка эмеректер ээлеп эми чындап сыртка чыккан экен. Мына ушул ирмем экөөнү сыноодон өткөрүп жаткан. Байбиче жөн эле көктүк кылып келиндери менен тирешиптир. Заман өзгөрүлүп, жашоо-турмуш башкача нукка түшуп калган тура.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG