Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:03

"Кызымды кайтарып алгым келет..."


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Төлөндү Акматов көркөм чыгармачылык менен илимий изилдөөнү, журналистиканы эриш-аркак ала жүргөн талант болчу.

Жазуучунун “Күн болбой куруп кал” аңгемеси учурунда партиялык катаал сынга туш келип, автору биртоп жылдар басым-кысым алдында жүргөн. Бүгүн биз Төлөндү Акматовдун “Бала” аңгемеси тууралуу кеп кылабыз.

Буюккан бороон, алдастаган кемпир

Төлөндү Акматов негизинен басма, илим тармагында иштеп, алтымышынчы жылдардын соңунда “Сагыныч”, кийинчерээк сексенинчи жылдары “Кез ушул” китебин чыгарган. Антип автордун эки китеп менен гана чектелип калышынын олуттуу дегидей себеби бар болчу.

Жазуучунун коммунисттик идеологияга кайчы келген “Күн болбой куруп кал” аңгемесинде түрмөдө жаткан уулуна кыш чилдеде бармакчы болгон кемпирдин буюккан бороондо калып каза тапканы, оор турмуш көйгөйү чагылдырылган. Советтик жаркын турмушка коошпогон “Күн болбой куруп кал” аңгемеси менен Аман Саспаевдин “Сарала ити”, Дайырбек Казакбаевдин “Бир болгон окуясы” партиялык сынчылардын катаал жазасына кабылган.

Коммунисттик идеологияга каршы авторлорду кандай жаза күтөрү ал кезде калам кармагандын баарына белгилүү болчу. Үч автордун жазгандары биртоп жылдар жарыкка чыкпай, жашырын-жабык басым-кысым алдында жүрүштү. Антип, партиялык идеологдорго жакпай калган, социалисттик реализм калыптарына сыйбаган чынчыл сүрөткерлер ошентип ал заманда деле кез-кез чыгып калчу. Төлөндү Акматов антип катаал сынга кабылбай, чыгармалары тоскоолдуксуз чыгып турса, көркөм потенциалы мол сүрөткер дагы биртоп кызыктуу аңгеме, повесттерин жарыяламак.

Жазуучунун “Бала” аңгемесинде пенде баласынын бу жарыкчылыктагы ыйык максат-мүдөөсү, өктөлүү өмүрдүн өжөр чындыгы көркөм иликтөөгө алынган. Бала деп жашап, бирок эңсегенине жете албай өмүр күзүнө калган кары адамдын түндүгүнө кут конуп иниси бешиктеги кызын бала кылып берет. Мамбет карыга мындан артык бакыттын, кубанычтын кереги жок эле. Иниси Ыбырайымдын үч уул, үч кызы бар. Улуусу аскерге кетип, кийинки кызы турмушка чыгып, өзү колхоздун арабасын айдап, эр ортону элүүдөгү турмушу өз калыбында кылдырап өтүп аткан.

Ошол иниси кыздуу болгондон бери Мамбет кары баштагыдай кабагын карыш салып, отура бербес болгон. Убактысынын көбүн инисиникинде өткөрөт, балдарын эркелетип, отунун жарып, короосун шыпырып, бош боло калса эле ошол жерде. Мамбет аксакал Алыйпаны алган жылы Ыбырайым жаңы төрөлгөн бала эле. Бир туугандардын ортолук жашында оголе чоң айырма бар. Мына ошол иниси минтип алты баланын атасы, Мамбет болсо бала үнүнө зар, муң-зар менен өмүр арабасын айдап келаткан. Бирөөлөрдүн балдарын көргөндө көздөрүн жаштап, муңун ичинде сактап бири минтип аксакал, экинчиси куудай чач кемпир болушту. Эми тагдырга тан берип, Кудай ыроологон жашты жашап, чын дүйнө камылгасына киришерде орошон окуя болуп атпайбы. Анын үстүнө үмүт деген да пенде баласын бучкактап, ага дем берип, жанына эш болуп, убакты-саатын коштой жүрөт тура. Иниси кыздуу болгондо чалдын түпкүрдө жаткан сезими дагы козголуп, өзүнчө эле толкунданып алган.

“Ошол Ыбырайым кыздуу болгондо:

— Ай чал, тиги кудайга шүгүр десин, иниңдин балдары алтоо болду. Эми кудай дээр, мурун да унчукпай койчу эмес элек, мурун да сурап жүрдүк. Эми ушунусун берээр. Кудайдан корксун. Эрмек болсун бизге. Серейтип экөөбүздү калтырбай, боору таш болбосо бизди аяшар,— деп кемпиринин байкуш болуп отуруп айтканын туура деп тапкан Мамбет кары инисиникине күндө барат дагы, бербейм деген сөз угамбы деп, ооз ачууга батына албайт. Күн сайын анын үйүнө барып оокатын кылып, анан терс жооптон коркуп, унчукпай башын жерге салып кайра тартат.

Бүгүн шашке ченде Мамбет Ыбырайымдыкына барса, келини жаңы төрөлгөн ымыркайын эмизип, бир жагынан от жагып, жарма кайнатып, кемегенин оозунда отурган экен, Кайнагасын көрө коюп, кызынын оозунан эмчегин алып, келини баланы төргө салынган ала кийизге жаткыра турууга басты.

- Балам, кызымды берчи бери, - деди Мамбет баланы карай колдорун сунуп, - берчи мага кызымды.

Келини кызын кайнагасына берип коюп, кемегеге от жага берди.

- Муйдуңдан айланайын, муйдуңдан. Мен садага болоюн,— деп жатты чал төрдө баланы алып отуруп. Бышбыраган ымыркай болсо, чалдын жалынышын жактырбагандай бети-башын жыйырып, анан ыңаалап жиберди. Чал аны өбөм деп эңкейди эле, сыйда сакалы баланын жүзүнө тийди. Бала искегилей түшүп ыйын баскан кезде үйгө Ыбырайым кирди.

- Ыбы, бүгүн жумушка чыккан жоксуңбу?

- Чыгам,— деди босогодогу отургучка отуруп, арык, кара киши кайраттуу, көөдөй сакалын көнүмүштүк менен сылап.

- Жөн эле сурадым. Бу… элдин баары тең эле жүгөрүлөрүнүн биринчи чабыгын бүтүрүп жиберишмек болду… Силердикине кол тие элек ко.— Ал кайра бышылдап дем алып жаткан ымыркайды карап: — айланайын, садага болоюн,— деп баланы дагы өптү.

- Кол тийбейт. Мен арабадамын,— деп тим болду Ыбырайым, ичинде болсо «жүгөрүмдү чаап бербей-ак кой, кызымды сурабай-ак кой» деп ойлоп турду. Анын баласаак экендигин Мамбет жакшы биле турган. Мамбетте башка арга жок.”

Жүгөрүсүн отоду, отунун алды, күлүн чыгарды

Кандан чыккан баласын бир тууганга берип ийиш деле кыйын, аны Мамбет да, Ыбырайым да жакшы билишет. Бири инисинин көңүлүн кантип алыштын аргасын таппай ичтен сызса, экинчиси агасын кантип капа кылбаштын амалында. Ыбырайым ырдыван арабасын айдап, колхоз жумшаган ишти жасап, башкалар анын тынчын албашын, бекем түптөлүп калган үй-бүлө мунарасына бирди-жарымдын көз артпашын каалайт.

Мамбет карыга канткен менен кичине илинчек табылды. Инисине жүгөрүсүн ойлобой, арабасын тарта беришин айтып, үйүнө келип кетменин чыңап, Ыбырайымдын чөп басып кеткен жүгөрүсүн отоого киришет. Бул экөөнү “жибитиштин” бир жолу эле. Саратан ысыкта карынын тез эле колдору талып, “илип аларга эти жок кубаңкы бетин тер” басып, алы куруганына карабай, ишин уланта берет. Мамбеттин антип жанын кыйнап, ысыкта боргулданып иштеп атышынын себеп-жөнүн айылдаштары билишет, анысын баары эле ачык айта алышпай шыпшынып тим болушат. Кыйналганына, бели бүкчүйүп калганына карабай Мамбет аксакал үч күндөн кийин баштаган ишинин аягына чыгат.

“Кечкурун эле. Мамбет Ыбырайымдын огородунун жээгиндеги тал-теректерди бутап, үйдүн алдындагы дөңгөчкө жаңы отурган.

Келин баласын уктатып коюп, эки чакасын алып, төмөнкү суу түтүгүнө баскан болучу. Ыбырайым жумуштан келип калды. Ал дайыма ат, арабасын сарайга калтыра турган.

— Ыбырайым, — деди Мамбет үйүнө кирип бараткан инисине үн салып. Босогодон ары бир бутун таштаган Ыбырайым ордунда турган бойдон эмне дегендей бери карады.

— Бери басчы.

Ыбырайым унчукпай үйүнө кирип кетти. Анан ичкериден челектеги максымдын шалдырттап чалынып жатышы үңкүйүп убайымда отурган Мамбетке угулду. Аздан кийин Ыбырайым сыртка жайбаракат чыкты.

— Мындай отурчу,— деп Мамбет калтаарый сүйлөп, жанында жаткан устундун учун Ыбырайымга көрсөтө берди. Тиги отургандан кийин:

— Эрмегим төрөлгөндөн бери эле кыз меники деп эшигиңде жүрөм. Атын да Эрмек деп өзүм койдум. Алыйпа экөөбүз тун балаңдан башкасынын баарын эле сурап келе жатабыз го… Эми…

— Ал,— деди Ыбырайым кылчайбай кетип баратып.

— Ия? О, айланайын Ыбыке! О, кудайыңдан айланайын, Ыбы, эмне дедиң?

— Жинди болгон го мобу?— деди бери бурулуп чалды ороё караган Ыбырайым, — алып кет деп жатпайымбы,— деп корс этти да, огородго басып кетти.

Чал колундагы таягын ар кай жерден бир таянып жалаң кат чепкенин делбелектетип үйгө кирип бешикте уктап жаткан баланы калтыраган колдору менен чечкиче шашты. Анан аны бооруна катып, таягын бешиктин жанына унуткан бойдон эшикке чыга жөнөдү. Үйүнө бараткан жолдо кудайга миң мертебе жалынып, кубанычынан топурак жолдун ой-чуңкурун карабады. Мамбет узап кеткенден кийин эки чака суусун көтөрүп келген Ыбырайымдын аялы үйдө бош калган бешикти көрүп, жүрөгү оозуна тыгылган бойдон сыртка чуркап чыкты. Ыбырайымга жетип барып кызын сурады.

— Мамбетке бердим, андан эчтеке болбойсуң,— деди тигил. Аялы эмне дээрин билбей селдейип туруп калды. Бул иш кыз төрөлгөндөн үч айдан кийин болгон эле”.

Ыбырайымды жеген санаа

Ошентип ойдо жок жерден Мамбет кыздуу болуп, “эртеси эле эки эчкисинин бирин союп, айылды бүтүндөй чакырып, той кылып ымыркайды асырап алышты”. Кемпир-чалдын үйүнө кубаныч кирип, бооруна кысканы Эрмек, жалгыз эчкинин сүтүн берип, ымыркайды багып алышат. Баланын түйшүгү карыларды сүйүнтүп, күн-түн дебей жалгыз кызын карашып, дүйнөсү түгөл. Убакыт өтүп, чал-кемпирди чексиз бакытка бөлөгөн кыз жетиге чыгат.

Чыйрак кыз чал-кемпирдин жалгыз кубанычы, эчкилерин малга кошуп, мектепке даярдана баштаган. Мамбет менен кемпири кызын мектепке даярдап, өздөрү окушчудан бетер толкунданып алышкан. Бирок бул ишке ичи чыкпаган Ыбырайым бир кездеги жумшактыгы үчүн өзүн кечирбей жүрдү.

“Эрмектен улуу, он-он эки жаштарга келген кыз, балдары Ыбырайымдын көңүлүндө эмнегедир Эрмекке жетпеди. Эрмектен кийин бир бала көрүштү эле, ал жыл айланбай чарчап калды. Ыбырайымдын жүрөгү «Эрмек!» деп согуп туруп алды. Ал кызын абдан, ушунчалык сагына турган болду. Ага куса болду. Аны кучактап алып жыттагысы келди. Жытын сагынды. Ичин күйгүзүп жүргөн бул оюн аялына айтпады. Бардык ишти өзү кылбады беле. Айтса, чоңоюп калган баланы көрүп, эне эмеспи, ичинен ансыз да сызып жүргөн неме эмне дейт?”

​Ошентип түйшөлүп турган чагында аялы экөөнүн ортосунда кызы тууралуу кеп болот. Ыбырайым кызын кайтарып алууну айтса, аялы макул болбойт. “Чоңойтуп-чочойткон алар болсо, тарбия-таалим берген алар болсо, ата-эне алар болсо…”,- дейт. Акеси менен жеңесинин абалын ойлогон эне “кызымдын бозоруп, менден чочулап турганын көргөндөн көрө ошоякта ойноп жүргөнү жакшы мага”, деп адамгерчилик жөнүн айтат. Бирок Ыбырайым ага болбой, кызын кайтарып алуунун аракетине өтөт. Эчкилерин айдап келаткан Эрмекти алдынан тосуп чыгат. Бейкапар келаткан кызды колдон алып, өзүнүн кызы экенин, буга чейин жашырып келаткан чындыкты ортого салат.

“ - Жүр. Эрмек, сен менин баламсың!

- Барбайм! Барбайм! Барбайм!!!

Кыз мойнун созуп умтулуп барып Ыбырайымдын колунун баш бармагын катуу тиштеди. Ыбырайым кан жайыла берген колун эми көрдү. Өз кызынын өзүнөн качып, өз атасынын жанын кейитип, тишин батыра тиштеген кызды Ыбырайым чаба турган болуп бош колун көтөрдү да, эмнегедир ошо калыбында бир оокумга туруп калып, анан кыздын колун бошотту. Кыз ыйын дароо басып мындай чыга берди. Анан карап туруп калган Ыбырайымга кайрылып, аны мыскылдаган түрдө тилин бултуйтуп көрсөттү да, көчөгө чуркап чыкты.

- Сениби, шашпа,— деди оозунан алдыргандай болуп аңкайып карап калган муңайымдуу Ыбырайым өзүнчө акырын,— экинчи ушул көчөдөн эле өт, шыйрагыңды чагайын.

Бул сөздү анын эриндери гана айтканы болбосо, жүрөгүн солкулдаткан ачуу ыза тамагына таш болуп кадалып турду.

Селдейип тура берди.

Анын көз алдында Эрмек жок эле. Эрмек тызылдап көчө менен жогору чуркап баратты.”

Кызы өз ата-энесине чуркап бараткан. Аңгемеде кыргыз турмушунда кездешчү өтөле кылдат социалдык-психологиялык жагдай көркөм иликтөөгө алынган. Жазуучу эки бир туугандын мамиле-катышы аркылуу аялуу теманын тереңде катылган сырын, өз баласын башка бирөөгө, атүгүл эң жакын адамына берип коюунун артында калган адеп-ахлак проблемасына көңүл бурган. Ким билет, жагдай башкача болсо Мамбет иниси үчүн эч нерсесин аябас беле. Ыбырайымдын агасынын кызы болуп калган Эрмегин кайтарып алуу аракети ошентип ишке ашпай, жасаган аракетинин тууралыгына ишенип-ишенбей, арасат калышы менен аңгеме жыйынтыкталат.

Эрмек чал-кемпирдин кызы болуп калган. Тагдырдын чанда бир болуп калчу берешендиги менен баласыз отурган үй-бүлөнүн кубанычы, чал-кемпирдин Эрмеги эми Ыбырайымга келмек эмес. Аңгеменин башталышы менен жыйынтыкталышынан улам Төлөндү Акматов улут адабиятынын мыкты өкүлдөрү кийинчерээк жетишкен психологиялык тереңдикке, көркөм деталдардын тактыгына, окуялардын ынанымдуу чагылдырылышына 1960-жылы эле чыгып алганын байкоого болот.

Бул жылдар кыргыз совет адабиятынын өзүнчө бир гүлдөө доору, ренессансы болгон. Улут көркөм сөз өнөрүнүн масштабы кеңейип, жергиликтүү чектелүүчүлүктөн чыга баштаган. Төлөнду Акматов мына ушул жаңы башталманын башында тургандардын бири.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG