Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 12:06

“Мунт” - жез кумганга чегерилген тагдыр


"Ата-Бейиттеги" Үркүн курмандыктарына арналган эстелик.

1916-жылдагы апаат тууралуу оголе көп чыгармалар жарыяланган. Кайгылуу окуяны белгилүү илимпоз Рахима Сыдыкова Шааркан таянесинин эскерүүсүнө таянып “Мунт (Үркүн)” деген документ баянында ынанымдуу чагылдырган.

Шааркан апанын эскерүүсү

Жан айласы кылып жазалоочу отряддардан баш калка издеп Кытайга качкан көлдүк кыргыздар арасында Рахима Сыдыкованын Шааркан таенеси да бар болчу. "Мунтка" (бунт – көтөрүлүш) чейин ал киши көлдүн Ак-Суусунун Чоң-Жергез деген айылында жашаган.

Совет бийлиги кезиндеги кыйын убакта эстүү кемпир 1916-жылкы “мунттун” – көтөрүлүштүн азабы тууралуу узун сөздү куйма кулак небересинин мээсине куя бериптир. Үмүт-тилеги - кийинки муун опсуз апаатты унутпасын, билип жүрсүн деп “оозеки тарыхтын” келебин чубаган окшобойбу.

“Оруска аскер бербейбиз деп, балдарын аскерге алып кеткенге каршы чыгып, кыргыздын эр жигиттери атка минип, колуна союл, айры, балта кармап чогулуп жатышкан жерде атам да болгонун айтып калчу, - деп жазат Рахима Сыдыкова эскерүү китебинде. – Атам мага ошондогу өзүнө өтө катуу из калтырган бир учурду айтып берген. Күчтүү аттары бар жоон топ адамдар аттанып, Боз-Учук айылындагы орус баселкесине (поселок) чогулуп аткан жерине барышат. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, ортодо тоодой-тоодой болгон буюм-тайым, тамак-аш күйүп, ичинде кишинин өлүгү да бар эле дечү. Каңырсык жыт, кара-көк тарткан коюу түтүнгө аралаш карчылдашып орус-кыргыз жигиттери колунда эмне куралы болсо ошонусу менен салгылашып, бири-бирине жаракат алып келип жатышкан экен. Боз-Учукта дан саткан, кийим-кече саткан дүкөндөр, ок-дары сактаган складдар бар экен. Кыязы, орустар ошону коргойбуз деп ок чыгарышканда чатак ырбап, урушка айланган окшойт. Тегерек-четтин баары биз жете электе эле талкаланып, баселке (поселок) бүт өрттөнүптүр. Мындайды мурда-кийин деле көргөн эмес элем. Акыры бирөөлөр келип тыйып, элди улам четке алып чыгып жатып араң токтотушту. Ошентип ары-бери кетип жатып элдин аргасы түгөнүп, артта куралдуу аскер келатканын, ага туруштук бере турган аскердин кемчилдигин, курал-жарактын жоктугун аргасыз моюнга алганда жай жаткан эл, катын-бала дебей, кары-жаш дебей тигилүү үйүн, жайытта малын, талаадагы данын таштап, жан аргасын сактоого далбас уруп кытайды беттеп качкандан башка айла калбай калган балам, дечү эмес беле. Ошондон кийин эл менен кошо биз да Текеске карай сүрүлүп кетпедикпи деп гана койчу. Көптө барып буулугуп, бир нерсени айтпай жатканы байкалып турар эле”.

Анын буулугуп айта албай жатканы атасынын сөөгү Турпанда калганы экен.

Ал эми таенеси 1916-жылкы “мунт” (бунт – көтөрүлүш) азабын небересинин кулагына эрикпей куя берчү.

“Үркүндө биз, таятаң болуп үй-бүлөбүз менен Текести карай качканбыз. Сенин энең 4 – 5 жашта эле. Атка мингенге да толук жарай элек кези болчу”,- деп жолдогу азап-тозокту айтып берчү.

Небересинин:

-Чет жерге качпай мобу токойго кирип кетсеңер эмне болмок?,-деген суроосуна таянеси:

-Орус аскерлери билип калса, ошондо бүт кырып салмак,- дейт.

Байбиченин уулу Асан менен Айжамалдын үйлөнүшкөнүнө жыл айлана элек. Экөөнү Кытайдагы мусапыр жашоо биротоло бөлүп коёру ойго эмес, түшкө кире элек кез.

Шааркан таенеге “Үркүн” деген сөз жакпайт, “бизди малдан бетер үрктү дегендерине такыр эле көнө алар эмесмин” дейт. Ошондон көл кылаасында апаатты “Мунт” (бунт) дешет. Айласы кеткен калк “Никелейдин аскеринин огунан качып, бала-бакырабызды коргоп калалы деп” далбасташпадыбы.

Ак тууну ээрчиген көч

Абышкасы ал кезде ойлоп көрсө жаш эле экен. Бир күнү элдин баары дүргүп алганын айтып, шашылып кирип келди. Камсыз отурган байбичеси боз үйдүн туурдугун чечип, келинин бадырак кууруганга, уулун эки койду бата кылып союуга буйруду. Калган койлорду Басылыйга (Василийге) таштап кетмей болушту. Кымыз, айран, сүзмөнү чаначтарга куюп, шашып-бушуп жолго чыгуунун камына киришти.

Абышкасынын жакын тамыры Василий буларды эч ким шек албаган жерге көчүрүп коюу үчүн келиптир. Ага Шааркан көнбөй, абышкасы экөө “эл менен бололу” деп орус досунун жардамына ырахмат айтышып, узак жолдо кереги тийчү азык-түлүгүн артынып-үртүнүп ашууну беттеген элге кошулуп жөнөп калышты.

Архив сүрөт.
Архив сүрөт.

Ар бир уруу өз желегин эш тутуп, арык тукумунун балдары Кыдыр акени ээрчип, ак туунун жанына чогулуп, көч жол алды. Жаш балдарга сүт болсун деп жетелеп алган уйду жолдон байлаган жибин чечип коё беришти, ажалы жетпесе ушул жерде жүрөр, болбосо бирөө мал кылып алар. Анан “азыр мал жыяр учурбу” дешип сапарын улантышты...

Ашууга жакындаганда элге баш-көз болгон аксакал балдардын атын жетелеп сак болууну, ашууда түтөк барын айтып катуу эскерткен эле, туу белге да чыгышты. Шамал жулкулаганы менен күн ачык болчу. Көч ашуудан төмөн түшө баштады. Төмөнтөн орус аскери Караколго жетип, жолундагыларды кырып-жоюп келатканы тууралуу кабар жетти.

Көч ашыга жүрүп калды. Алдыда дагы төрт ашуу бар, ошолордон өтүп алышса жол кыйла кыскарат. Кийинки ашууга чыгышканда шамал бурганакка айланып, күн дыбырлап барып, кар шыбыргактап, бирок да ашуудан анча кыйналбай түшүштү. Жолдо токтогон жерден колдо бар тамагын жеп эртерээк кытай жерине жетсек деп жүрүп отурушту. Балдар да кооптуу абалды сезишкен белем, ыйлабай, улуулар айтканды аткарып тынч келатышат.

Арттан келген кабарлар көпчүлүктү элейтип, үшүн алууда.

“Булумот дегени батыратып мөндүр жаагандай чайкап атат экен" дешти. Көчтө келаткандар арасында Кыдыр акени орустар үй-бүлөсү менен калыңыз дешсе болбой, "элим менен бирге болом, өлүү болсом бир чуңкурда, тирүү болсом бир дөбөдө болом" деп, чогуу келатканын айтышты. Көпчүлүктүн даанышман адамга үмүтү бийик эле.

Жол азабы Кызыл-Жар ашуусунан башталды. Бир маалда аттар тык токтоп, алдыда бараткан бирөө шагылы эшилген кумдуу кыядан төмөн тоголонуп барып “дүк” деп чоң ташка урунганы угулду. Сүрдүккөн эл эсин жыйгыча “Карма!.. Токто!..А-а!” деген балалуу аял окшойт, бешикпи, ыңырчакпы, айтор катуу бирдемелер ташка урунуп, оор онтогон үн угулду.

“Анан анын учуп баратканын көрүп турдук. Күбүргө кирип, житип кетти окшойт, жымжырт болуп калды. Кокуйлаган өкүрүк, сөгүнүп-сагынып, катуу-катуу чыккан ачуулуу үндөр угулду.”

Көчтөн калган кыз

Көч акырын жыла баштады. Аттардын бели талып, өң-алаттан кеткен балдар коркуп калышкан экен.

“Бир аз жүргөндөн кийин таштуу кыя башталды. Жол деген такыр эле жок. Койдой таштар, урчук таштар кезиге берди. Андан жылкы баласы кантип жол таап баратканына таң каласың. Жанагы учкан чоң нерсе төө окшойт. Жүгү бирдемеге илинип калып тайып кеткен көрүнөт. Аны жетелеп бараткан балалуу аял уктап кеткенби, же бечара алаксып калганбы, төөнүн буйласын дароо коё бере албай калган окшойт... Жердин баары кум, таш шиленген, сүрүлгөн, кийимдинби, төшөнчүнүнбү ташка илиген айрындылары канга боёлуп катып калган”.

Ашуу ашып, таш басып көч болушунча ылдам жүрүүгө аракет кылып келатышты. Артта куугун, орус аскерлери келсе бирин да аябайт, кырып салат. Аны карысы да, баласы да билет, ошон үчүн кыбыраган кыр ашат болуп токтолбой жүрүштү.

“Биз да акырын кыбырап бараттык. Алдыда кенен айланыш, булуңча жер бар экен. Анда эки-үч атчан токтоп турат. Өтө эле кылдаттык менен акырын бастырып баратканбыз. Мен да жеттим жанагы булуңча келген урчуктун кенен тушуна. Менин алдымдагы эрди-катын көпкө жылбай туруп калды, же аттан түшпөйт, же кетпейт. Тим эле турат, кыязы ыйлап аткандай, бети-башын сыйпалагансыйт. Бул эмне болду экен, деги жакшылык эле болгой эле деп коём. Мына, биз да чукул кирип келдик. Жанагылар арылап кетишти, аял бышактап, эри сооротконсуп атты. Оң тараптагы жар таштын түбүндөгү ыктоо жерде баланын төрт чарчы кичинекей кызыл шайы төшөгүн төшөп 4 – 5 жаштагы көздөрү бадырайган, аккан жашы кургап-кургабай токтоп, бетинин отуна жетип-жетпей туруп калган татынакай кыз отурат. Жанына койгон жыгач чөйчөктө куурулган бадырак бар экен. Анча деле толтура эмес. “Эне-е-е” – деп эки жакты элеңдей карап, оозуна чымчып бадырактан салып коёт. Анан улам жаңы келгендердин ичинде энем болуп калабы дегенсиген үмүт менен көздөрүн бакырайтып жалооруй карайт. Бул кыздын татынакайын кантейин, тим эле ичек-бооруңду эзип жибергендей сулуу кыз экен”.

Шааркан алдындагы кызын бекем кармап, эңкейип жерде олтурган наристени эңип алмакчы болду. Бирок ага абышкасы болбой, “кыздарыңды ойло” деп атын камчылап жетелеп бастырып кетти. Жамандыкта адамдар аябай боорукер же жеткен ташбоор болуп калышат тура. Жанагы наристе түн киргенде кантет деп Шааркандын санаасы тынчыбады. Өңөргөн кызын абышкасына кармата коюп ат тизгинин артка буруп, бурулуштагы кызды алып келгени жөнөдү. Абышкасы бул ирет унчукпады. Шашылып келатса алдынан айылдашы Салыйман жанагы сулуу кызды алдына өңөрүп кубанычы койнуна батпай келатат. “Кыздуу болдук” деп дүйнөсү түгөл, аны көрүп Шаарканды ичтен жеген санаасы жоголуп, баладан көзү каткан тууганынын кубанычына сүйүнүп турду.

Көчтү кыйсыпыр түшүргөн окуя Сары-Жаз дарыясына жеткен кезде башталды. Орус аскерлери арттан келип дүпүлдөтүп ок атып, чуру-чуу түшкөн эл күргүштөп кирген сууга кечүү тандабай жапырт киришти.

“Суу бетин бербей адамдар калкып агып баратыптыр. Кээси аптыга кимдир- бирөөнү чакырып жардам сурап, суудан каргып чыга калып, кайра чумуп кетип, кайра колу-буту менен чалпылдата суунун бетин ургулап жанталашып барып анан мемиреп агып кеткендерди көрүп эсеңгиреп турам.

-Кокуй-ай! Жабылуу бешик кетти. Кармагыла, бешикте бала бар окшойт. Кармагыла! – дедим үнүмдүн барынча. Эки жагымды карасам, эч ким унчукпайт. Ошондо түшүндүм, үнүм чыкпай жаткан тура. Баары эле мелтиреп сууну тиктеп, аттын оозун тартканга аракет кылып, суудагы агып бараткандарды телмире караган бойдон жээкте тизилип катып турушат. Шөкүлө агып баратат. Артындагы аппак жука желбирчеги сууда көөлгүп жайбаракат баратат. Тебетей акты. Үстүндө үкүсү суунун шапатасына жеңил гана ыргалып баратат”.

Муну пенде баласына көрсөткүлүк кылбасын, тай-кулундар, балдар, наристелер, аялдар, эркектер, карылар, айрымдары аптыгып суу жутуп, калганы жай каалгып, ачылган көздөрү көк асманды карап каалгып кетип баратышат. Бир аздан соң арттан келгендер буларды сүрүп күргүштөгөн агымга салып берчүдөй. Октун үнү сести алып, ага кирген суунун сүрү кошулуп, эл деңдароо турганда Кыдыр акенин үкүлүү тебетей кызына ок тийип, сууну кызыл-жаян кан кылып агып баратты.

Ошол жерде да кысталышта акыл тапкан азаматтар бар экен, аты күчтүү жигиттер кечмелик таап сүрдүккөн көчтү дарыяга агызбай кыйласын аман алып өтүп кетти. Элдин көбү жээкке чыгып калышкандан кийин Салыйман жана жолдон сүйүнүп таап алган кызын агызып ийгенин, сууга тумчуккан Салыйманды жанындагылары сактап калышканын айтышты. Байкуш келин аман калганына ыраазы эмес, боздосо жанына адам тура албайт. Өксүгөндөр көп, сарсанаага түшкөн, ындыны өчкөндөр толтура.

Текеске келгенден кийин элдин колундагы болгон мал-мүлкүн Кытайдын черүүлөрү тартып алып, ат минип алыс жол басып келген байкуштар жөө калышты. Анысынан да ырайымсыз жасоолдордун сулуу келин-кыздарды ата-энесине ээ кылбай колунан жетелеп кетип атышканы келгиндерди эсин эки кылды. Мусапырчылык башталды, келгиндердин арызын ким угат?! “Заматта атсыз, унаасыз жер тырмап отуруп калды”.

Мал-жандуу калкты жаңы жерде таң калтырган дагы бир көрүнүш болду.

“Кытайда ат аз болот экен. Урунгандары качыр, эшек жана жөө күлүктөр экен. Адам көп болуп, кишинин баркы жок, мал катары жумуш аткарып, арабаны жонуна, же каамытты мойнуна салып кишини, же жүктөрдү чукул арага ташып оокат кылат экен жарды-жармачтары”.

Алачыкта калган келин

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз району.
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз району.

Ошондой жерге бир жыл эптеп чыдап, кийинки жылы жерибизге кайталы деп ач-жылаңач, жөө-жалаң качып чыгышты. Булар кайтарга жакын Асандын зайыбы Айжамал келте болуп, ансыз да кыйналып аткандардын эсин чыгарбадыбы. Анын толук сакайышын күтүшсө, жерине кайта албай калышы мүмкүн. Кытай менен орус чек араны катуу кайтарып, ортодо ээн-жайкын катнаш токтолуп калган.

Жолго жүрө албаган оорулуу келинди кошуналарга табыштап түн ката жүрүп беришти. Асандын арманы ичинде калды. Анын Кытайга кайра барып келинчегин алып келишке шарты болбоду, Көлгө келгенден кийин орустардан коркуп бир жыл ашуун жашынып жашашты. Ал кезде жалгыз Асанды Кытайга жөнөтүү опуртал эле. Убакыт болсо өтө берди, орустардын таягынан оңоло албай атасы өтүп кетти. Үмүтү биротоло үзүлгөн Асан арманын жез кумгандан чыгарып, айылда жок керемет буюмду жасап салды.

“Асан абаң эң жакшы көргөн колуктусуна арнап, өзүнүн арзуусун алтын менен колону күмүшкө кошо эритип туруп калыпка куюп, кынап менен жасады. Кумгандын боорунда анча толо элек айга окшогон тегерек бар. Ал Айжамалдын Асанга берген алтын билериги экен. Ошону кумгандын бооруна уютканын карабайсыңбы! Дегеле мындай буюм элде жок. Ал ааламда бирөө эле.”

Кийин Кытайдан келген кыргыздардан Айжамалдын таржымалын угушту. Айтымда ал бечара оорудан сакайгандан кийин Асанды үч жыл күтүптүр. Үч жылдан соң үмүтү үзүлгөн Айжамал турмушка чыгып, эки кыз, бир уулдуу болуптур. Шааркан жакшы көргөн келининин бактысына чындап сүйүндү, ага бакыт каалады.

“Кандай жакшы келинимден айрылдым. Убалыңар Үркүнгө жетсин. Элди эли-жеринен ажыратып, тентиткен бадышага жетсин! Оруска дебейм, орустун да кыргыздын да боорукер, бир туугандан артыгы болот экен. Орустун да, кыргыздын да убалдан коркпогон айбандары болот тура, ылайым ошондойлорго жетсин!”.

Башка эмне дейт?! Эл башына түшкөн апааттын айынан Кыргызстандын түндүгүндө жашаган калктын теңинен көбү жок болгон. Андан аман кылгандардын бир тобу кийин сталиндик репрессияда, Экинчи дүйнөлүк согушта курман болду.

Үркүн канча үй-бүлөнү шорлотту, жаш-кары дебей ашуу белде, агыны катуу сууда сөөгү көмүлбөй калды. Ошолордун арасынан Кытайда калып кеткен Айжамал келини Шааркан үчүн өзгөчө жакын адамы эле. Анан да акылдуу кемпирдин эл башына түшкөн апаатты кийинки муун биле жүрүшү керек деген изги тилеги бар болчу. Урпактар аталарынын кандай азаптарга кабылганын, кантип жашоо-турмушун улаганын билиши шарт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG