Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Орусияда "чет элдик агент" аталган жаранга шайлоого катышууга тыюу салынды


Орусияда «чет элдик агент» деп жарыяланган киши бир дагы шайлоого катыша албай турган мыйзам жактырылды. 6-майда Мамлекеттик дума тийиштүү мыйзам долбоорун экинчи жана ага удаа үчүнчү окууда карап, кабыл алды. Залда отурган 409 депутаттын баары мындай сунушка «макул» деген добушун берди.

Бул мыйзамга ылайык, Юстиция министрлигинин «чет элдик агенттер» реестрине жана экстремисттик же террористтик уюмдун ишине байланышы бар деп таанылгандардын реестрине кирген адамдардын баары бардык деңгээлдеги шайлоолорго талапкер же байкоочу, ишенимдүү өкүл, ыйгарым укуктуу өкүл боло албайт.

Бардык деңгээлдеги депутаттар арасында аталган реестрлерге киргендер бар болсо, мыйзам иштей баштагандан кийинки жарым жыл аралыгында андан чыкпаса, депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

«Свобода» радиосунун маалыматына караганда, Мамлекеттик дума депутаттары арасында «чет элдик агенттер» жок. Москванын думасында үчөө (Дарья Беседина, Михаил Тимонов жана Евгений Ступин), Санкт-Петербургдун Мыйзам чыгаруу жыйынында бирөө (Борис Вишневский), Коми республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйынында бирөө (Виктор Воробьёв) жана муниципалдык депутаттар арасында бир нечеси бар.

Депутаттарды чектеген мыйзам долбоору шашылыш түрдө иштелип чыгып, кабыл алынышы «чет элдик агент» реестрине киргизилген айрым орусиялыктардын быйыл сентябрда Москвада шаардык думага өтө турган шайлоого өз талапкерлерин көрсөтүү демилгесине байланыштуу болушу ыктымал экени айтылууда.

Орусиянын "чет элдик агенттер" реестринде 400дөн ашуун адам бар. Алардын көбү чет элде жашашат, бирок Орусияда жашагандары да көп. Бийлик бул тизмеге киргизүү менен жарандарынын укугун бузбай турганын, сырттан каржылануучу уюмдардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү гана максаты бар экенин айтып келет.

"Чет элдик агент" тууралуу мыйзам постсоветтик өлкөлөр арасында Орусиядан кийин Казакстанда кабыл алынган. 2-апрелде ушундай эле мыйзам Кыргызстанда да иштей баштады. Адатта мындай аныктамага бийликтин ачык, калыс иштешин талап кылган, көйгөйлөрдү ачык айткан уюмдар жана адамдар туш болот. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG