Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Талаштуу ЖМК мыйзамы кайра иштелип чыгат


Журналисттер жаңы мыйзамга кабатыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:20 0:00

Журналисттер жаңы мыйзамга кабатыр

Кыргыз бийлиги "Массалык маалымат каражаттары" жөнүндө талаштуу мыйзам долбоорунун айрым беренелерин кайрадан карап чыгууга макул болду. Бул тууралуу Бишкекте өткөн сөз эркиндигинин абалын талкуулаган жыйында айтылды.

Президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүп, андан соң документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө макул болду. Бийликтин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттердин башын кошкон жыйын Кыргызстанда жарандык коом жана маалымат каражаттарына басым күчөгөн учурда өттү.

Бишкекте өткөн "Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги, мыйзам түрүндөгү демилгелер" деп аталган тегерек үстөл соңку мезгилде журналисттер менен медиа эксперттердин камтамачылыгын жараткан "Массалык маалымат каражаттары" жөнүндө жаңы мыйзам долбоорду талкуулоого арналган. Жыйынга документти иштеп чыккан президенттик администрациянын укуктук жана маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчылары, Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары, Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү баш болгон эл аралык уюмдун өкүлдөрү, чет өлкөлүк дипломаттар жана жергиликтүү журналисттер, юристтер катышты. Тегерек үстөлдү "Интерньюс Кыргызстан", "Адилет" укуктук клиникасы жана Кыргызстандагы медиалардын платформасы уюштурган.

Анда президенттин администрациясы иштеп чыккан талаштуу долбоордун кемчиликтери ачык сынга алынып, бийлик өкүлдөрү өз жүйөлөрүн айтты.

Жыйында бир гана документтин айланасында сөз болбой, өлкөдөгү жалпы сөз эркиндиги боюнча талкуу жүрдү. Буга бир нече себеп бар. Анткени жыйын Кыргызстанда жарандык коом жана көз карандысыз медиага басым күчөгөн кезге туш келди. Анын үстүнө бийлик өкүлдөрү жана эркин медианын катышуусу менен көптөн бери мындай талкуу аянтчасы уюштурула элек болчу.

Журналисттер жаңы мыйзамга кабатыр

Дал ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдаланган журналисттер жана айрым депутаттар мыйзам жана өлкөдөгү кырдаал боюнча өз ойлорун ортого салышты. Маселен, журналист Семетей Аманбеков жаңы мыйзам долбоорун киргизүү менен мамлекеттик органдар журналисттердин ишин тескөөгө кийлигишип жатканын түшүнбөсүн белгилеп, жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн улуттук коопсуздугуна эч кандай коркунуч жаратпасын билдирди.

"Журналисттер мамлекеттин биринчи жардамчысы. Улуттук коопсуздукка эмне коркунуч келтирет? Бул дезинформация, өмүргө коркунуч келтирген маалыматтарды таратуу. Бирок журналисттер өз сайтында маңзатты сатууну жарнама кылганын көрдүңөр беле? Тескерисинче, журналисттер жалган маалымат менен күрөшүүдө биринчи жардамчы".

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өлкөдө соңку кездеги эркин маалымат каражаттарына басымды сынга алып, президенттик администрация иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун токтото турууну сунуштады:

"Позитивди, айлык акы, пенсия көтөрүлгөнүн, темир жол курулуп жатканын бардык сайттар жазып жатат. Бирок өлкөдө массалык камоолор болуп жатса, адам укугун чектеген учурлар болуп жатса кантип жазбай коет? Бул мүмкүн эмес. Экинчиден, VPN жана башканын мүмкүнчүлүгү бизден көбүрөөк. Орусия, Кытай жапса жаап коет эле го. Азыр дүйнө таптакыр башка, ЖМКны жаап салам деген мүмкүн эмес. Кайсыл айылга барсаңыз ар биринин колунда бирден смартфон бар. Бүт баарынын маалымат алуу укугу бар. Анда WhatsАpp, YouЕube бардыгын жаап, "Эркин-Тоо" менен "Кыргыз-Туусун" калтырып коюш керек болот. Бардыгыбыз эле Кыргызстанга күйөбүз, мен дагы күнү-түнү өлкө өнүксө экен деп ойлогондордун биримин. "Азаттыкта", "Кактуста", бардык эле медиада иштегендер Кыргызстандын жарандары. Бизде экономика өнүгүп, дүркүрөп өсүп кетсек деген эле адам".

Бийлик сөз эркиндигин сактоого убада кылды

Жыйынга катышкан Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сөз эркиндиги Кыргызстандын жетишкендиги экенин, ага карата анча-мынча терс, мыйзамсыз көрүнүштөр болсо, дайыма каршы тура турганын белгиледи. Ал жыйында журналисттердин жоопкерчилик маселесин дагы көтөрүп, бирок бийлик өзүнө ылайыктап жазган мыйзамдын келечеги жок экенин билдирди:

Нурланбек Шакиев
Нурланбек Шакиев

"Сөз эркиндиги деп бардык нерсени ачык, терең анализдебей берип койгондон этият болушубуз керек. Негизинен так эмес, анык эмес маалыматтар боюнча мыйзам тууралуу алдыда сөз болот. Мыйзамды кабыл алууга сунушуңуздарды бересиздер, биз аны парламентте дагы талкуулайбыз. Ал мыйзам келечекке иштеш керек. Эч качан мыйзам бүгүнкү күндүн талабына ылайык жазылбашы керек деп дайыма айтам. Ар бир бийлик өзүнө ылайыктап жазган мыйзамдын келечеги болгон эмес. Тескерисинче, анын терс көрүнүшү болгон".

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев болсо Кыргызстанда мындан ары да сөз эркиндиги болорун убада кылып, бийлик журналисттердин сунуштарына кулак саларын айтты.

"Биз ар дайым талкууга ачыкпыз, сунуштарды угабыз. Сөз эркиндиги - көз карандысыздыгыбыздын жетишкендиги. Ошондуктан, мамлекет өз кезегинде сөз эркиндигин сапаттуу деңгээлде кармап турууга аракет кылат", - деди Султанбаев.

Жыйынга катышкан эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да Кыргызстандагы соңку кырдаал боюнча өз пикирлерин билдирди. Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн туруктуу координатору Антье Граве сөз эркиндиги боюнча Бишкекте өткөн жыйында эркин медиага кысым күчөсө, эл менен бийликтин ортосундагы ишенич бузула турганын айтты. Ал Кыргызстан БУУга мүчө мамлекет катары сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди алганын эске салып, эркин маалымат алуу жана сөз эркиндиги адам укуктарынын негизин түзөрүн белгиледи.

"Сөз эркиндиги, маалымат алуу эркиндиги адамдын негизги укуктары болуп эсептелет. Коом маалымат алып, сөз эркиндигине ээ болуп, кайсы бир маселеге макул эместигин көрсөтө алса, ошол мамлекет күчтүү деп эсептелет. Өкмөт отчеттуулукту жана ачыктыкты камсыз кылышы зарыл. Эркин медиага чектөө болсо коомдогу бардык көйгөйлөр көтөрүлүшү мүмкүн жана эл менен бийликтин ортосундагы ишеним бузулушу ыктымал", - деди Граве.

Жаңы мыйзамда эмнелер камтылган?

Президенттик администрация “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорду коомдук талкууга чыгарган. Долбоордун негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам азыркы замандын талабына жооп бербей калганы жазылган.

Ошондой эле маалыматтар каражаттары жөнүндө мыйзамды жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү максаты турганы, учурда күчүндө турган мыйзамда интернет аркылуу маалымат тараткан медиа каражаттарынын иши тескелбей калганы жүйө катары көрсөтүлгөн болчу.

Бул документ коомдук талкууга чыгарылган күндөн тарта эле өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыккан болчу. "Адилет" укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда "адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар" деген бүтүмгө келген эле.

"Мыйзам долбоорунун айрым жоболору көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана журналисттердин, анын ичинде чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин ишмердүүлүгүнө коркунуч келтирет. Мамлекеттик органдарга жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана кийлигишүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр берилген. ЖМКны каттоо процедурасы кыйла татаалданмакчы, ал эми бул статус тармактык басылмаларга, веб-сайттарга да колдонула баштайт", - деген жыйынтыкка келген "Адилет" укуктук клиникасы.

Юристтер мыйзам долбоорунда президенттик администрация медиа каражаттарын каттоо боюнча бир катар чектөөлөрдү коюп, жарандардын эркин маалымат алуу укугун чектегенин да кошумчалаган. Мындан сырткары журналисттик иликтөөдө колдонулчу айрым ыкмаларга тыюу салынып, медианын ишин мажбурлап токтотуу бир кыйла жеңилдетилген.

Дал ушул тобокелдиктерди эске салган медиа адистер бийликтен бул мыйзам долбоорду кабыл албоого чакырган эле.

Муну 15-ноябрдагы жыйында "Адилет" укуктук клиникасынын юристи Жылдыз Азыкова эске салып, күмөндүү нормаларды жокко чыгарууга бийлик өкүлдөрүн чакырды.

Бул мыйзам долбоор боюнча жарандык коом коңгуроо кагып чыккан, ушул аптада документ боюнча расмий орган болгон Юстиция министрлиги да терс корутунду берггени белгилүү болду. Маалыматты аталган министрлик "Азаттык" радиосуна ырастаган. Анда министрлик президенттик администрация иштеп чыккан мыйзам долбоор айрым экспертизалардан өтпөгөнүн билдирген. Бирок тиешелүү мамлекеттик орган мыйзам долбоордун кайсы бөлүгүнө макул болбогонун тактаган жок.

Дал ушул документти президенттик администрация иштеп чыкканы айтылып жатса, соңку жыйында аны конкреттүү түрдө иштеп чыккан авторлор белгилүү болду. Тагыраагы, жыйынга катышкан президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушев документти иштеп чыккан. Ал мыйзам долбоорундагы Орусиянын укуктук акттарга окшоштугун моюнуна алып, муну советтик укуктук мектептен чыкканы менен түшүндүрдү.

"Мен анализ кылган эски журналисттер менен иштешип калдым. Азыр жарыяланып жаткандар… Сөз улуттук коопсуздукту сактоо жөнүндө болуп жатат. Сирия, Иракта эмне болгонун билесиздер. Мамлекет өзүнүн маалыматык коопсуздугун сактоого укугу бар".

Укушев нацисттик Германиядагы пропаганда министри Йозеф Геббельсти мисал кылып, айрым журналисттерди анын жолдоочулары менен салыштырууга жетишти.

Бирок ал жарандык коомдун сыны, сунуштарын эске алуугу даяр экенин кайталап жатты. Жыйынтыгында Укушев мыйзам долбоорду кайрадан иштеп чыгуу үчүн журналисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан жумушчу топ түзүүгө макул болду. Ал топто жарандык коомдон 20 өкүл кириши керек. Буга кошумча документ даярдалган соң Венеция комиссиясынын экспертизасына жөнөтүүгө президенттин командасы алдын ала макулдук берди.

Буга чейин медиа коомчулук аталган комиссияга кайрылууну акыйкатчы Атыр Абдрахматовадан суранышкан эле.

"Азаттыктын" маселеси көтөрүлдү

Бишкекте өткөн жыйында "Азаттык" радиосу туш болгон соңку абал жөнүндө да сөз болду. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы кабатыр кылып жатканын белгилеп, буга мисал катары радионун сайты эки айга бөгөттөлүп, радио жана телеберүүлөрү токтотулуп, банк эсеби жабык турганын белгиледи.

"Азыркы мыйзамдар деле оңой эмес экен. Бирок ушул күнгө чейин кайсы документ, кандай чечимдин негизинде бизге каршы аракеттер көрүлүп жатканы тууралуу суроолорубузга жооп ала элекпиз. "Азаттык" бардык өлкөлөрдө жабылган, Кыргызстанда да жабыш керек" деп соцтармактарга таратып жатасыңар, ошого карата айтып коеюн: "Азаттыктын" бюролору Казакстандын Астана, Алматы шаарларында бар, Тажикстандын борборунда жайгашкан. Өзбек өкмөтү биздин жетекчиликке чыгып, "Келгиле, кайра бизге бюро ачып, жакшылап иштеңиздер" деп сунуш кылып жатат. "Азаттык" бүгүн 28 тилде чыгат. Биз ошол 28 редакциянын арасында башыбызды бийик кармап, сыймыктанып келгенбиз. "Кыргызстан цивилизациялуу өлкө, мыйзамдар иштейт, адам укугу сыйланат. Коңшу өлкөлөргө караганда эркин пресса көбүрөөк өнүккөн, анткени кыргыз элинин мүнөзү, табияты, касиети ошондой" деп сыймыктанып айтчубуз. Биз ошол боюнча кала бергибиз келет. Жер карап калгыбыз келбейт. Кандай кадамдар жасалса да, баары мыйзамдын негизинде жасалышы керек", - деди.

Жуматаева "Азаттык" Кыргызстандагы окуялардын баарын так чагылдырып, бардык тараптардын үнүн, коомдогу түрдүү пикирлерди берип келатканын кошумчалады.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медианы” каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн.

Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. Алардын "Азаттыкка" жөнөткөн расмий катында спутниктен сигналды кабыл алган жабдык (UMH 160 R) иштен чыккандыгына байланыштуу берүүлөр обого чыкпай турганы айтылат.

13-ноябрдан тартып "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн НТС каналы жана анын алдындагы "Санжыра" радиосу обого чыгарбай калды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

“Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык укук коргоо уюму кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банктагы эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алууга чакырды. Уюмдун 4-ноябрда тараткан билдирүүсүндө, “Азаттыктын” ишине тоскоолдук кылуу аракеттери токтотулушу керектиги жазылган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG