Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Журналист Болот Темиров: Ишимди уланта берем


Болот Темиров. Архивдик сүрөт.
Болот Темиров. Архивдик сүрөт.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарып, аны ошол жерден күч кызматкерлери мажбурлап алып кетишкен. Ошол эле күнү кечинде күч кызматкерлери журналистти "Манас" аэропортунан Москвага учак менен алып кетишкени белгилүү болду. "Азаттык" Москвага жаңы эле барган Болот Темиров менен байланышты.

- Болот, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунун чечими чыккандан кийин сиздин дайыныңыз билинбей, кийин Орусияга чыгарылганыңыз белгилүү болду. Сиз азыр кайдасыз?

- Мени кылмышкердей кылып алты-жети жигит аэропортко жеткирди. Эч кандай документим жок болгондуктан алар биринчи Орусиянын элчилигине кайрылып, жооп күтүп турушту. Мага «мекенине кайтаруу боюнча кагаз» алганга аракеттеништи. Бирок жетишпей калыштыбы же кыла албай коюштубу, андан кийин мени аэропорттун чек ара көзөмөлүнөн өткөрүштү. Эки-үч жылдан бери чек ара күзөтүндөгүлөр мени кеминде 5-10 мүнөт кармашчу. Бул жолу болсо бир секунд да кармашкан жок. Чуркаган бойдон өткөрүп, учакка отургузушту. Мени коштоп эки милиция кызматкери да Москвага келди.

- Чек арадан кантип өттүңүз? Жаныңызда эч кандай документ жок беле?

- Орусиянын чек арачылары менен сүйлөшүштү. Алар "жок дегенде соттун чечимин бергиле" деп сурашты, ал да жок болуп чыкты. Аягында документти сканерден өткөрүппү, айтор көчүрмөсүн жөнөтүштү. Ошол аркылуу менен сыртка чыгарышты.

- Сизде бар делинген Орусиянын паспорту жаныңызда эмес беле?

- Ооба, жок болчу. Орусиянын Чек ара кызматы Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) карайт. Алар алгач базадан карап, мен тууралуу документтерди табышты окшойт. Кийин мага бир-эки суроо берип, өткөрүштү.

- Сизди Москвада ким тосуп алды?

- Туугандарым, апам тосуп алды. Мени коштоп келген кызматкерлер Орусиянын чек арачылары менен сүйлөшүп, мени өткөргөн соң өзүнчө кетишти.

- Коштоп барган милиция кызматкерлери кайсы башкармалыктын өкүлдөрү экен?

- Алар ИИМдин терроризм жана экстремизм менен күрөшкөн 10-башкармалыгынын кызматкерлери экен.

- Болот, Бишкек шаардык сотунун чечими чыккандан кийин сиздин кайда экениңиз беймаалым болуп турду, ал маалда сиздин өмүрүңүз үчүн чочулагандар да болду. Ошол маалды кайда болдуңуз?

- Биринчи мени машинадан эле телефонуң жаныңдабы деп бир сыйра тинтишти. Анан жанымда эмес десем, "анда конторага баралы" деп, Эркиндик бульвары менен баратканыбызда, жолдон телефондон улам сүйлөшүп жатып, кийин аэропортко багыт алдык. Алар өздөрү "телефонуң жаныңда болсо, ошол аркылуу сени журналисттер таап келишмек" деп түшүндүрдү.

- Шаардык соттун чечимин кандай баалайсыз? Мындан ары журналисттик ишиңизди улантасызбы?

- Муну мага өчөшүү деп баалап жатам. Иштейбиз, жооп беребиз. Андан сырткары соттук иштерди улантып, аппеляция менен кайрылып, буларды мыйзам жолу менен жоопко тартканга аракет кылабыз. Жогорку сотко да кайрылып, кийин эл аралык сотко да берип, дүйнө боюнча алардын жүзүн ачабыз.

- Сиз Орусияда жакындарыңыздын жанында экенсиз. Ошентсе да жеке коопсуздугуңуздан чочулабайсызбы?

- Бул жакка эми эле келдим. Бир аз эс алып туруп, Орусиянын мыйзамдарын, бул окуялардын жүрүшүн, кырдаалды карап көрөйүн. Азырынча коопсуздук жөнүндө бир нерсе айта албайм. Орусия Кыргызстандагы иштер боюнча аларга баш ийеби, ийбейби, билбейм. Баш ийбейт го. Бул жакта жети жылдан бери боло элек болчумун. Баарын бир сыйра карап, анан баа берем.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG