Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:45

Болот кантип курчуду? Темировдун ишинин жагдайлары


 Болот Темиров. 22-сентябрь, 2022-жыл.
Болот Темиров. 22-сентябрь, 2022-жыл.

Бишкек шаардык сотунун иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими коомчулуктун кескин сынына кабылды. 43 жаштагы Темиров Кыргызстандагы бирден бир таанымал жана белдүү иликтөөчү журналисттердин бири. Анын курч журналисттик иликтөөлөрү эл аралык деңгээлге чейин таанылды. Журналисттин жемкорлукту ашкерелеген иликтөөлөрү коомдо курч реакцияларды жаратып келүүдө.

Болот Темиров ким?

Болот Темиров 1979-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Өзүнүн маектеринде төрт жашына чейин чоң энесинин колунда жүрүп, кийин Москва шаарында иштеген ата-энесинин колуна келгенин айтканы бар. Мектепти ошол жактан аяктаган. М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде жогорку билим алган. Кесиби социолог. Кыргызстанга 2006-жылы кайтып келип, Улуттук телерадио корпорациясына (УТРК) жумушка орношкон. 2008-жылы президенттик администрациянын катчылыгына караштуу жооптуу кызматта иштеген. Кийин бир катар телеканалдарда, медиа уюмдарда иштеп, 2018-жылдан 2021-жылга чейин FactCheck.kg cайтында башкы редакторлук кызматты аткарды.

2019-жылдын соңунда ал жетектеп турган Factcheck.kg басылмасы Бажы кызматынын мурдагы орун басары, коомчулукта “Раим миллион” деген каймана аты менен таанылган Райымбек Матраимовдун байлыгын ашкерелеген иликтөөсүн жарыялаган.

Журналист онлайн троллдордун каралоосуна кабылганын жана анын веб-сайты (DDOs) хакердик чабуулга туш болгонун айтып чыккан. 2020-жылдын январь айында үч жигит көчөдө ага капыстан кол салып, катуу сабап кетишкен. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту кол салууга төрт кишини айыптап, ар бирин 2,5 жылдан эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучулардын баары абакта отурган күндөрүнүн эсебинен жаза мөөнөтү бүттү деп эсептелип, сот залынан бошотулган.

Бурулуш учур

Ушул опурталдуу окуядан кийин Болот Темиров өз ишин токтотмок тургай, улантышы керек экенине баштагыдан бекем ишенип калганынын айтканы бар.

“Бул ишенич мага кол салышкан учурда келди. Ошол окуя дал ушул жолду тандашыма жана иликтөөлөрдү жасайм деп өзүмө өзүм сөз беришиме түрткү берген бурулуш болду”, - деп айтып берген "Азаттык" радиосу, "Клооп" OCCRP иликтөөсүндө.

Ошентип 2020-жылы Temirov LIVE долбоорун түптөп, ошол жылдын жайында алгачкы иликтөөлөрүн жарыялаган. Иликтөөлөр түшүндүрмө видеолордун форматында даярдалып, социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялана баштады.

Алгачкы жолу 2020-жылдагы парламенттик шайлоого, бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовго байланышкан иликтөөлөр жарыяланган. Андан кийин "Кыргызтемиржолу" ишканасындагы коррупциялык аракеттер жана ага ошол кездеги директор Василий Дашковдун тиешесин иликтеген. Темиров социалдык тармактарда саясий партияларды жана саясатчыларды колдогон фейк-фабрикаларды да иликтеген.

2021-жылы апрелде Бишкекте уурдалып, киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнөн соң ондогон активист аялдарга зомбулукту токтотуу жана бул кылмышты алдын-албаган ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан кетирүү талабы менен акция уюштурушканы көпчүлүктүн эсинде. Анткени үрөй учурган бул окуя ошол кезде коомчулукта курч реакцияларды жараткан. Бишкек шаардык милициясынын имаратынын алдында бул акция башталгандан көп өтпөй “бейөкмөт уюмдарга жана кумсаларга каршы экенин” айткан топ адам келип, активисттерди күч менен сүрүп чыгарган эле.

Көп өтпөй Болот Темиров ички иштер министрин колдогон митингдин далай “катышуучулары” министрликтин кызматкерлери экенин далилдеген иликтөөсүн жарыялаган. Аны улай Темировдун социалдык тармактардагы баракчаларын бузуп кирүү аракети болгон. Бул иликтөө чыккан соң Ички иштер министрлиги жооп кайтарып, анда айтылгандарды четке каккан.

2021-жылы Кыргызстанда маалыматтарды ыкчам чогултууга шарт түзгөн teskep.com аталган сайтын негиздеди. Сайттан каалоочулар ишканалар, фирмалар жеке жарандар бизнеске байланышкан маалыматтарды ала алышары айтылган.

Андан соң “Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиарддык тендер” аттуу иликтөөсү чыкты. Анда “Унаа” ишканасын Турусбек Түмөнбаев жетектей турганы жана тендер ишинде анын кызы Айгерим Тогузбаеванын фирмасы менен “кызыкчылыктар кагылышы” бар экени айтылган.

2021-жылдын соңунда "Ташиевдердин схемасы" жөнүндө "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн чыгарды.

Болотгейт: кылмыш иши, камакка алуу

Темиров камакка алынгандан кийин Бишкекте жана Ош шаарында журналисттер жана активисттер аны колдогон акция өткөргөн. Сүрөттө Темиров тергөө аяктагыча деп камактан бошотулган учуру. 23-январь, 2022-жыл.
Темиров камакка алынгандан кийин Бишкекте жана Ош шаарында журналисттер жана активисттер аны колдогон акция өткөргөн. Сүрөттө Темиров тергөө аяктагыча деп камактан бошотулган учуру. 23-январь, 2022-жыл.

Быйыл 23-январда Болот Темировду жана аны менен кызматташкан төкмө акын Болот Назаровду Бишкек шаардык милициясы камакка алган. Милиция журналистти кармоо учурунда анын кеңсесин тинтип, жанынан маңзат табылганын айтса, Темиров өзү тартип сакчыларынын бири анын чөнтөгүнө сала койгонун билдирген. Бул окуя Болот Темиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштуу иликтөөсүн жарыялагандан кийин болгон.

Temirov LIVE каналы Жалал-Абаддагы мунай иштеткен заводдон сатылган мазут жемкорлугуна Ташиевдин жана анын жакындарынын катыштыгын иликтеген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирилбегенин, тескерисинче өсүш болгонун айтып, жакындары коррупцияга аралашпаганын айтып чыккан.

Темировго жана Назаровго алгач “Маңзатын жана психотроптук заттарды сатып өткөрүү жана даярдоо” деген берене менен иш козголгон.

Кийин ага “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене да кошулган.

Айыптоо жана каралоо

"Азаттык" радиосу, "Клооп" OCCRP иликтөөсүндө Темиров “2021-жылдын декабрында чет өлкөдө жүргөн кезде анын кайниси ижарага алынган батирдеги шкафтын алдынан белгисиз жабдыктарды: санарип видеокамераны, Wi-Fi роутерин, колго жасалган заряд берүүчү аппаратты, микрофонду жана бир нече зымды таап алганын” айтып бергени бар.

Бул зымдардын жардамы менен кичинекей тешиктен конок бөлмөсүн видеого тартып турган камераны таап чыккан. Иликтөөчү журналисттер бул жабдыктардагы файлдар менен таанышып чыгышкан. Ал материалдар жашыруун жаздырып алуу аракети бир нече апта бою уланып келгенин көргөзгөн. Бирок система аралыктан башка серверге туташтырылган экен. Андыктан жабдыктар файлдарды белгисиз дарекке жөнөтүп турууга ыңгайлашкан. Көп өтпөй эле Темиров өз батиринде жаздырылганын айткан бир катар аудиолор интернетке жарыяланып, ага каршы видеолордо колдонулду.

Темировду каралаган видео драмалуу музыка менен коштолуп, белгисиз адамдын өзгөртүлгөн каардуу үнү Темировду Кыргызстанга таасир көргөзүүнү көздөгөн Батыштагы жана Орусиядагы агенттерден “акча алат” деп айыптайт. Видеодо Темиров OCCRP уюмунун кызматкери менен камера сатып алууну талкуулаган жана жубайы менен кер-мур айтышып жаткан учурда жаздырылган аудио колдонулган.

Мындан тышкары анын кеңсесинде жашыруун жаздырылып алынган үндөр да пайдаланылганын Темиров өзү айтып берген. Анын командасында иштегендерге дагы интернет аркылуу катуу чабуулдар болду.

Бийликтин жообу

Ташиев буга чейин "Болот Темиров 28 жашында Орусиядан келип, бирөөнүн аскердик билетин уурдап, өзүнүн сүрөтүн жабыштырып, ошол аскердик билет менен кыргыз паспортун алган" деп айткан. Президент Жапаров да апрелде улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде, Темиров тууралуу ушундай комментарий берген.

Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштерин журналисттик ишмердигине байланыштырып, бийликтин басымы катары сыпаттап келет. Бийлик органдары бут тосуу болуп жатканы тууралуу айыптарды четке каккан.

Иликтөөчү журналист 22-ноябрда "жалган жалаа жапты" деген негизде президент Садыр Жапаровду жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевди сотко берерин айткан. Ал мындай видеокайрылуусун 22-ноябрда Ютубдагы Temirov Live KG каналына жарыялап, жалааны жокко чыгарууну талап кыларын билдирди.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Ал эми документ жасалмалоо боюнча айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирген. Прокуратура бул чечимге каршы арызданган.

Соңку сот чечими

Бул арыз 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралды. Темиров акыркы сөзүндө күнөөсү жок экенин дагы бир жолу айтып, ага карата иш козгогон жана айып таккан күч органдарын калыстыкка чакырды.

“Тергөө да, андан кийинки соттук териштирүү да объективдүү эмес экенин билем. Азыркы бийлик тушунда укук тартибин коргоо органдары көз каранды эмес деп айта албайбыз. Ошондуктан биздин башкы максатыбыз мени кандай жол менен болсо да түрмөдөн сактап калуу эмес, жок. Негизги милдетибиз – акыйкаттыкка жетүү. Бул – менин толук акталышым. Мейли, Жогорку Сотко чейинки бардык инстанциялардан өтсөк дагы… Кыргызстанда мүмкүнчүлүктөр түгөнсө, мен түрмөдө боломбу же жокпу, биз эл аралык сотко чейин барабыз. Эл аралык сотто, мен ишенем, тергөөчү эптеп-септеп ишке кошуп койгон кагаздарды, прокуратуранын негизсиз айыптоолорун көрүп күлүшөт”, - дейт Болот Темиров.

Соңунда Бишкек шаардык соту Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Журналистти дароо сот залынан кармап, алып кетишти.

Соттук процессте мурда Кыргызстандын паспортторун жасап келген "Интел линкс" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Жумадылов 2008-2009-жылдары паспорт берүүнү жол-жоболору боюнча күбө катары сурак берген.

Болот Темиров ушул жылы "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун RSF Awards 2022 сыйлыгынын "Көз карандысыз" номинациясына көрсөтүлгөн. Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыгына татыган. Ал бүткүл дүйнө жүзү боюнча ачык-айкындуулук үчүн күрөшкөн 12 адам менен катар Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыктын ээси катары жарыяланган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG