Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Temirov Live командасына чабуул: шантаж видеону ким тарткан?


Temirov Live видеосунан алынган скриншот. Журналист кызды шантаж кылды делген баланын сүрөтү.
Temirov Live видеосунан алынган скриншот. Журналист кызды шантаж кылды делген баланын сүрөтү.

Temirov LIVE командасындагы кызды шантаж кылган атайын кызматтын өкүлү делген баланы жоопко тартуу боюнча арыз Биринчи май райондук сотунда кайра каралмай болду.

"Шантаж кылган баланы жоопко тартуу аракети"

Temirov LIVE иликтөөчүлөр тобу алардын командасындагы журналист кыздын ишеничине кирип, анын ноутбугун бузуп, экөөнүн жакын мамилесин жашыруун видеого тартып, шантаж кылган адамды мыйзам чегинде жоопко тартууга аракет кылууда.

Ал кишини жоопко тартуу боюнча арыз кайрадан Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралмай болду. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту 8-июнда кабыл алды.

Кыздын жактоочусу Бактыбек Автандил уулунун айтымында, арыз боюнча Аскер прокуратурасы иш козгоодон баш тарткан. Биринчи май райондук соту арыздын мөөнөтү өтүп кеткенин жүйө кылып, Аскер прокуратурасын колдогон.

Бактыбек Автандил уулу.
Бактыбек Автандил уулу.

“Азыркы учурда Бишкек шаардык соту арызды райондук сотко жөнөттү. Райондук сот менин өтүнүчүмдү канааттандырса, кайра шаардык сотко келип, арызды караса болот”, - деди жактоочу.

Temirov LIVE каналынын жетекчиси Болот Темиров алардын командасындагы кызды шантаж кылган адам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери деп эсептейт.

Темиров алар өз алдынча иликтөө кылып, ал баланын бетин ачууга арекет кыларын билдирди.

Болот Темиров.
Болот Темиров.

“Бул айбанчылык, ал баланын кылганы адамкерчиликке жатпайт. Аны издеп таптык, сүрөттөрү бар. Жасалама паспорт, автоунаасына жасалма номер тагып жүргөнү белгилүү. Баары ачыкка чыгат, бул күндөр да өтөт. Биз далил, маалыматтарды чогултуп жатабыз. Бул ишке катышкандардын баары жооп берет”, - деди Темиров.

"Журналист менен мамиле курган сырдуу бала ким?"

Temirov Live каналы жакында эле январь айындагы милициянын Болот Темировду маңзатка байланыштуу кармоо операциясы тууралуу кыскача иликтөөсүн чыгарган.

Анда журналист кызды шантаж кылган УКМКнын кызматкери делген 20-30 жаштагы, кара көз, кара каш баланын сүрөтүн ачык жарыялап, коомчулуктан ал жөнүндө купуя маалымат берүүнү суранган. Кийин ал адамдын атын жана азыноолок маалыматтарды чыгарышкан.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Temirov Live каналынын акыркы дооматтары боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин УКМК журналисттерге байланыштуу видеотасмалардын тарашына эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Журналист Мырзакат Тыналиев атайын кызматтын кызматкери делген бала боюнча журналисттердин далилдери ынанымдуу, так болбой жатканын, андыктан бул маселеде бир тараптуу чечим чыгаруу туура эмес экенин белгиледи.

“Журналист катары бул окуяга байкоо салып турам. Бирок чын эле ошол кызматкер, ал кыз менен байланышып Темировдун командасына барган деген маалымат тастыктала элек. Андыктан бир жактуу комментарий берүү туура эмес”, - деди Тыналиев.

"Эркин Европа/Азаттык” радиосу, OCCRP жана Kloop медиасы январь айынын аягында Болот Темировдун кармалышы алардын командасына жасалган секс-шантаж, жалган жалаа жана аңдуу жөнүндө иликтөө чыккан. Анда шантажга кабылган журналист баарын төкпөй-чачпай айтып берген.

Иликтөөдө кыздын ишеничине кирген бала анын ноутбугун бузуп кирип, экөөнүн интимдик видеосун жашыруун тартып алганы баяндалган. Ошол кездери өздөрүн УКМКнын өкүлдөрүбүз деп тааныштырган бир нече киши кыздан Темировдун иликтөөсү тууралуу маалымат берүүнү талап кылып, эгер баш тартса, анын жеке жашоосуна бүлүк салып, ата-энесинин кадыр-баркын түшүрөбүз деп коркуткан. Бир нече медианын иликтөөсүндө ал жигит Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тыңчысы болушу мүмкүн экени айтылган.

22-январда Болот Темировдун кеңсеси тинтилип, анын шериги акын Болот Назаров экөө “баңгизатка” байланыштуу кармалышкан. Алар коомчулуктун нааразылыгынан кийин үй камагына чыккан. Ошол учурларда Темировдун командасын каралаган ар кандай ыплас видеолор Интернетке тараган.

Медиакоомчулук жана бир нече укук коргоо уюмдары иликтөө менен алектенген журналисттердин Интернет буллинг, ар кандай ыплас каралоо тендециялары күчөп, бул жакшы көрүнүш эмес экенин билдирип, тынчыздануусун айтып келет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG