Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

Темировдун паспорту кандай жагдайда жараксыз деп табылды?


Болот Темиров сот залында. 18-май, 2022-жыл.
Болот Темиров сот залында. 18-май, 2022-жыл.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровго карата сот иши башталды. Темиров тергөөчүнүн чечими менен кыргыз паспорту жокко чыгарылгандыгын айтып чыкты. Документ тергөөчүнүн чечими менен жараксыз болуп калганы 17-майда нотариус кызматын пайдалануу учурунда белгилүү болгон.

"Далилдердин мыйзамдуулугу талаш жаратты"

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-майда Болот Темировго козголгон кылмыш иштери боюнча алгачкы соттук жараян өтүп, анда журналисттин адвокаты Разак Ашимбаев айыптоодогу далилдерди негизсиз деп табуу өтүнүчүн киргизди.

Болот Темиров сот залында.
Болот Темиров сот залында.

Ашимбаевдин айтымында, журналисттин кеңсесин тинтүү учурунда милиция кызматкерлери далил катары тарткан видео үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн эмес. Мындан улам айыпталуучу тарап анда табылган баңги затты күч органдары өздөрү салып коюшу мүмкүн деп эсептешет. Ошондой эле тинтүү үчүн барган күч органдарынын кызматкерлери өздөрү күбө катары көрсөтмө бергени негизсиз далил экенин белгиледи. Бирок, судья Акылбек Ашимов жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

“Бардык далилдер мыйзамдын талаптары менен топтолушу керек. Эгерде кандайдыр бир мыйзам талаптары бузулган учурда ал далил негизсиз болуп эсептелет”, - деди Ашимов.

Темировдун жактоочусу эми Бишкек шаардык сотуна арызданарын кошумчалады. Кийинки соттук иш 25-майга белгиленди.

Болот Назаров.
Болот Назаров.

Ушул эле күнү иликтөөчү журналист менен чогуу иштеген төкмө акын Болот Назаровдун дагы алгачкы соту өтүп, кийинки отурум 20-майга дайындалды. Мыйзамга ылайык, алгачкы соттук угуулар жабык өтөт. Соттун башталышында бул мыйзам тууралуу катышуучуларга түшүндүрмө берилди.

Паспорт кандайча жокко чыкты?

Ал ортодо журналист Болот Темиров ага тиешелүү кыргыз паспорту жараксыз деп табылганын айтып чыкты. Анын паспорту тергөөчүнүн чечими менен жараксыз болуп калганы 17-майда нотариус кызматын пайдалануу учурунда белгилүү болгон.

Болот Темиров.
Болот Темиров.

“Паспортум тергөөчүнүн чечими менен жараксыз деп табылыптыр. Азыр кыргыз паспортумду колдоно албайм. Биз буга макул эмеспиз. Тергөөчүдө андай укук жок. Сот ошол үчүн керек. Эң биринчи мен паспортту жасалма алганымды аныктоого тийиш. Соттун чечими менен жокко чыгат. Алдын ала чечим чыгаруу туура эмес”.

Темировдун жактоочусу паспорт боюнча сотко кайрыла турган болууда. Журналисттин ишин иликтеген Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы анын паспорту жөнүндө кийинчерээк комментарий берерин билдирди. Ал эми Башкы прокуратурадан тактап берерин маалымдашты. Ошентип, документтин кандай жол менен жараксыз деп табылганы боюнча расмий маалымат азырынча жок.

Кыргызстанда жарандын паспорту кандай жагдайда жок чыгарылары боюнча юрист Бакыт Жумашевге кайрылганыбызда, ал буларды айтып берди.

“Тергөөчүнүн токтомун көрө элекмин. Андыктан азыр так айтуу кыйын. Укук коргоо жана башка органдар жарандын паспортун кандай учурда жокко чыгарып, алып коет? Паспорт жасалма болсо, жасалма документтер менен паспорт алынган болсо, кыргыз жарандыгынан чыккан учурда, Кыргызстандан чыгууга бөгөт чарасы каралган учурда паспортун алып кое алат. Ушул жагдайлар менен ыйгарым укуктуу органдар жарандын паспортун жокко чыгарат. Азыр Темиров тергөөчүнүн токтомуна макул эмес болсо, сотко кайрылышы керек. Мындай иштерге сот чекит коет, - деди Жумашев.

Айрым жарандык активисттер муну журналистти өлкөдөн чыгаруу аракети катары боолгоп, тынчсызданып жатышат. Бирок, юрист Таттыбүбү Эргешбаева паспорт жарандын негизги документи экенин белгилеп, кандайдыр бир чечим Жогорку соттон кийин гана кабыл алынарын айтты.

"Бүгүнкү күндөгү Конституцияда бир гана Кыргызстандын жараны болушу керек деген чектөө жок. Башка өлкөнүн жарандыгын алууга шарт түзүлгөн. Болгону тармактык мыйзам жок. Башка өлкөнүн жарандыгын алган адам саясий кызматтарга бара албайт. Азыр Болот Темировдун паспорту жокко чыгып, башка өлкөнүн жараны экени аныкталган күндө дагы мыйзамдарда мамлекеттен чыгарып салуу деген жок. Соттун чечими менен гана айып пул төлөйт, кааласа чыгат, кааласа чыкпайт. Жогорку соттун чечими чыкмайынча Болот Темировду эч ким кыргызстандык эмес деп айта албайт. Учурда анын паспорту, жарандыгы боюнча маселе Жогорку сотко жете элек", - деди юрист.

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Журналист муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Жыл башында Бишкек милициясы Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси ("Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо") менен иш козгогон.

Кылмыш иштеринин козголгону журналисттин Ютубдагы Temirov Live каналында Улуттук коопсуздук комитетинин(УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жакындарынын аты аралашкан иликтөө жарыяланган учурга туш келген. Мындан улам медиа коомчулук кылмыш ишин журналистке карата басым катары баалаган.

Президент Садыр Жапаров мындай дооматтарга пикирин айтып, Темиров журналист болгону үчүн резонас жаралып жатат деп түшүндүргөн. Мыйзам алдында баары бирдей жооп берүүгө милдеттүү деп белгилеген:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошол аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Орусиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады".

Ал эми атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев иликтөөдө айтылган дооматтарды чектке кагып келет.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын айтышкан. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин Темировго коюлган айыптарды алып салууга жана анын мыйзамдуу журналисттик ишмердигин коркутуу жана куугунтуксуз жүргүзүүгө чакырышкан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG