Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

"Темировду Орусияда эмне күтөт деп кабатырбыз"


Болот Темиров. 28-сентябрь, 2022-жыл.
Болот Темиров. 28-сентябрь, 2022-жыл.

Бир катар эл аралык уюмдар иликтөөчү журналист Болот Темировду депортациялоо чечимине тынчсыздануусун билдирүүдө. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бул чечим сөз эркиндиги жана иликтөөчү журналисттердин жеке коопсуздугуна кепилдик берүү боюнча эл аралык милдеттенмелерге каршы келет деп эсептейт.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да Твиттерге ушундай билдирүү таратып, "Журналисттерге өч алуудан коркпой иштөөгө мүмкүнчүлүк берилиши керектигин, сөз эркиндиги Кыргызстандын Конституциясы менен корголгонун, бул укуктар сакталышы зарылдыгын" белгиледи.

Ушундай эле өңүттөгү билдирүүлөрдү Улуу Британиянын, Франциянын элчиликтери да таратышты. Human Rights Watch уюмунун Чыгыш Европа, Кавказ, Балкан жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уилямсон сот чечимин жокко чыгарууга чакырды. Ал Болот Темиров менен 22-ноябрда Бишкекте түшкөн сүрөтүн жарыялап, "Кыргызстандагы адам укуктарынын эң начар көрсөткүчү" деп жазды.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бюросунун жетекчиси Жанн Кавелье "Азаттыкка" курган маегинде, Темиров журналисттик ишмердиги үчүн куугунтукталып жатат деп билдирди.

- Болот Темиров боюнча чечимге уюмдун реакциясы кандай болду?

- Президент Садыр Жапаров бийликтин чуулгандуу иштерин иликтегендиги үчүн эле журналистти өлкөдөн чыгарып салуу болбойт дегенди түшүнүшү керек. Темиров коррупция, башка мыйзамсыз иштерге байланышкан иликтөөлөрдү жүргүзүп, кыргыз эли үчүн пайдалуу иш жасап келатат. "Чек арасыз кабарчылар" уюму анын куугунтукталышын журналисттик ишмердигине гана байланыштырат. Биз күбө болгон сот жараянын "пародия" деп атаса болот, бул маскаралык. Анда келтирилген укуктук аргумент суу кечпейт. Темиров буга чейин тагылган айыптар боюнча акталган. Паспорт жасалмалоо боюнча гана доомат калган, бирок жаза чегерилген эмес. Сот мыйзамсыз түрдө аны өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

Биз Темировдун депортациясын токтотууга, паспортторун кайтарып берүүгө чакырабыз.

- Кимдир бирөөнү өз өлкөсүнөн чыгаруу жазасы көп колдонулабы?

- Бул жазалоонун болуп көрбөгөндөй ыкмасы. Өзгөчө буга чейин оң чечим кабыл алынгандан кийин журналистти депортациялашат деп эч ким күткөн эмес.

- Орусиядагы абалды эске алганда, Темировдун ал өлкөгө депортацияланышы коопсуздугуна байланыштуу камтаманы күчөтөбү?

- Албетте, Орусияда Темиров бир четинен согушка мобилизацияланышы мүмкүн. Экинчи жагынан бардык журналисттердей эле ишмердиги үчүн кармалбайт деп эч ким кепил боло албайт. Орусиядагы цензуранын масштабын, жалпы атмосфераны эске алганда ар бир журналист кармалып кетүү коркунучуна туш болот. Андыктан Темировдун Орусияда абалы кандай болот деп кабатырбыз.

- Болот Темиров сиздердин уюмдун быйылкы сыйлыгына көргөзүлгөн. Ошол сыйлык тууралуу учкай айта кетесизби.

- Темиров “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун 2022-жылдагы “Көз карандысыз” деген категориядагы сыйлыгына көрсөтүлдү. Себеби дайыма соттук басым-кысымга туруштук берип, ар кандай опуза, коркутууга карабай иликтөөлөрүн жарыялоону улантып келген. Ал Кыргызстандын иликтөөчү журналистикасынын көрүнүктүү өкүлү.

Биз сыйлыктарды 30 жылдан бери ыйгарып келатабыз. Мааракелик иш чара быйыл 12-декабрда Парижде өтөт. Аземге Нобель тынчтык сыйлыгынын былтыркы лауераттарынын бири, орусиялык журналист Дмитрий Муратов катышмакчы. Уюм дүйнө жүзүндөгү журналисттердин арасынан “Эрдик”, “Таасир” жана “Көз карандысыз” деген үч категорияда талапкерлерди тандайт.

- Кыргызстандагы басма сөз эркиндигинин жалпы абалына токтоло кетесизби. Кандай көрүнүштөр сиздерди тынчсыздандырат?

- Болот Темировдун соттук куугунтугунан тышкары Кыргызстанда маалымат каражатттарына мамиледе авторитардык ыкмалар көбөйүп баратканына күбө болуудабыз.

Медиа эркиндигинин чектелиши бизди барган сайын камтама кылууда. “Азаттык” радиосунун сайты жакында эки айга бөгөттөлдү, бир нече эркин басылмаларга каршы петицияларды чогултушууда. Маалымат каражаттары жөнүндө даярдалып жаткан мыйзам сөз эркиндигине байланыштуу чоң камтама жаратат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG