Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 17:50

Парламент кыргыз-өзбек чек арасына чекит койду


Кемпир-Абад суу сактагычынын көрүнүшү

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара чек ара боюнча келишимди ратификациялап, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды.

Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишим да колдоо тапты. Ага 18 депутат каршы добуш берип, 65и колдоду.

Кыргызстанга жазылган жерлер

Жыйынга катышкан президент Садыр Жапаров Өзбекстан менен чек араны тактоодо Кыргызстан утушка ээ болгонун кайталап, депутаттарды бул маселеде жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

“Сиздерди эл мамлекеттин тагдырын чечет деп ишенип шайлаган. Тагдыр чече турган маселеде “мен ооруп жатам” деп же иш сапарга кетип калган туура эмес. Бул эл ишенимине жоопкерчиликсиз мамиле. Эч коркпоңуздар. Биз туура жолдо кетип баратабыз. Жер берип жаткан жокпуз. Тескерисинче мурдагылар берип жиберген жерлерди кайтарып алуудабыз”.

Жыйындын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасап, Кыргызстан ээлик кылчу жерлерди атады:

  • "Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын Сол жээк каналын куруп бербегени үчүн Кыргызстан Ала-Бука районундагы Гавасай участогунан 12 849 гектар жер алат. Ошол эле районго караштуу Көк-Серек аймагынан 105 гектар жер алынды. Анда Кыргызстандын жарандары жашаган айыл жана айдоо аянттары бар.
  • Баястан участогу. Ал Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан. Картографиялык материалдардын негизинде 212 гектар жайыт жер Өзбекстандыкы болгон. Биз аны Кыргызстанга калтырып жазууга жетиштик.
  • 35 гектар болгон Унгар-Тоо (Аксы району) участогу. Бул жерде бир нече уюлдук компаниялардын, мамлекеттик телеканалдардын антенналары жана радиорелей станциялары бар.
  • Ак-Таш (Кара-Суу району) участогу. Кара-Суу шаарын кеңейтүү жана саркынды сууларды тазалоочу жай куруу үчүн 100 гектар жер алууга жетиштик.
  • Ошондой эле 2017-жылдын 5-сентябрындагы келишимдин негизинде Ала-Бука районунун Көк-Серек участогунда 25 гектар жер Өзбекстанга жазылып кеткен. Жергиликтүү элдин талабы менен ал жер кайра Кыргызстандын пайдасына жазылды. Андан тышкары Шарихан каналынын башталышындагы 19,5 гектар жердин ордуна Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылы чектешкен аймактан ушундай эле жерди алдык.

"Орто-Токой Кыргызстандыкы бойдон калды"

Жыйындын жүрүшүндө депутат Нуржигит Кадырбеков парламенттин регламентине ылайык чек араны ратификациялоо үчүн Конституциялык соттун корутундусу зарылдыгын белгиледи. Ушул эле суроо менен "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын төрагасы Адахан Мадумаров Юстиция министри Аяз Баетовго кайрылды.

"Бул норма мурдагы да, жаңы да регламентте каралган. Бирок сиздер ай сайын канча эл аралык келишимдерди ратификациядан өткөрүп жатасыздар. Ал жерде ар бир мыйзамга эле министрлик корутунду бербейт. Конституциялык сот боюнча мыйзамда "Конституциялык сот кайрылуу түшкөндө жана талаш жаралган учурда корутунду берет" деп жазылып турат", - деди министр Баетов.

Мадумаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча долбоорду кароодо жарандарга басым жасалып жатканын айтып, "Камчыбек Кыдыршаевич, пикирин эркин билдиргендердин азыр каякта жатканын билесиз. Бирөөнүн ишенимин өзгөртүүгө басым жасоого тыюу салынган. "Популист болбо", "кыйкырчаак", андай-мындай деп басым жасап жатасыңар. Буга ар бир жарандын конституциялык укугу бар", - деди.

Ташиев бардык чечимдер мыйзамдын чегинде, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынып жатканын айтып, "бул маселеден кызыкчылык издеген чагымчыл тараптар бардыгын, алар менен күрөш жүрүп жатканын" белгиледи.

УКМК төрагасы айрым жерлердин Өзбекстанга өтүп кеткени боюнча коомчулукта туура эмес сөз тарап жатканын айтты.

"Орто-Токой суу сактагычы берилген жок. Анын плотинасы да, жери да Кыргызстанда болгон, ошол бойдон калды. Суу сактагычтын жери үчүн компенсацияга берилген аянт да бизге өттү. Ал үчүн Кыргызстан эч кандай милдеттенме алган жок", - деди Ташиев.

Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Маалымат боюнча Орто-Токой Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жерин сугарат.

Депутат Улукбек Ормонов “Кемпир-Абадда суу толгон жерден көчүп чыккан элдин баары ошол суу сактагычтын тегерегиндеги беш айыл өкмөтүнө жайгашканын”, суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору кылбай кармап туруу жөнүндө келишим кабыл алынган күндө деле ошол айылдар үчүн коркунуч бардыгын айтып, атайын фонд түзүүнү сунуш кылды.

Президент Жапаров фонд ачыларын айтып, ошол жердеги айылдардын социалдык көйгөйлөрү аныкталып, ага өкмөттөн жардам көрсөтүлөрү да белгилүү болду. Андан сырткары суунун жээгинен баштап 500 метрлик коргоо зонасы калтырылары, ал жерге курулуш жүргүзүүгө болбой турганы кабарланды. Ташиев мындай талап Кыргызстандын "Суу ресурстарын башкаруу жөнүндө" мыйзамында бар экенин, ал аймакка кирген үйлөрдү көчүрүү маселеси өкмөт менен макулдашылып чечилерин айтты.

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча долбоорду карап жатканда парламенттин имаратынын алдында жыйырма чакты киши чогулуп, депутаттардан документти ратификациялоодон баш тартууну талап кылды. Ушундай эле акция Өзгөн шаарында да өттү.

14-ноябрда Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы эки мамлекеттин өз ара чек ара тактоо, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырган. Премьер-министри Абдулла Арипов парламентте чек араны тактоо иштери дээрлик беш жылга созулганын, сүйлөшүү оңой-олтоң болбогонун айтып, өлкөнүн маанилүү маселелери чечилип жатканын белгилеген.

"Урматтуу президентибиздин кошуна Кыргыз Республикасы менен өз ара достук алаканы бекемдөө жаатындагы демилгелеринин негизинде чечими табылбай жаткан 35 участканы, жалпы узундугу 302 чакырымды тактоо жараяны акыркы баскычка жетти. Бул келишимге жетүүгө беш жылдан ашуун убакыт короттук", - деген Абдулла Арипов.

Кемпир-Абад маселеси

1965-жылы Кыргыз ССРи өзбек тарапка суу сактагыч куруу үчүн Өзгөн жана Кара-Суу райондорунан 5731 гектар жер бөлүп берген. Бул аянт суу сактагычты 908-горизонталына туура келет. Өзбек ССРи болсо Анжиян жана Фергана облустарынан 4127 гектар жерди кенемте катары өткөргөн.

Кыргызстандын Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдулат Мырзаев соңку сүйлөшүүдө сууну 900-горизонталга түшүрүү менен Кемпир-Абаддагы суу каптаган жердин аянты 4485 гектарга чейин азайганын 15-ноябрда тармактык комитеттин жыйынында билдирди. Ошондо кыргыз тарап берген жер менен өзбек тараптын кенемте катары ыйгарган аянтын салыштырганда, 358 гектар жер Кыргызстанга өтүшү керек болот.

"Ал жерлер үчүн Сузак жана Өзгөн райондорунан миң гектар жер аянтын бөлүп алууга макулдалышып, карталары чийилип даярдалды. Ошондо компенсация катары берилбей калган жер үчүн эки эсе көп жер алып жатабыз", - деди Мырзаев.

Кемпир-Абаддагы сууну биргелешип башкаруу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык келишими түзүлдү. Ага ылайык, суу сактагычтын тегерегинде тосмолор, инженердик-техинкалык курулуштар болбошу керек. Ошол жердеги кыргыз жарандары үчүн суу сактагычка кирүүгө, мал сугаруу, балык уулоого эч кандай тоскоолдук болбошу керектиги да камтылган.

Ал эми суу сактагычтагы сууну Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден, жалпысынан 24 адам кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин 900-горизонталдан өткөрбөй кармап туруу милдетин алат.

Кемпир-Абаддагы суунун деңгээли бир топ суроо жаратып, жергиликтүү тургандардын нааразылыгынын бир себеби да ушул болгон. "Азаттыктын" журналисттеринин атайын даярдаган видео баянына төмөндө назар салсаңыз болот:

Өзбек өкмөтүнүн версиясы

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кыргыз тарап Кемпир-Абад деп атаган суу сактагычты Ташкент "стратегиялык объект" деп эсептей турганын белгиледи жана ал Өзбекстандагы 175 миң гектардан ашык жерди, ал эми Кыргызстанда 22 миң гектар жерди сугаруу үчүн колдонуларын билдирди.

"Суу сактагычтын сыйымдуулугу 1 миллиард 576 миллион куб метрди, ээлеген жери 4957 гектар жерди түзөт. Биз ушул суу сактагыч ээлеген аянттын ордуна Анжиян облусуна караштуу Коргон-Төбө районундагы Ошахор тилкесинен 1 миң 19 гектар жайытты сунуштап жатабыз. Маалымат үчүн, Өзбекстандан 4127 гектар жер тилкеси суу сактагыч үчүн кенемте катары берилген. Суу сактагычты тейлөө үчүн Кыргызстандан 19,5 гектар жер өткөрүлүп берилип жатат. Кыргызстан менен кошуналык мамилени сактап калыш үчүн суу сактагычты айрым максатта пайдаланууга уруксат берилет. Кыргызстандын талабы суу сактагычтын чегин 906-горизонталдан 900гө чейин түшүрүү болуп жатат. Биз бул маселеде келиштик. Ошондо 1 миллиард 578 миллион куб метр суу көлөмү калат. СССР маалында, Анжиян (Кемпир-Абад -ред) суу сактагычы курулган маалда Өзбекстан сол жээктен узундугу 200дөн ашык чакырымды түзгөн канал куруп берүү милдетин алган. Бирок ар кандай себептерден улам ал курулбай калып кеткен. Мына ушунун айынан кыргыз тарап узак убакыт бою Бүргөндү массивинен 8 миңден ашык гектар жерди өздөштүрө албай калган. Кенемте төлөп берүү максатында буга чейин талаштуу болуп келген Наманган облусуна караштуу Чуст жана Пап райондорундагы Гавасай тилкесинен Кыргызстанга 12 709 гектар жайыт берүү сунушталып жатат", - деди Арипов.

Премьер Арипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстанга Ташкент эмне себептен жер бергенин түшүндүрүп жатып, бир канча жыл мурда убада кылган каналды куруу чоң чыгым экенин айтты.

"Эгер биз бул каналды жана Анжиян облусунан Баткен облусуна чейин кошумча гидротехникалык жабдууну куруп бере турган болсок, биздин бюджеттен көп каражат керек болот. Андан сырткары, Анжиян жана Фергана облустарынан 20 калк жашаган конушту которуу керек Эң кейиштүүсү - биз 2000 гектардан ашык айдоо жерибизден айрылып калышыбыз ыктымал. Ошондуктан мунун ордуна Пап жана Чуст райондорундагы Гавасай тилкесиндеги жайлоодон 12 700 гектардай жер берип жатабыз", - деди Арипов.

Өзбекстан кенемте катары берилип жаткан бул жердин жагдайын чечмеледи. Анын басымдуу бөлүгү айдоо үчүн жарабай турганын белгиледи.

"Биздин Наманган облусунан чыккан депутаттарыбыз билет, сунушталып жаткан Гавасай тилкесинин 6000 гектар жери талаштуу болуп саналат жана аны азыр негизинен Кыргызстандын жарандары колдонот. Эгер карай турган болсок, биз сунуштап жаткан 12 700 гектар жердин 8000 гектары айдоого колдонулбайт. Белгилей кетсек, азыркы учурда тажрыйбада бир гектар айдоо жери үчүн 2,5 эсеге көп жайыт берүү ыкмасы колдонулуп келет".

Касансай суу сактагычына байланыштуу жагдай

Өзбек өкмөт башчысынын сөзүнө караганда, Наманган облусунун эки районун сугарган Касансай (Орто-Токой-ред) суу сактагычы Кыргызстандын 850 гектар жерин ээлейт. Бирок суу сактагычты толугу менен Өзбекстан колдонот.

Арипов ушундан улам Кыргызстанга кенемте аталган облустан жер сунушталып жатканын, анын кайсы бир бөлүгү талаштуу болуп келгенин жана ал аймакта азыр кыргыз жарандары жашап жатканын айтты. (сөз Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылы тууралуу болуп жатат -ред.).

Мындан тышкары, 10 тилке боюнча Кыргызстан Өзбекстанга 429 гектар жер берет. Анын ордуна Өзбекстандан 294 гектар жер бермек болду.

"Бүгүнкү күндө сыйымдуулугу 165 миллион куб метрди түзгөн Касансай (Орто-Токой) суу сактагычы Наманган облусундагы Касансай жана Чуст райондорундагы 27 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн пайдаланылат. Кыргызстандын аймагында бул суу сактагычтын 850 гектар жери жайгашкан. Суу сактагыч толугу менен Өзбекстандын керектөөсү үчүн пайдаланылат. Ушул себептен улам Кыргызстанга Наманган облусунан 477 гектар жерди кенемте үчүн берүү сунушталып жатат. Анын Чуст районундагы 105 гектар жери талаштуу Каракурган массивинде жайгашкан жана ал жерде Кыргызстандын жарандары жашайт. Андан сырткары демаркация жараяны маалында Кыргызстан 10 тилкеден берчү 429 гектар жердин ордуна Өзбекстандын аймактарынан 294 гектар жерге алмашуу макулдашылды".

Арипов бул алмашчу тилкелер кайда жайгашканын тактаган жок.

Ал Фергана облусундагы Сох районунда жайгашкан, өз убагында эки өлкөнүн ортосунда катуу чырга себеп болгон Чечме булагы боюнча өкмөттөр аралык бүтүм чыгаруу макулдашылганын билдирди. Мында булакты бирге пайдалануу, тазалоо жана башка маселелер жөнгө салынат деп белгилеп, аны тараптар өзүнчө макулдашарын кошумчалады.

Унгар-Тоо боюнча табылган мунаса

Парламентте Арипов чек арадагы Үңкүр-Тоо тилкеси тууралуу мунаса табылган шартты айткан.

"Унгар-Тоодо (Үңкүр-Тоо - ред) радио-теле сигналдарын тараткан антенналар орнотулган. Кызык жагдай, анын чокусуна Өзбекстандан чыга албайсың, жол жок. Ал жакка жол Кыргызстан тараптан чыгат. Ушундай нюансы бар. Муну көптөр билбейт. Ушуга байланыштуу биз мунасага келгенбиз. Аны биз дагы, алар дагы пайдалануу сунушталып жатат. Ушундан улам биз аларга, алар бизге жер ажыратып берүүнү сунуштап жатабыз. Алар бизге чокуга чыгып-түшкөнгө шарт түзүп берип жатат. Ушундай келиштик".

Депутаттар делимитация, демаркация жараяны бүткөндөн кийин кайсы бир конуштан элди көчүрүү зарылдыгы чыгып-чыкпасына кызыгышты. Абдулла Арипов баштапкы маалыматка ылайык, 130дай үй көчүрүлөрүн, аларга кенемте катары 50 миллиард сумдан төлөнүп берилерин билдирди.

Парламентте Сох анклавынын коридор ачууга байланыштуу жагдайга кызыккандар болду. Ариипов бул маселе күн тартибинде жоктугун айтты.

"Сох эсклавынан алака кылуу үчүн жол боюнча эки тарап келишкен. Бирок коридор деген өтө кыйын нерсе. Маселени ушундай кылып күн тартибине коюу маселени туңгуюкка кептегенге барабар. Буга мисал келтирейин, куду ушундай маселе Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда турат. Бул маселеде эч качан чечим болбойт", - деди Арипов.

Либерал-демократтар фракциясынан депутат Дониёр Ганиев Кыргызстан менен Өзбекстан үчүнчү тарапты аралаштырбай чек ара маселесин чечип жатканын жетишкендик катары баалады, бирок элге маалымат жеткирүүдө кемчиликтер болгонун айтты:

"Бирок моюнга алыш керек, кыргыз-өзбек чек арасындагы тактоо иштери тууралуу акыркы маалыматтар жарыяланганга чейин социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында түрдүү кабарлар чыгып, ар башка талданды. Бул Кыргызстанда да, Өзбекстанда байкалды. Эки өлкөнүн өз ара келишимге жетишин каалабаган тараптар мындан пайдаланып, алмашылып жаткан жердин көлөмүн түрдүүчө талдашты".

Өзбек өкмөт башчысы сөзүн жыйынтыктап жатып, чек араны тактоо эки өлкө ортосундагы алака-катышты жакшыртарын белгиледи.

"Азыркы учурда суу ресурстары товар катары сунушталып жаткан маалда транс чек аралык дарыяларды, суу ресурстарын пайдалануу боюнча узак мөөнөттүү келишим түзүүгө негиз болот. Чыңалууну жоюу эки боордош мамлекеттин ортосундагы мамилени калыбына келтирүүгө өбөлгө болот, суу ресурстарын пайдалануу боюнча узак мөөнөттөгү аймактык келишимге кол коюлат. Ошондой эле 8000 дыйкан туруктуу суу менен камсыз болот".

Өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы бир добуштан кабыл алган мыйзам долбоору эми Сенатка жөнөтүлөт. Азырынча анын так датасы белгисиз.

3-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, өкмөттөр ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик “Кабар” агенттигине курган маегинде кош башкарууда “кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын” билдирген.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

  • 16x9 Image

    Элеонора Бейшенбек кызы

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG