Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:34

Парламент комитети Кемпир-Абад боюнча суу келишимин колдоду


Кемпир-Абад суу сактагычы, Ош облусу. Октябрь, 2022-жыл.
Кемпир-Абад суу сактагычы, Ош облусу. Октябрь, 2022-жыл.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун жактырды.

Бул бийлик менен оппозициянын тирешине алып келген суу сактагыч боюнча парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети колдогон экинчи документ болуп калды. Буга чейин комитет кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун жактырып, бирок чечимге кол коюлбай калган.

“Талабы татаал макулдашуу”

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырды.

Жабык өткөн жыйындагы добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков, Эрулан Көкүлов жана Нуржигит Кадырбеков маселенин каралышына каршылык көрсөтүп чыгып кетишкен. Адахан Мадумаров макулдашуунун долбоорунда Кыргызстанга бир топ татаал шарттар коюлганын журналисттерге айтып берди.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

“Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип колдонуу жөнүндө келишим түзүшүптүр. Бул деген “Мен сенин корооңо кирип бардым. Сенин корооңдо жашайм бирок сен менин шартыма көнөсүң” деген өтө катуу басмырлоо. 11 беренеден турган сабатсыз макулдашууну түзүшүптүр. Биз сууну камсыз кылып беришибиз керек экен. Сууну тазалап да беришибиз керек экен. 900-горизонталдан ашпайт деп атышпайбы, жок, форс-мажордук кырдаалдарда андан ашып кетүү ыктымалдыгы да айтылып жатат. Сүйлөшүүлөрдө Өзбекстан Кыргызстанга эч качан утулган эмес. Булар өзүнө алган милдеттенмелерин эч качан аткарган да эмес жана аткарбайт”.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Кыргыз тараптын комиссиясын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору, өзбек тараптыкын суу чарба министри жетектейт.

Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган. Тараптар мындай учурда суу сактагычтагы суунун деңгээли горизонталь боюнча 900дөн жогору болушу мүмкүн экенин тааный турганы белгиленген. Өзбек тарап биргелешкен комиссиянын кыргызстандык өкүлдөрүн суу сактагычка паспортун көрсөтсө, текшерип киргизет. Суу сактагычтын аймагында жүрүшү үчүн башка талаптарды койбойт.

Депутат Нуржигит Кадырбеков кыргыз-өзбек чек арасын тактоо ишинде Кемпир-Абад маселесине мораторий киргизүү сунушун берди.

Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

“Президент балким, жакшы ниет менен чек араны толук чечейин, кошуналар менен ынтымакта бололу, чек ара чыры чыкпасын деп ойлоп аткандыр. Бул жакшы. Бирок бул жакшы ой деле адашпастыктын кепилдиги эмес да. Ошондуктан шашпаш керек. Мен башка маселелер боюнча эл аралап келдим. Бирок көпчүлүк ушул маселе боюнча кайрылып, кыжалат болуп жатат. Казино боюнча мыйзамга каршы болдук. Ал өтүп кетти. Бирок аны кийин оңдоп кетсек болот. Чек ара болсо бир чечилет. Андан кийин оңдоп коё албайбыз да. Ушундан улам шашпай турсак. Элдин нааразылыгына карабай чечим кабыл алып койгондо жыйынтыгы жакшы болбой калат”.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусуна байланыштуу макулдашууну комитеттин мүчөлөрү, депутаттар Улан Примов (“Ата Журт Кыргызстан”), Чолпон Султанбекова (“Ишеним”), Лейла Лурова (“Ынтымак”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Ырысбек Атажанов (“Мекенчил” депутаттык тобу), Улан Бакасов (“Мекенчил” депутаттык тобу) жана Жылдыз Таалайбек кызы (“Ишеним) колдогон. Комитеттин жалпы 14 мүчөсү бар.

Макулдашууну колдогондордун жүйөсү

Эки тараптуу макулдашуу кабыл алынса, Өзбекстан Кыргызстандын жарандарынын суу сактагычтын суусуна эркин кирүүсүнө жана мал сугарып, сугатка пайдалануусуна, балык уулоого тоскоол болбошу керек. Суу сактагычтын чөйчөкчөсүнүн айланасына ар кандай курулуштарды курулбашы зарыл. Ошондой эле бул макулдашуу денонсацияланбайт.

“Көп жылдан бери Кыргызстандын жарандары Кемпир-Абаддын жанына жолой албай келген. Эми макулдашуу кабыл алынса, сууну эки тарап тең укукта колдонууга шарт түзүлөт. Жергиликтүү эл суу алса, булак уласа болот. Комитеттин жыйынында сууну биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу жактырылды. Бул Кемпир-Абад кетти деген сөз эмес. Документтин баары Жогорку Кеңешке келип, 90 депутаттын колдоосу менен ратификациядан өткөндөн кийин гана Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга берилди десе болот”, - деди макулдашууну колдогон депутат Миргүл Темирбаева.

Кыргыз бийлиги Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча бул макулдашууну Кыргызстан үчүн олжо катары сыпаттап келет. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр март айында кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу маалымат берип жатып, суу сактагыч боюнча мындай деген:

“Эгерде мурда Кемпир-Абаддын чөйчөгү толуп жээкке чейин чыгып, ал жакта жашаган үйлөргө суу кирген болсо эми андай болбойт. Себеби мурда Кемпир-Абаддагы суунун деңгээли горизонталь боюнча 908 менен каралчу. Эми 900 менен каралып, суу жээкке чейин чыкпайт. Ошол эле учурда биздин жарандар сууну пайдаланса, малын сугарса болот. Балык кармайт. Алар тараптан сууну кайтаргандай мурдагыдай катерлер менен жүрбөйт. Муну эки мамлекеттин макулдашуусу менен чечебиз. Ошондой эле суунун чекесине эч кандай тосмо койбойт”.

Кемпир-Абад: Суунун чеги суроо жаратууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:31 0:00

Жогорку Кеңештин тармактык комитети колдогон акыркы макулдашуу Кемпир-Абадга байланыштуу бул комитет жактырган экинчи документ. Комитет 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен колдогон.

Комитеттин ошол кездеги төрагасы, депутат Чыңгыз Айдарбеков долбоорго каршы добуш берип, тиешелүү чечимге кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга документтер толук берилбегени менен түшүндүргөн. Көп өтпөй Айдарбеков комитет төрагалыгынан алынып, ордуна депутат Улан Примов шайланган.

Мирзиёевге кайрылуу

Ал тапта “Кемпир-Абадды коргоо” комитети Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге ачык кайрылуу жолдоду. Анын мүчөлөрү Мирзиёевден Кемпир-Абад маселесинин тегерегиндеги талаштуу маселелер ачыкталганга чейин макулдашууга кол коюуну жылдырып турууну суранышты.

“Кемпир-Абадды коргоо” комитетинин дээрлик бардык мүчөлөрү - жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-24-октябрда кармалып, “калайман башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен эки айга камакка алынган.

Саясат талдоочу Айбек Теңизбаев талаштуу маселелерде бийлик эске алышы керек болгон жагдайларга токтолду:

“Саясий менежмент деген өтө маанилүү илимий багыт бар. Анын негизинде бийлик кайсы бир маанилүү чечимди даярдап жатканда сөзсүз экинчи баскычы катары коомчулуктун, оппозициянын колдоосун алууга аракет кылышы керек. Ал туура экенин түшүндүрүп, ынандырышы зарыл. Андан кийин гана кол коюу жана башка иштерге өтсө болот. Экинчи баскычты эске албай туруп эле чечим кабыл алуу жакшылык менен бүтпөйт. Себеби элдин, оппозициялык кыймылдардын нааразылыгы дагы күчөйт. Кемпир-Абад боюнча азыр консенсус жок. Бийлик күчкө эле таянып жатат. Түшүндүрүү иштери болсо майнаптуу эмес. Ал да демократиялуу жол менен жүргүзүлгөн жок”.

Кемпир-Абад маселеси боюнча президент Садыр Жапаров биринчи жолу Өзгөндө жергиликтүү эл менен жабык жыйында жолуккан. Кийин келишимге каршы чыккан саясатчыларды, жарандык коомдун өкүлдөрүн президенттик администрациянын имаратына чогулткан. Бул жыйын да жабык өтүп суроо-жооп болгон. Садыр Жапаров каршы болгон саясатчылардын айрымдары менен жекече жолугуп, кенен маалымат бергенин билдирген.

Кемпир-Абад – совет доорунда Өзбекстандын пахта аянттарын сугаруу үчүн коңшу өлкөнүн каражатына курулган суу сактагыч. Анын курулушу 1969-жылы башталып, 1983-жылы бүткөрүлгөн. Ага Куршаб, Кара-Дарыя, Заргер дарыялары куят.

Сууну бууп турган дамбанын бийиктиги 105 метрге жетип так ортосунан кыргыз-өзбек чек арасы өтөт. Дамбанын Кыргызстанга таандык бөлүгүндө Өзбекстандын эки ГЭСи бар. Биринчи ГЭС 1985-жылы, экинчиси ГЭС 2010-жылы ишке берилген. Экөөнүн кубаттуулугу 190 мегаватт.

Кемпир-Абаддан Өзбекстандын 2 миллион гектардай айдоо жерине суу берилип, ага жакын райондордогу тургундары таза суу ичет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG